"Эркин-Тоо"

Коронавируска каршы эмдөө кампаниясы боюнча сурап-билүү борбору иштей баштады

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясы боюнча сурап-билүү борборун ишке киргизди.

Call-борбор ар күнү саат 08:00 — 18:00 чейин иштейт. Жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21 жана 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлерине чалып, “Республикадагы эмдөө жайларынын даректери; Vero Cell жана Sputnik V вакциналары кимдерге жасалат, эмдөөгө карата медициналык көрсөтмөлөр жана вакцинанын таасирлери сыяктуу сурооолорго дарыгерлерден жооп ала алышат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!