"Эркин-Тоо"

КОРРУПЦИЯНЫ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

КАРА-БУУРА РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУ ТАЛАНТБЕК ОРМОНБЕКОВГО

КАЙРЫЛУУ

…Мындай чуулгандуу окуянын башаты 2018-жылдын 29-апрелине барып такалат. Ошол күнү мамлекеттик мергенчилик чарбасынын Кара-Буура аймагындагы егери катары коомдук активисттер менен бирдикте тиешелүү аймакта кезектеги көзөмөл жүргүзүлгөн маалда “ВАЗ- 2121” үлгүсүндөгү Т 16 17 А мамлекеттик номерлүү автоунаа шектүү катары токтотулган. Текшерүү

учурунда автоунаадан “Амударья форель” түркүмүндөгү 96 даана балык табылган. Баарысы баштыкчаларга салынып, автоунаанын алдыңкы капотуна- мотордун үстүнө бекитип коюлуптур. Мыйзамдын талаптарын бузгандар- Талас шаарындагы Сыдыгалиев көчөсүнүн тургундары Анарбек Тасылбеков менен Таалай Шамуратов болуп чыгышкан.

Ошол эле жерден №00012- жана 00014-катар сандуу протоколдук актылар түзүлүп, 10 балыкты эске албаганда, уруксатсыз кармалган 86 даана балык үчүн тартип бузгандарга айып акчасы 86 миң 860 сом болоору айтылып, алар өз ыктыяры менен протоколдук кагаздарга колдорун коюп беришкен. Бардык материалдар дароо эле райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Андан бери 4 жыл өттү. Бул арада далилдүү документтер жана оозеки айтылган маалыматтар эске алынбай, эң башкысы- айыптууларга карата мыйзамдуу жазалар колдонулган жок.

Ар кандай терс кадамдардын кийинки тагдыры көбүнесе тергөөчүлөрдүн өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жасаган мамилесине байланыштуу болоорун турмуштук тажрыйбалар ырастап жатат. Алар кааласа, “корозду да мажбурлап, уяга жаткырып, жумуртка бастырып кое алышат” экен. Бул жолу дал ошондой эле болгонсуду. Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ильяс Касымбеков тергөө амалдарын жүргүзүү маалында Анарбек Тасылбеков менен Таалай Шамуратовду чакалайдын чак түшүндө актап, ал эми бул кылмыштуу ишке таптакыр катыштыгы жок Талас шаарынын Сарногоев көчөсүнүн жашоочусу Батырбай Урустемовду башкы күнөөкөр кылып тапкан. Кыязы, акчанын арааны жүргөн жерде ыйман-парасаттуулукка жана адамгерчиликтүү мамилелерге бош орун деле калбайт окшойт.

Тергөөнүн мындай нукта жүргүзүлүшү аракеттеги мыйзамдарга карама-каршы келээри айтпаса да түшүнүктүү. Батырбай Урустемов- Анарбек Тасылбековдун классташы. Өзү турак жайы, үй-бүлөсү жок. Акыркы жылдары турмуштук оор шарттарда жашап, ичкилик жагына ооп кеткен. Ал 2 жылдан бери менин үйүмдө. Кийим-кечеси, тамак-ашы да менин мойнумда. Окуя катталган күнү Кара-Буурага келген эмес. Бакыбат жашаган адам бечара классташына жардам берүүнүн ордуна, кайра анын ошондой мажирөөлүгүнөн пайдаланып, “Балыктарды мен кармадым деп, мойнуңа алып кой. Калганын өзүм бүтүрөм” деп, аны кылмыштуу кадамдарга түртүп жиберген. Соттук отурумдардын жыйынтыгында “Батырбай Урустемовдун эсебинен мамлекетке “20 миң сом өндүрүлдү” деп айтылат. Күнүмдүк жашоосун араң өткөргөн адамда анчалык акча кайдан болмок. Чынында ал акчаны Анарбек Тасылбеков менен Таалай Шамуратов экөө беришкен.

