"Эркин-Тоо"

Кореяда ийгилик жараткан кыргыз кызы

Роза Кылычова  Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылында чоңоюп, Ленин атындагы орто мектепти аяктап, андан соң Баткен мамлекеттик университетинен кыргыз тили жана адабият факультетин бүтүргөн. Ушу тапта Түштүк Кореянын Енгнам университетинде магистр даражасын ийгиликтүү аяктап, докторантурада билимин улантып жаткан кыргыз кызы. Кесиби боюнча мугалим жана котормочу. Ал чет жердеги жашоосу тууралуу ой бөлүштү.

 МАКСАТКА КАРАЙ КАДАМ МЕНЕН ЧОҢ ЭШИКТЕР АЧЫЛАТ

— Мен 42 жашымда Кореяга магистр даражасын алуу үчүн окууга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, азыркы тапта докторантурада билимимди улантып жатамын. Кореяда окууга тапшыруу үчүн  адамдын жаш чектөөсү жок экенин билгенимде аябай кубангам. Бир учурда четте билим алуу мага кол жеткистей сезилет эле. Аракет менен эмгек гана бардык максаттарыңа алып бараарына ынандым. Анан албетте ата-энемдин берген тарбиясы, багыты да себепчи болгонун белгилейм. Бишкекте жүргөнүмдө корей тилин өз алдынча үйрөнө баштадым, бул өлкөнүн кино сериалдарын көрүп жүргөнүм да корей тилине кызыгуума түрткү болду. Ошол учурда   корей тилин Бишкетеги жогорку окуу жайларга кирип үйрөнүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүм да жок болчу. Болгону аябай чоң каалоом гана  бар эле. Алгачкы   аракеттерим корей тилин акысыз окуткан ‘Бишкектеги корей тили борбору болду. Борборго дароо  жазылып, корей тилин окуй баштадым.  Ал окуу борбору мен жашаган жерден  күнүнө 3 сааттан ашык убакытты талап кылган аралыкта жайгашкан. Бирок, мен ал убакытка да кайыл болуп окуп баштадым жана жолго кеткен убакытты болсо сөздөрдү кайталап жаттоочу убакытка айланттым. Үйрөнгөн билимимди практика кылуу үчүн Бишкекке  Кореядан келген адамдар менен байланышып жардам берип,  ар кандай программа же лагерлерде валонтер болууга аракеттерди жасай бердим.  Тилди башка студенттер сыяктуу жогорку окуу жайдан эмес, жөн эле акысыз курстан 3 жыл  окуп, үйрөнүп Кореяга окууга өттүм. Кореянын атайын  фонду тарабынан уюшулган  5 миллион корей валютасы менен төлөнүүчү  стидепендиялык программаны утуп, азыркыга чейин Кореянын Седжонг фонду тарабынан берилүүчү стипендиясын алам. Учурда докторантурада окуу менен бирге  Кореянын орто класстардын мектебинде котормочу ментор болуп иштейм. Жакында  кореялык  Седжонг фонду тарабынан жазылган “Айыл чарба жана балык чарба кызматкерлери үчүн оңой корей тили” китебин корей тилинен кыргыз тилине котордум. Китепти  учурда Кыргызстандан Кореяга сезондук жумушка даярданып жаткан жумушчулар колдонуп жатат. Баса белгилей кетким келген нерсе, максатыбызды көз алдыбызга элестетип  мурда ким болбойлу жана азыр кандай абалда экенибизге карабай, эрте же кеч болду деп койбой,  максатка карай  умтулуп, кичинекей кадамдарды баштасак сөзсүз чоң эшиктер ачылаарына ишенүү керек.

Мен окуп жаткан  Енгнам университети, Кореянын алдыңкы окуу жайларынын катарына кирет. Бул өлкөдө  билим берүүнүн артыкчылыктары көп. Университеттердин сайтында ар бир студенттин  баракчасы бар,  анда студент тууралуу  бардык маалыматы камтылган. Бул окуу жайда 10го жакын кыргызстандыктар билим алып жатышат. Алар тил курстарында, магистр, аспирантурада окугандары бар.  Окуу жайдын  китепканасы 16 кабаттуу имарат.  Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ал эле эмес изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн да атайын бөлмөлөр орун алган.  Бардыгы онлайн аркылуу ишке ашырылат.

