Кыргызстанда курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев каршы пикирин билгизди. Төрага президент Садыр Жапаров да мыйзам долбооруна макул эмес экендигин айтты. Парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Ушул маселе боюнча жыйын алдында президентибиз Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм. Ушул өзгөртүүдө курулушка 12% киргизилип жаткан салыкты алып алуу керектигин айтты. Өкүнүчтүүсү, ушул маселеде президентке туура маалымат бербепсиздер. Ал угуп алып, “мындай нерсе болбошу керек болчу, ипотеканы жыргаган жерибизден кылып жаткан жерибиз жок, жашоо-шарты оор жарандарды үй менен камсыз кыла албай жатсак, кайра 12% салык кошуп, бааларды жогорулатып, кыйынчылык түзүп жаткан” ,-жагдайды айтты”, — деди.
Эске салсак, долбоорду Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген. Анда курган батирин чарчы метрин 1 миң доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан бошотуу каралган.