Меңди МАМАЗАИРОВА 80 жашта
Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң салтанат менен белгиленди. Сахнада алгач эле Курмангазы Азыкбаевдин аткаруусунда “Издейм сени” аттуу ыры жаңырды. Эми эле күрү-гүү түшүп жаткан залдын ичи чымын укчса угулчудай болуп тымтырс боло түштү. Абада саксофондун үнү калкыды. Жарык дүйнөдөн кырчылдаган кырк сегиз жашында өтүп кеткен Жолон акын бүгүн кайрадан Меңдисин издеп келип, залдан карап тургандай, үн салып тургандай сезилди. Андан соң Меңди Мамазаированын өмүрү жана чыгармачылыгына арналып тартылган документалдык тасма көрсөтүлдү. Тасмада жазуучу Меңди Мамазаирова өзүнүн балалык кезинен тартып, студенттик жылдары, кыргыздын кыраан акыны маркум Жолон Мамытов экөөнүн ортосундагы алоолонгон махабат, экөө баш кошуп жашаган турмуштун таттуу кездери, доордун, адабиятттын азыркы кездеги абалы тууралуу ойлорун ортого салынды. Экранда бирде Меңди Мамазаирова, бирде Жолон Мамытовдун элестери, калемдештери менен түшкөн сүрөттөрү улам алмашылып көрсөтүлүп жатты.
Салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова ачты. Ал улуттук адабиятта бардык жанрда бирдей эмгектенген акын-жазуучулар өтө сейрек учурарын, ошондой сейрек таланттын ээси Меңди Мамазаирова экендигин баса белгиледи. Салтанатка катышкан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сахнага бир кучак гүл көтөрүп чыгып, жазуучуну 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кыргыздын эки залкар таланты Жолон Мамытов менен Меңди Мамазаирова бирге үй бүлө куруп, чогуу чыгармаларын жазганына эмдигиче таң калып келе жатканын айтты. “Азыр Жолонум деп ыйлап олтурат, бирок учурунда Жолон агабызды ашык кылдырып ыйлатып, сыздатып, издеткен экен. Экөөнүн тунук махабатынан жаралган “Издейм сени” деген ыр азыр да күнү бүгүнкүдөй эл арасында ырдалып таарынышкан, издешкен түгөйлөрдү жараштырып, табыштырып келе жатат. Эженин ырларына не деген керемет обондор жазылды. Композитор Муратбек Бегалиев романстарды жазды. Меңди эже бир ырында “Эр эмесмин, эрди тууган энемин, Элим үчүн эр өстүрүп келемин” деп жалпы энелердин улуулугун даңазалап жазган. Эжебиз өтө нарктуу. Кыргыздын ак элечегин барктап, кадырлап кийип жүрөт” деди.
Меңди Мамазаированын адабиятка келиши да өзүнчө кызык. Мектепте окуп жүргөн кыз бир күнү Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевге кат жазып. келечекте акын, жазуучу болсом деген ой-кыялын билдирет. Кийин Фрунзеге окууга келгенде Шүкүрбек Бейшеналиевдин иштеген жерин издеп таап “Агай мен сизге кат жазган Меңди Мамазаирова деген кыз болом. Шаарга окууга келдим” деп өзүн тааныштырат. Ал студент кезинде эле чыгырмалык менен алектене баштаган.
Мааракеде Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, Улуттук жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, жазуучунун калемдештери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Жазуучуга “Ош облусунун ардактуу атуулу” деген төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№93 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-ноябры