"Эркин-Тоо"
Пресс

Коррупция илдети өтүшүп кеттиби?

Кыргызстанда коррупция илдети өтүшүп, сөөккө жетип калган окшойт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайырмак салган жерден эле коррупционер илинип чыгууда. Кечээ эле чет өлкөлүк жаран башчылык кылган «А.К.» фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А. жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара катары берип жаткан жеринен кармалды. Анын изи сууй электе Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы Б.А.Т. прокуратуранын имаратынан 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын кылтагына илинди. Өлкөдө коррупция менен күрөшүү күн сайын күчөп баратканына карабастан, кыргыз сомуна алымсынбай, доллар менен пара алып жаткандардын напсисин тыйганга мыйзам алсызбы?