Өлкөбүз өз түндүгүн көтөргөндөн берки 30 жылдын аралыгында коррупция болуп көрбөгөндөй тамырлап, коомдун бардык катмарын каптап калганы баарына маалым. Жетекчилер сөз жүзүндө күпүлдөгөнү менен иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай, көңүл жылытарлык күрөш жүрбөй, бул илдеттен кутулуп чыкканга болбой тургандай сезилип калган эле. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин кескин бурулуш башталды. Президент Садыр Жапаровдун катуу тапшырмасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көшөргөн аракеттери менен бир топ иштер жасалды.
Төрт жылдын аралыгында жемкорлукка колу малынган ондогон чиновниктер кармалып, элден уурдаган байлыктары кайтарылды. Атап айтсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналды. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот. Кыргызстандын тарыхында мындай чоң көлөмдөгү каражат жыйналган эмес. Аталган каражаттын өзү эле жемкорлук менен аёосуз күрөш жүргөндүгүн тастыктап турат. Анын ичинде далайы мүлк түрүндө кайтты. УКМКнын маалыматы боюнча жалпы 1174 объект мамлекетке кайтарылган. Ал иш токтогон жок, бүгүнкү күндө дагы уланууда. Жыл жаңыргандан бери эле эки фактыга күбө болдук. Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, баасы 500 млн сомдон ашык 32 гектар жер тилкеси кайтарылып, Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекетке алынды.
Асыресе, 30 жылдык эгемендүүлүктөгү шалаакы жетекчилердин айынан коррупция илдети коомчулуктун канына сиңип бүткөн экен, тыйылышы кыйын болуп турат. Күн сайын кармалса дагы коркуп койбой биринин артынан экинчиси улантып, ач карышкырдай элдин байлыгына тырмактарын матырып жатышат. Жемкорлордун тыйылчудай түрү жок.
Мындай шартта мыйзамдарды катаалдаштыруу жагдайы келип чыкты. Анткени буга чейинки мыйзамдардын негизинде уурулук менен кармалгандар тергөө органдары менен кызматташууга барып, жемкорлугун мойнуна алып, анан соттон айып пул менен кутулууга шарт болгон. Ошол жылчыктан пайдаланып, мамлекетти мүлжүгөн жемкорлор жазадан гана кутулбастан, кайрадан кызматка барып алган учурлары болду. Өлкөдөгү коррупциянын тамырын биротоло кыркууга белсенген Президент С.Жапаров менен УКМК төрагасы К.Ташиев мыйзамдагы алешемдикти жоюп, катаалдаштырды.
Жогорку Кеңеш эски жылдын этегинде УКМК сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алып, ага Өлкө башчысы кол койду. Мыйзам быйылкы жылдын башынан баштап күчүнө кирди, эми коррупция менен айыпталгандардын, кызмат абалынан пайдаланган паракорчулардын жазасы оор болот. Мындан ары эл байлыгына кол салгандар мурдагыдай айып пул төлөп жазадан кутула албайт. Коррупция менен соттолгон жарандар жегенин кайтарып, жазасын дагы өтөйт. Андан кийин өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Ата-энеси, бала-чакасы, жакын туугандары ишинен айдалат. Ошондой эле аскердик кызматтарга, укук коргоо органдарына, сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт.
Жыл жаңырары менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча билдирүү жасап, мамлекеттик кызматкерлердин баарына эскертти.
“Жемкорлорго катаал жаза колдонгон мыйзамга Президентибиз Садыр Нургожоевич кол коюп берди. Ага ылайык, коррупционерлер эми айып төлөө менен бошонуп кете албайт, мындан ары жемкорлук менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө мөөнөтүн алышат. Экинчиден, коррупцияга малынган адамдын туугандары – ата-энеси, өмүрлүк жары жана бир туугандары мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, баары четтетилет. Ал эми коррупция менен кармалган адам өзү өмүр бою мамлекеттик кызматта, укук коргоо органдарында жана муниципалдык жумуштарда иштей албайт. Мыйзамдын катаалдыгы ушул жерде турат.
Ошондуктан, мамлекеттик кызматткерлерге ачык кайрылып, «коррупциялык иштерге барбашыңыздарды суранам. Айрыкча, министрликте иштеген жооптуу кызматкерлер, илим-билим берүү, медицина тармагындагылар, жергиликтүү жетекчилерге эскертип кетем, эртең «мен билбей калыпмын» деп актанбагыла. Мындан ары коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз. 2025-2026-жылдын ичинде коррупциялык элемент калбашы керек” деди Ташиев.