 ОКУУЧУЛАР ТЕЛЕФОН КОЛДОНУШПАЙТ

— Ал эми мектеп билим берүү системасы болсо аябай өзгөчө экендигин айтууга болот. Мен мүмкүнчүлүк болсо Кыргызстандын билим берүү тармагына  Кореядагы билим берүү системасынын артыкчылыктары тууралуу бөлүшкүм келет. Кызым да бул өлкөнүн мектебинде билим алат. Мектеп окуучуларын күн сайын өз кварталына караштуу автобустары ташыйт. Бардык кызмат балдар үчүн  акысыз. Автобуста айдоочудан сырткары балдарды көзөмөлдөгөн мугалим да күн сайын чогуу болот.  Мектепте балдарга  ысык тамак берилет.  Ал гана эмес окуучунун мектеп формасына чейин мамлекет тарабынан акчалай көмөк пул бөлүнөт.  Окуучуларга 1- класстан 6-класска чейин баа коюшпайт жана баа койгон учурда да ата энелерге гана баалары көрсөтүлөт.  Окуучулар сабактан кечигип же туура эмес кылган учурда да ал окуучуну башка окуучулардын жанында талкуулап сүйлөшүүгө болбойт. Эгерде окуучу ката кетирсе, сабакка кечиксе, сабактан калса окуучунун топтогон балынан кемитишет же  классты жыйнаганга жардам берет. Окуучулар мамлекеттик экзамен тапшырган күнү бүткүл Кореянын (мектептен башка) мекемелери жумуш убактысын бир саат артка жылдырышат.  Бул балдарды сыйлоо жана алардын экзаменге кечигип калбоосу үчүн жолдорду бошотуп берүү үчүн жасалат.  Ал эле эмес окуучулар экзамен берүүчү күнү Кореяда асмандан самолеттор учпайт. Самолеттун үнү экзаменге тоскоол болот деп ал күнү бүткүл Кореяда асманда самолеттун учуусуна тыю салынат. Бул системалардын кээ бирөөлөрүн мекенибизде болуусун каалайт элем. Корея санариптүү өлкө, алдыда экенин талашсыз.  Ал эми мектептерде окуучуларга телефон колдонууга тыюу салынган. Класска кирери менен мугалимге телефондорун тапшырышат. Мектептен кайткан учурда гана телефондорун алып кетишет. Эгерде ата энелер сабак учурунда окуучу менен байланышуу керек болсо мугалим менен байланышат.

ЖЕҢИЛДИК ЖАНА МҮМКҮНЧҮКТӨР КӨБӨЙДҮ

— Азыркы учурда Кореяга окууга тапшыруу үчүн жеңилдиктер жана мүмкүнчүктөр көп. Мисалга алсам мурда окууга өтүүгө корей тилин жогорку деңгээлде билүү зарыл болсо учурда анчалык жогорку деңгээл эмес болсо да окууга тапшырууга мүмкүн.  Ал эми жогорку деңгеелдеги студенттер үчүн 50%дан 100%га чейин акысыз окуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Айтаарым,  канча жашта болсоңуз да максатка карай жаңы кадамдарды баштоо эч качан кеч эмес. Интеренттин жардамы менен  туура жана пайдалуу маалыматтарды алууга болот.

БИЛИМДҮҮЛӨР ГАНА КООМДУ АЛДЫГА ЖЫЛДЫРА АЛАТ

— Жакында эле университетте бакалаврда окуган корей студенттерге Кыргызстан жөнүндө сабак өтүп берүүнү суранышкан. Мен албетте сүйүктүү Кыргызстанымдын маданий баалуулуктарын, Туубузду символдорду, туризм, көчмөн элибиздин өзгөчөлүктөрүн анын ичинде “көк бөрү”, “кыз куумай”, “тушоо кесүү” сыяктуу каада салттарын, кыргыз музыкалык аспаптарын анын ичинде комуздун өзгөчөлүктөрүн жана “кара жорго” бийин сыймыктануу менен презентация аркылуу сабак өттүм. Кыргызстан боюнча иш-чараларга мүмкүн болушунча  көбүрөөк катышып Кыргызстанды таанытууга аракет кылам. Кыргызстанга короновирус учурунда магистрда  окуган убактымда баруу кыйын болду.  Алдыда эс алууга чыксак эле өлкөмө шашылам.

Сиз бир кадам койсоңуз, Жараткан сиздин максаттарыңызды эки кадам жакындатып бере алат демекчимин. Келечекте, өз өлкөмдүн билим берүү тармагына жаңы багыттар менен иштөө тилегим бар. Билимдүү жарандар гана коомду алдыга жылдыра алышат.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!