Арман дүйнө… Арман деп айтканга айласызбыз. Кыргыз эли таланттуу уулунан ажырап, кабыргасы кайышып турса, театр жана кино искусствобуз оор жоготууга учурап, муңайып турган кезибиз. Театрда жараткан ролдору менен күйөрмандардын көңүлүн бурдура алган, кино тармагында элибиздин сүйүктүү актёруна айланган Азиз Мурадиллаевди 44 жашында алышкан оору арабыздан алып кетти. Айтылуу Алымбек даткага экинчи өмүр берип, даткадай кыргыз жигитинин мырзалыгын, ички сулуулугу менен тышкы сулуулугу төп келген гармониялуу образды жарата алган талант 44 жыл гана жашады. Ооба, кандай гана кыска өмүр. Азиз бардык жагынан бышып жетилип, бийиктиктерди багынта турган учурда боосун үзүп, арабыздан учуп кетти. Бирок, Азиз кыска убакыт аралыгында миллиондогон элдин жүрөгүнөн түнөк тапканга жетишти. Ал өмүрүнүн аягына чейин оору менен алышып жаткан учурда дагы театрды таштабай, баарыбызга өз кесибин жан дили менен сүйүш керек экендигин үйрөттү. Кош, Азиз! Кош, Ала-Тоонун “Алымбек даткасы”! Кыргыз эли сенин талантыңа таазим этип, элесиңди жүрөгүндө түбөлүк сактайт.

