Үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү кечинде Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги турак жайлардын короосунда кыз унааны артка айдап бара жатып, баланы сүзүп кеткен. Бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу vesti.kg маалымат агенттиги өзүнүн телеграм каналында жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы кыз унааны артка айдап бара жатып 9 жаштагы баланын үстүнөн өтүп кеткен. Бала ар кандай жаракаттар менен 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.