Эгемендүүлүк алгандан берки тарыхты карасак, коррупцияга каршы күрөштүн урааны ар бир бийликтин учурунда айтылып, бирок сөз жүзүндө калып келген. Эч кимиси системалуу түрдө, тынымсыз күрөшкөн эмес. Кимдир бирөөнү садага чаап, жалгыз ошону гана желмогуз катары көргөзүп, эл көзүнө жемкорлукту талкалагандай, аёосуз күрөш жүргүзүп жаткандай түр көргөзүшкөн. Бирок, иш жүзүндө коррупция гүлдөп, өсүп, жыйынтыгында үч төңкөрүш жасалды.
2020-жылдагы элдик толкундоодон кийин келген бийлик шайлоону жана референдумду өткөрүп, “эки тизгин бир чылбырды” колго алары менен коррупцияга каршы күрөшкө чечкиндүү түрдө киришти. Мамлекетте эң чоң коррупциянын очогу болгон, кылымдын “афёрасына” айланган “Кумтөрдөн” баштап, дароо элге кайтарды. Бүгүн ал ийгиликтүү иштеп, мамлекетке миллиондогон киреше берүүдө. Улуттук банкта тонналаган алтын жыйнылды. Канадалыктар 30 жылда салыкка төккөн каражатын 1 жылда топтогонуна күбө болдук.
“Кумтөрдү” мамлекетке кайтарган чоң жеңиштен кийин Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жең түрө киришип, мамлекетти чырмооктой каптаган коррупцияга жана криминалга каршы күрөштү системалуу түрдө жүргүзүүнү улантты. Баарыбызга маалым, кылмышкерлер менен жемкорлор тамырлап, байып, келген бийликти сатып алып көнүшкөн болчу. Эч кимге жашыруун эмес, буга чейинки өлкө жетекчилери элдин колдоосу менен бийликке келишкени менен, жемкорлордун жана кылмышкерлердин кылтагынан чыга алышкан эмес.
Элдин бактысы бар экен, бул сапар андай болгон жок. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев адегенде ылдыйдан тамырын кыркып баштады. Моюн толгогон маалда криминалдын атасы болгон Көлбаевдин ташын талкан кылып, анын кылмыштуу топторун ар кайсы жерден таап камады. Майда-чүйдөсүн тузакка түшүрүү иши азыр да уланууда. Ошого катар өлкөдөгү жемкорлуктун эң чоң символуна айланган Райым Матраимовдун жегенин кустуруп, 2 млрд сом төктүрүп, ага болбой сыртка чыга качып мамлекетке бүлүк салууга камынганда кармап келип темир торго киргизди.
Биздин көз алдыбызда эч кимдин тиши өтпөйт делген коррупция менен криминалдын дөө-шаалар талкаланды. Ал эми ылдыйкы катмардагы күрөш системалуу түрдө жүрүп жатат. Алкымы бузуктар күн сайын камалууда. Элди тоногондор бир чекеден “кусуп” жатат. Өкүнүчтүүсү, башамаламандык уюштуруу менен жан багып көнгөн саясатчылар эл ичинде нааразылык жаратканга аракеттенип, «кустурган акчанын жарымы мамлекетке, жарымы чөнтөккө кетип жатат» – деген сөздөрү менен койнундагы котур таштарын чыгарышууда.
Мындай иритки сөзгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев:“Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.
Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт” — деп жооп берди.
Баарыбыз билип турабыз, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын. Тазалап бүтө албай жатканы чындык. Анткени, алар абдан тамырлашып кеткен. Кыскасын айтканда, азыркыдай күрөш буга чейин жүргөн эмес. Бул чындыкты ар бирибиз моюнга алып, азыркы күрөштү жалпыбыз колдоого милдеттүүбүз! Себеби, бул иштин баары мамлекет, эл үчүн жасалып жатат. Анын үзүрүн жалпыбыз көрөбүз.
КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек АБЫКЕЕВ:
— Коррупцияга каршы күрөш болуп, канча бир адам камалбаса, коом тазаланбайт. Бүгүнкү күндө күрөш системалуу жүрүп жатат. Мен буга чейин деле жазып келгем, «реформада бир көзүңөрдөн кан, бир көзүңөрдөн жаш чыгат, реформа деген татаал» дегем. Реформа күчөгөн сайын күрөш дагы күчөйт. Анткени, биздин коом буга чейин мыйзамсыз жашаганга үйрөнүп алган. Азыр эми мамлекеттик деңгээлде чоң коррупцияны жоюуга байланыштуу иш болуп жатса, кийинки кадам күнүмдүк тиричиликтеги майда коррупционерлерге каршы болот.
Коомдук ишмер Каныбек ОСМОНАЛИЕВ:
— Президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиев 3 жыл мурда элге берген убадаларына катуу турушуп, кылмыштуулук менен коррупцияга каршы айыгышкан согуш ачышты. Азыр биз бул жетекчилерди эч кылчактабай колдоп турушубуз абзел. Анткени, кеп өлкөбүздүн келечеги жөнүндө болуп жатат. Кыргызстандын мындай абалга кептелишине биринчи кезекте ошол 2020-жылга чейин шапар тээп, жыргал доор сүрүшкөн бардык өлкө башчылары, алардын жакын санаалаштары, үй-бүлөлөрү күнөлүү. Азыр Президент менен Генерал чоң чечкиндүүлүк менен коррупцияга каршы күрөштү башташты. Артка кайтпай тургандыктарына ишеним зор. Колго түшкөн кылмышкерлерге эч кандай аёо болбошу зарыл. Аларды жаш-карысына, алдуу-күчтүүсүнө, мурдагы иштеген кызматтарына, ар түрдүү жолдор менен алган наамдарына карабастан, соттун чечимдери менен мал-мүлкүн, акчаларын, байлыктарын казынага төктүрүп, өздөрүн массалык-маалымат каражаттары аркылуу шерменде кылып, узак мөөнөттөргө түрмөлөргө тыгып салуу керек!
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Табылды АКЕРОВ:
— Аябай көп коррупциялык схемалар аныкталып, бети ачылып, алардан өндүрүлгөн акчалардын бюджетке түшүп жатканы – 30 жылда коррупцияга белчебизден батканыбызды көрсөтүп турат. Коррупцияга каршы күрөштүн биринчи этабы катары жемкорлорду жеген акчасын төктүрүү, коркуу сезимин пайда кылуу деп эсептесек, экинчи этабында мыйзамдар жана чаралар катаалданышы менен коштолушу керек деп эсептейм. Экинчи этапта системалуу күрөшкө өтүп, мыйзамдарды бекемдеп, жазаны катаалдантуу зарыл. Ар бир чиновник, мамлекеттик кызматкер элдин казынасына кол салып, мыйзамсыз иштерге барбай кала тургандай абалга алып келүү керек.
Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ:
— Күч түзүмдөрүнүн кураторунун коррупцияга, криминалга каршы күрөшүнүн масштабы тарыхий деп тартынбай атоого татыктуу деңгээлге чыкты. Коррупцияга, криминалга каршы лозунгдар, жалындуу сөздөр бардык эле бийликтердин тушунда айтылчу. Бул көйгөйлөрдү чечүүнү партиялар программа кылып алышчу. Бирок, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында алардын бири да Камчыбек Кыдыршаевичтей башын сайып чечкиндүүлүк кылган эмес. Чындап келсе кеп бюджетке канча каражат түшкөнүндө да эмес. Себеби, криминал менен коррупция улуттук коопсуздука чооң коркунуч туудурган, керек болсо мамлекеттүүлүктүн келечегине күмөн жараткан көрүнүш болчу. Өнүгүп отуруп бийлик түзүмдөрү менен чырмалышып, тең ата болуп калган. Буга чейинки «темир», «болот», «жыгач» деп аталган генералдардын бири да мындай көрсөткүч бере алышкан эмес. Азыр коомчулук Камчыбек Кыдыршаевич коррупцияга каршы баштаган иштин аягына чыкса деп тилеп отурат. Аягына чыкса, жегичтердин «жегенин желим, ичкенин ириң» кылган генерал катары тарыхта калат.
Зулпукаар САПАНОВ
№26 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 5-апрели