“Кыргыздар Кыргызстандын Коопсуздугу” аталышындагы сыясы кургай элек китепке УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин дал ушундай пикирдеги баш сөзү жарыяланды.
Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек Сыдыкбаев, УКМКнын отставкадагы полковниктери Бактыбек Алиев менен Болотбек Абдрахмановдордун калеми астында жарык көргөн бул китептеги маалыматтар кыргыз этносунун тарыхый жолундагы орчундуу мезгилдерди чагылдырат. Эмгектин башкы объектиси – кыргыз тарыхындагы коопсуздук маселелер, кыргыз этносунун тарыхы, сабактары, андагы опурталдуу мезгилдер, мамлекет, мамлекеттик түзүлүштөр жана жалпы эле өлкөбүздүн коопсуздугу ташка тамга баскандай кеңири маанайда баяндалган. Айрыкча, “Азыркы геосаясий процесстердеги КРнын улуттук кызыкчылыктарынын жана коопсуздугунун ММКда чагылдырылышы” аттуу докторлук темада изилдөө жүргүзүп келген Чолпонбек Сыдыкбаев бул эмгекте улуттун, мамлекеттин бүтүндүгү, калктын жашоосу – коопсуздукка түз байланыштуу маселе экендигин окурмандарга жеткиликтүү тилде ажыратып, талдап берген. Дегеле коопсуздук темасын Чолпонбек Сыдыкбаев мезгилдүү басма сөзгө жарыялаган аналитикалык мазмундагы таамай жазылган макалалары, салмактуу маектери аркылуу буга дейре далай ирет чечмелеп келген.
Китептин бет ачар аземи жакынкы күндөрү УКМКнын алдындагы генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академияда ачылаары күтүлүүдө. Бул жаатта кыргыз тилинде мурда-кийин мындай ири илимий эмгектин дээрлик жарык көрбөгөнүн эске алганда китеп бүйүр кызыткан, мазмундуу материалы менен окурман журтчулугун кайдыгер калтырбаса керек. Басылма келечектеги өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатына күзөтчүлүк кылчу офицерлерге, илим изилдөөчү аспирант, магистранттарга өзгөчө баалуу табылга экени китепти барактагандардын баарына белгилүү болду.
Калыгул Бейшекеев