Баса, Анарбек Тасылбековдун өзү бакыбат жашап, жогорку бийлик бутактарында таасирдүү тааныштары көп адам экен. Кептин маңызы дал ушунда. Бакыбат жашоосуна талашыбыз деле жок. Бирок, анын мыйзамдуулукту жана мамлекеттик таламдарды көзүнө илбестен, адам укугун тебелөө менен өзүнүн кылмыштуу кадамдарынын изин акчанын күчү менен жаап жаткандыгын кандайча түшүнүүгө болот? Маселен, Анарбек Тасылбеков сот процессинин алдыңкы күндөрүндө чоң кызматтагы бир адамга “Мен өз ишимди бүтөрдүм. Калганын өзүңөр ийгерип-жайгарып алгыла” деп тескери басып кеткен. Мындай мамиле сот процессинин жүрүшүндө да байкалган. Сот анын эмне үчүн катышпай жаткандыгы тууралу суроолорго жооп берген жок. Ал соттук процесске катышпай, сырттан көзөмөл жасап, атүгүл ошол сааттарда мага тымызын коркутууларды жараткан учурлары да болду. Мен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын ден-соолугу жана коопсуздугу кыргыз мыйзамдары тарабынан корголо тургандыгына бекем ишенем.

Жогоруда айтылган шектүү кадамдардын башкы далили катары биринчиден, ошол эле жерде түзүлгөн №00012- жана 00014- протоколдук актыларды келтирүүгө болот. Батырбай Урустемов ошол күнү Кара-Буурага балык кармоого келген эмес жана түзүлгөн протоколдо анын аты-жөнү көрсөтүлбөгөн. Анан кайдан жүрүп күнөөлүү болуп калган? Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө датасы жана катар саны көрсөтүлбөгөн башка бир протоколду бетке кармашты. Ошол протоколду кимдер хазып, ырастап кол коюшкандыгы азыркыга чейин белгисиз.

Албетте, бул Анарбек Тасылбеков жайган “коррупциялык тордун” бир үзүгү гана. Эгерде, Кара-Буура өзөнүнөн кармалган 86 даана “форель” түркүмүндөгү балыктарга байланышкан бул окуянын чоо-жайын мыйзамдуу жолдор менен чындап чубаса, ал жактардан Таалай Шамуратов менен анын шеригинин 4 жылдан бери эмне үчүн мамлекеттик казынага 68 миң 860 сомду төлөбөй, качып жүрүүлөрүнүн чоо-жайы, ошондой эле тергөөчүнүн, укук коргоо жана сот органдарынын бир катар жооптуу кызматкерлеринин “коррупциялык торго” кандайча чалынган жагдайынын чыныгы себептери кашкайып ачыкка чыгаары шексиз.

Азыр бир сом болсо да, ортолук казынага өз маалында түшкөнү өзгөчө маанилүү. Анан калса, ММКлар аркылуу коомчулукка жетип жаткан мындай терс кадамдар ар кыл талкууларды жаратып, бүйүр кызытып турган учур. Мен Сизге Кара-Буура районунда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдын жетекчиси катары кайрылууга аргасыз болуп жатам. Сиздин орун басарыңыз Элизбар Данапияевдин 2021-жылдын 13-октябрында мага жолдогон жооп катында дал ошол ”каргашалуу протоколдун” кимдер тарабынан түзүлүп, кол коюлгандыгы, датасы жана каттоого алынган катар саны көрсөтүлгөн эмес. Мен кесиптештериңизге- прокуратуранын кызматкерлерине кайрылып, ошол протоколдун накта көчүрмөсүн сураганымда, алар бир барак кагазды берүүдөн ачык эле баш тартып коюшту. Ушунун өзү эле мандемдүү ишке карата чоң шектенүүлөрдү жаратып жатат.

Урматтуу Кара-Буура районунун прокурору! Сизден аталган кылмышка шектүү болгон бул ишти чечкиндүүлүк менен кайрадан аңтарып чыгып, эки жүздүүлүктүн чүмбөтүн сыйруу менен баарысын “0”дон баштап кайрадан иликтеп, тергеп-тескөөгө алып, КР аракеттеги мыйзамдарынын алкагында адилеттүү чара колдонууну өтүнөм.

Медетбек ЖАМАНКУЛОВ,
мамлекеттик мергенчилик чарбасынын
Кара-Буура аймагы боюнча егери.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!