Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия – Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери – коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Бул иш-чара кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Марат Иманкулов Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана баңги аткезчилигинин, өзгөчө Афганистандын аймагынан келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы кызыкчылык бар экенин баса белгиледи. Марат Иманкуловдун айтымында, кыргыз-индия мамилелери эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлордо оң жагына өнүгүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан менен Индия достугу бекем жана эки тараптуу мамилелер өнөктөштүк мамиледе курулган.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА

