"Эркин-Тоо"

Коруктан качкан пилдер миллион долларга чыгым алып келишти — ВИДЕО

Коруктан качкан 15 пил айдоо жерлерди тебелеп, Кытайды1 миллион долларлык чыгым тарттырды. Синьхуа мамлекеттик маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Сишуанбань коругунан качкан пилдер Юньнань провинциясынан Юйсиге чейин жалпы 500 километрдик жол басып өтүп, жергиликтүү инфраструктурага 400дөн ашык зыян алып келишкен. Юаньцзян жана Шипин уезддеринде 56 гектар айыл чарба жерлерин талкалашкан. Жаныбарлар мындан тышкары жергиликтүү элге да зыян беришти. Мисалы, Эшан шаарын 6 саат кыдырган пилдер элге кооптуу жагдай жаратып, бийлик тургундарга үйдөн чыкпай турууга буйрук берип,  жөө жүргүнчүлөр менен унаалар эвакуацияланган. Бийлик өкүлдөрү Хунта жана Юйси аймагында 24 сааттык командалык борбор уюштуруп, 360 адам,76 полиция унаасы, чоң жүк ташыган унаалар жана 9 дрон ишке тартылган. Мындан тышкары пилдерге 18 тонна азык даярдалган.

Качып кеткен үйүрдө 12 чоң пил жана 3 ботосу болгон. Пилдер эмне себептен улам коруктан чыгып кетишкени азырынча белгисиз.  Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондунун маалыматы боюнча, Азия пилдери – Азия боюнча эң чоң жаныбарлардын бири. Алар Кытайда корголуучу түр деп эсептелет жана алардын 300гө жакыны  Юньнань провинциясында жашайт.

Пример HTML-страницы