Дүйнө эли бир жылдан ашык убакыт бою коронавирус илдетинен коркуп жашап келет. Дартты жуктуруп алгандардын коркуу сезимдери эселеп күчтүү болууда. Андыктан америкалык психологдор вирус жуктуруп алгандарга кандай жардамдарды берүү керектиги боюнча бир нече сунуштарды айтышыптыр.
Ооруп калган адам менен сүйлөшүү керек
Дартты жуктуруп алган же андан коркуп жаткан адам менен сүйлөшүп туруу аны депрессиядан сактайт. Анда кандай сезимдер болуп жаткандыгын сурап, акыбалына көңүл буруп тууру зарыл. Эгер адам өзүн жаман сезип жатса, ал да өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп туруусу керек. Паникага алдырган адамды урушуп, жектөө туура эмес, аны түшүнүү гана керек. Ар кандай кырдаал тууралуу ойлонууну токтотуп, илдетти жеңүүгө багыт алыш керек.
Жаңылыктарды окуганды токтотуу зарыл
Ооруп калган адамды жаңылыктарды окуудан алыстатып туруу зарыл. Ал телевизор жана телефондон оолак жатышы керек. Жаман маалымат адамды депрессияга алып келет. Андан иммундук система жабыркап, адам айыга албай кыйналат. Эгер басууга дарман болсо маалымат окугандын ордуна иш кылып, күнүмдүк турмуш менен алпурушуп туруу керек.
Ойлонуу убактысын жылдыруу
Психологдор жаман ойлордон арылуунун бир жолун айтыптыр. Ал ойлонуунун убактысын жылдыруу. Мисалы: Сиз жаман ойлорду ойлой баштаганда эле бул тууралуу мен саат 13.00 дө гана ойлонушум керек деп план кылып аласыз. Ошол убакыт келгенде сиз башка ойлор менен алаксып калган болосуз.
Баарын акылга салыңыз
Акылдуу адамдар менен сүйлөшүп, дарыгерлердин айткандарын угуу керек. Алардын айткандарын тез-тезден жасоо зарыл. Элдик медицинанын жолу менен баруу да жолтоо болбойт. Башкысы айыгуу керек. Эгер сиз тамакты чайкоодон өзүңүздү жеңил сезип жатсаңыз аны жасоо керек.
Көңүл көтөрүү
Музыка угуу, кино көрүү сиздин невдин чыңалуусун токтотот. Дарманыңыз болсо кыймылдоо керек. Психологдор ооруп жаткан адамга кызыктуу серил көрүүнү сунуштап жатышат. Анткени алар сериал тууралуу ойлонуп илдетти унуткарышат. Күлүү керек. Бакыттын гармондору адамды илдеттен куткарат.
Коркпоңуз
Вирустун өзүнүн таасири жана көбөйтүлгөн таасири болот. Мисалы, вирустун таасири 5% болсо, коркконуңуз үчүн таасир 50-80 пайызга чейин жогорулайт. Ушул себептен да коркуунун такыр кереги жок.