Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом каралууда. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал өтө курчуп кеткен учурда каржылоо бөлүгүнө киргизилген.
Ошондөй эле, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык мекемелердин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймакка тартылган жарандарга компенсация төлөө үчүн 500 миллион сом каралары белгилүү болду.
Мындан тышкары, министрлик COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн эл аралык донорлорго кайрылып, Өкмөт коронавирус менен күрөшүүгө донорлордон каражат тартуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берди деп билдирет Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы.