"Эркин-Тоо"

Коронавирус менен ооруп айыккандар кандай ооруларга кабылышат? Вирустун кесепеттери.

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирус мене ооруган адамдардын саны мүнөт санап өсүүдө. COVID-19 менен ооруп айыккандар кандай өнөкөт ооруларга кабылышат?

Ачыгын айтканд,а коронавирус менен “ооруп айыкты” деген статус — бул адамдын оорудан толук айыкты дегенден кабар бербейт. Коронавирус адамдын ден соолугуна өтө чоң сокку болуп, айрым учурларда оор кесепеттерин берет.

Коронавирус менен ооруп, айыккандар кандай чараларды көрүшү керек? Ден соолугунда болуп жаткан кандай өзгөрүүлөргө маани берүүлөрү керек?

COVID-19 адамдын ден соолугуна терс кесепетин сөзсүз берет. Мисалы жүрөк, кан-тамыр, өпкө, мээ, бөйрөк жана башка органдарга залалын тийгизет. Илдетке кабылгандар өз мезгилинде дарыланып, кесепеттерин алдын албаса, адамдын ден соолугун кайрадан калыбына келтирүү татаал процесс. Бардык вирустук пневмониялар өзүнүн терс кесепеттерин калтырат. Эң биринчиден бул өпкө фиброзу. Фиброздон улам өпкө өзүнүн функциясын толук кандуу аткарбай калат. Мындан тышкары, COVID-19 менен ооруп айыккандар демигүүгө кабылышат. Жабыркаган өпкө адамдын организмин кычкылтек менен толук кандуу камсыздабай калат. Өпкөдөгү мындай өзгөрүүлөргө убагында кам көрбөсө, калыбына келбейт. Андыктан, COVID-19 менен ооруп айыккандар бир жылга чейин дагы бир ирет контролдук компьютердик томографиядан өтүшү керектелет. Эгерде КТда өпкө ткандары өтө тыгыз же кеңейип кеткен болсо, анда дарылануу зарыл.

 Бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бир гана дем алуу гимнастикаларын жасоо жетишсиз. Бейтапка ингаляция жасатып, физиотерапиядан өткөрүп, аэробдук көнүгүүлөрдүн комплексин жасатуу керек. Мисалы, сууда сүзүү дагы жакшы жыйынтык берет. COVID-19 аритмиямынын пайда болушуна шарт түзүп, жүрөктүн иштешин начарлатып, өчүшүп кетсе инфаркт миокардага чейин жеткирет. Өзгөчө жүрөк, кан-тамыр оорулуулар өзүнө болуп көрбөгөндөй кам көрүшү керектелет. Эгерде, жүрөктүн иштешинин өзгөргөнүн байкасаңыз, же өзүңүздү начар сезсеңиз, анда дароо дарыгерге кайрылышыңыз керек.

COVID-19 менен ооруп, айыккандардын иммунитети сөзсүз түрдө түшөт. Себеби, кандын түзүмүндөгү лимфоциттер азайып, узак мөөнөткө чейин калыбына келбейт. Коронавирустан толук айыктым деген күндө да, кандагы клеткаларда өзгөрүүлөр байкалып, организмдин вирустарга туруштук берген коргоо функциясы басаңдайт. Лимфопения (кандагы лимфоциттердин азайышы) – COVID-19  менен ооруган бейтапта көп кездет (айыккандан кийин дагы 4-11 жумага чейин сакталат).

Россиянын адистеринин билдирүүсүндө, SARS-CоV-2 адамдын иммунодефицит вирусуна салыштырмалуу, ал лимфоциттерде көбөйбөйт. Андыктан, эгерде иммунитетке терс таасир берсе, туура дарылануу менен калыбына келтирсе болот. COVID-19 менен ооруп жаткан маалда, бейтаптын организминде кычкылтек менен камсыздоо начарлап, кандагы детоксикация процесси иштебей калат. Мына ушундан улам, ички органдардын ткандарында суу шишик пайда болот. Дал ушул критикалык абал, адамды өлүмгө алып барышы толук мүмкүн, же болбосо бейтап сакайган күндө да нефрологиялык ооруларга кептейт. Албетте, вирус менен ооруган ар бир адам нефрологиялык оорулар менен жабыркабайт, бирок эгерде адамдын ооруга чейин иммунитети төмөн болсо, же мурда нефрит, бөйрөктөгү таш, бөйрөк жана табарсыктын башка өнөкөт оорулары менен жабыркап жүрсө, анда коронавирус ага кооптуу. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, COVID сөзсүз түрдө нефрологиялык ооруларга алып барат дегенден алыспыз, бирок эгерде адамдын иммунитети начар болсо, анда нефрология ооруларына кабылышы толук мүмкүн.

Вирус дем алуу органдарынын эпителий клеткаларынан (былжырчалар) башка централдын нерв системасынын иштешине да таасир берет (неврологиялык жана психикалык жактан жабыркоо). Бул өзгөчө жасалма дем алдыруучу аппараттарга (ИВЛ) жаткан бейтаптарга тийиштүү. Адам стресске же депрессияга кабылып, эс тутуму начарлап, ойлонуу ылдамдыгы басаңдап, окуу же жумушка кайтып келүүсү оорлойт. COVID-19 менен жабыркаганда кан уюп калып, натыйжада инсульт же мээнин шишигине алып барат. Коронавирустук пневмония менен ооруп айыккандардын жарымында, тромбоз пайда болот. Тромбдор кан тамырларды бүтөп, өпкө, мээ, жүрөккө кычкылтек жетпей калат. Бул өпкө эмболиясына, инсульт, инфаркт, терең жайгашкан кан тамырлардын тромбозуна алып барат. Вирус менен ооруп айыккандар кандын уюп калуу коркунучунан качан кутулат, ал белгисиз. Көпчүлүк бейтаптар оорудан толук айыккандан кийин да, күндүн ысыгына карабастан үшүп, чыйрыгып, денеси чымырай берет. Вирустун кесепетинин кан тамырлар ичкерип, кан айлануу бузулуп, мээде терморегуляция жакшы жүрбөй калат. Вирустун бул кесепеттери жоюлуп, адам кайра калыбына келеби ал да белгисиз. Айрым органдардын иштеши толук кандуу болбой да калышы ыктымал. Мындай бейтаптарга ысык суусундуктарды ичүү сунушталат (чөптөн даярдалган пайдалуу чайлар).

Эгерде балдар коронавирус инфекциясына кабылышса, аларда Кавасаки синдрому пайда болот(ичке жана орто кан тамырларды жабыркаткан некротикалык системдүү васкулит). Бул илдетке көбүнчө 5 жашка чейинки наристелер кабылат. Бирок, 5 жаштан жогоркулар арасында да катталышы мүмкүн. Ал эми, жеткинчек жана өспүрүмдөр эгерде коронавирус менен ооруса, алардын дене табы жогорулап, денесинде тактар пайда болуп, шишик басып, тери, көз, жүрөк жана кан тамырлары жабыркап, инфекциялык токсикалык шокко кабылат. Бул синдром артерияларды жабыркатып, аневризм, тромбоз жана кан тамырлардын жарылышына алып келүү коркунучун туудурат.  

COVID-19  менен ооруп айыккандардын көбү азыр реабилитация курстарын өтүп жаткандарына байланыштуу, коронавирус инфекциясы мындан тышкары дагы кандай кесепеттерин берет толук изилденип бүтө элек. Адистердин айтымында, коронавирустун жеңил, орто жеңил, же оор түрлөрү менен жана симптомсуз ооругандардын бардыгынын тилекке каршы ден соолуктары баштагыдай болбойт. Коронавирустан эч кимдин кепилдиги жок. Орууну алдына алдуу үчүн адистер сергек жашоо образын жүргүзүүнү, иммунитетти көтөрүүнү, өздүк жана коомдук гигиенаны, аралыкты сактап, колду таза жууп, маска кийүүнү сунушташат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!