"Эркин-Тоо"

Коррупцияга шектелип «КыргызНефтегаздын» мурдагы жетекчилиги кармалды

УКМК тарабынан «КыргызНефтегаз” ААКсынын мурдагы жетекчилиги коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Такталгандай, 2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаздын” мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүүдө жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

«Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Ошондой эле жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталды«, — деп айтылат маалыматта.

“КыргызНефтегаз” ишканасынын мурдагы жетекчиси менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.