"Эркин-Тоо"

КР делегациясы Самарканд шаарында медициналык форумга катышууда

Өзбекстанда эл аралык медициналык иш-чара өтүп жатат. Иш-чара Самарканд шаарыда 16-17-август күндөрү өткөрүлөт.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ага министрдин орун басары Тилек Мамадалиев баштаган делегация катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты — Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгон Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин калкынын саламаттыгын камсыздоо.

Иш-чаранын программасына ылайык, бүткүл дүйнөлүк түрк медициналык конгресси өтүп, ага катышуу үчүн Татарстандын да саламаттыкты сактоо министри келди.

Конгрессти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ачып, бүгүнкү иш-чаранын мааниси, максаттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарга токтолду.

Ошондой эле программанын алкагында өзбек-түрк медициналык форуму өтүп, медициналык көргөзмө уюштурулуп, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!