Бишкекте КР Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу КР Акыйктчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктарын коргоо боюнча жалпы таанылган принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш-аракеттер каралган.
Джамиля Джаманбаева Түркия Республикасында учурда 35 миңге чукул кыргызстандык жашап, эмгектенишерин, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксаат алганын, 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатканын билдирип, Түркия мамлекетиндеги жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы экендигин белгиледи.
Шереф Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарынын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деп белгиледи.