Жемкорлукка каршы жасалган бул аракетти жалпы жумурай журт колдоого алууда. Негизинен алганда бул коррупция менен күрөшүүдөгү эң эле кардиналдуу, эрктүү чечим болду. Мыйзамдын жаңы долбоору менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин колу-буттары тушалды. Кичине эле ойлору бузулуп, капчыктарын кампайтууну каалап, материалдык, каржылык пайда көргүсү келсе, УКМКнын жана укук коргоо органдарынын кылтагына илинип, темир тор артына кетет. Өзүнө гана эмес, жакындарына да зыянын тийгизет.
Коррупция – бул мамлекетти өнүктүрбөй, чирите турган илдет. Жогоруда белгилегендей, эгемендик доорундагы жетекчилердин бири да жемкорлук менен күрөшкөн жок. Тескерисинче, ага жол ачып, шарт түзүп беришти. Акыркы төрт жылдан бери гана жигердүү иштер жүрүп, аракеттер көрүлдү. Мына быйылкы жылдан тарта мыйзам катаалдашып, С.Жапаров менен К.Ташиев 2025-2026-жылдардын ичинде коррупция деген илдетти түп тамырынан жоюп, жок кылабыз деген максатты коюп жатышат. Биз муну жапа тырмак колдошубуз керек. Анткени жемкорлукту жоюу эки эле адамга керек эмес, баарыбызга аба менен суудай зарыл. Коррупцияны жоюу – жалпыбыздын максатыбыз. Ал максатка бирге жетишибиз керек.
Бул жерде “коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес, анын тамырын кыркуу өтө оор” деп кайдыгерликке түрткөндөр сөзсүз чыгышы мүмкүн. Ооба, ондогон жылдар бою чырмооктой каптаган жемкорчулукту жеңиш өтө кыйын болушу ыктымал. Бирок, Президент менен УКМК төрагасы бел байлап киришип жаткан соң ишеним жаралууда. Анткени алар өздөрүнүн чечкиндүү аракеттери менен коомчулуктун көзү жетпеген бир нече долбоорлорду ишке ашырды. Мисалы, “Кумтөрдү” эч ким мамлекетке кайтара албайт дешкен, чындыгында эле кайтарына эл ишенбей калган болчу, иш жүзүндө өлкөгө өттү. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун курууну да куру сөз деп келишкен. Бирок, келишимге кол коюлуп, курулушу башталды.
Ошондой эле бүгүнкү бийлик эки жыл мурда “уюшкан топторду жоёбуз, жок кылабыз” дегенде дагы эч ким ишенген эмес. “Кошуна өлкөлөрдүн баарын криминал чеңгелдеп турат, бизде жоготобуз дегендин өзү жомок” дегендер болгон. Албетте, алардын айтканында жүйө бар болчу, кылмыштуу топтор мамлекетти бүт каптап, бийлик органдары менен аралашып калган болчу. Алардын жок болушу, жоюлуп кетиши элдин аң-сезимине сыйган эмес. Мына бүгүн көрүп, күбө болуп жатабыз, өлкөбүздө уюшкан кылмыштуу топтордун тамыры кыркылып, орду-түбү менен жок болду. Кечээ азуусун айга бүлөгөн кылмыштуу топтордун баары талкаланды. Мындан ары биригип алышып, мамлекеттин ичинде «мыйзамдагы ууру», «смотрящий», «положенец» деген түзүмдөр менен элди бийлей алышпайт. Аймактарды өздөрү каалагандай бөлүп, мамлекеттик кызматтагы адамдар аркылуу өздөрүнүн өкүлдөрүн ишке коюп, саясатка кийлигишкенине бөгөт коюлду. Жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, жөнөкөй адамдар эч кимден коркпостон, өздөрүнүн ишин кылганга шарт түзүлдү.
Мына ушундай катаал чаралардын негизинде коррупцияны да түп тамыры менен жоюп койсок неге болбосун. Акыркы жылдардагы күрөш деле бир топ иретке келтирип койгонун эч кимибиз тана албайбыз. Мурдагыга салыштырмалуу бир топ тыйылып, мамлекеттик кызматкерлер чочулап калганын баарыбыз эле байкап жатабыз. Мыйзамдын катаалданышы менен сөзсүз дагы жылыш болот. Негизинде, эл үчүн иштегенге ар бир адамдын аң-сезими көнүшү керек. Билинбегени менен коомдо чоң революция жүрүп баштады. Жарандарда түшүнүк өзгөрүп жатат. Мамлекеттик кызматкер байыш үчүн иштебей, элдин кызматын кылышы керектигин сезе баштады. Уурулуктун сөзсүз жазасы бардыгын бүгүнкү бийлик тастыктап, келечек муунга улуу өрнөктү, чоң тарбияны көрсөтүүдө. Муну баарыбыз колдоого милдеттүүбүз.
Зулпукаар Сапанов