"Эркин-Тоо"
Иш-жума

КОШУНА ӨЛКӨДӨ ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМ

Казакстан Республикасы эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын 16-декабрда майрамдады. Бул датага байланыштуу Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров КасымЖомарт Токаевди бул даңктуу күн менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.