"Эркин-Тоо"
Медицина

Коронавирус болгондордон «кара» көк дат аныкталды

Аргентинада коронавирус менен ооруган бейтаптан «кара» көк дат дарты аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, бул өлкөдөгү алгачкы учур.

«Аргентинанын Улуттук саламаттыкты көзөмөлдөө борборуна «кара» көк дат оорусу, башкача айтканда мукормикоз менен жабыркаган бейтап катталган. Маалыматка ылайык, ал Формос провинциясынын 47 жаштагы тургуну. Ал буга чейин COVID-19 илдетине чалдыккан», — деп ведомствонун расмий тараткан билдирүүсүнө таянып, РИА Новости жазды.

Буга чейин TN телеканалы Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Буэнос-Айресте 35 жаштагы эркек кишинин коронавирус менен ооругандан кийин каза болгонун жана ал мукормикоз менен жабыркаганын божомолдоп, иликтөө жүрүп жатат, деген билдирүүсүн айткан. Мукормикоз — бул көк даттын өөрчүп кетишинен келип чыккан илдет. Дарыгерлердин айтымында мукормикозго кант диабети менен жабыркагандар жана коронавирус менен ооруп, иммунитети түшүп кеткен бейтаптар кабылышы мүмкүн.

Дүйнөдө COVID-19 боюнча статистика жүргүзгөн Джон Хопкинс Университетинин берген маалыматына ылайык, Аргентинада коронавируска чалдыккандардын саны — 4 258 394 адамга жетти.