Бейиши болгур Саидрахман ага жөнүндө сөз баштарда бүтүндөй бир энциклопедиялык тутумду камтып турган кыргыз элинин залкар акыны Ысмайыл Борончиевдин “Кош Алымкул” деген ыры эсиме түшүп, сөздү ошондон баштагым келип турат. Анда ал,
«Туулуп-өскөн жер калды,
Туугандар калды, эл калды.
Кучакташып тең өскөн,
Курбу-курдаш тең калды.
Асмандан тийген ай калды,
Агын суу, дайра сай калды,
Ажалдын огу ушундай,
Алаксытууга шай барбы?
Аркайган зоо тор калды,
Чалкайган деңиз көл калды.
Каналдан суусу кылкылдап,
Кайкалаган чөл калды…» деп өксүгөн эмеспи. Ооба, чындыгында өлүм ак, ажал улук, ага кимдер гана баш ийип, кимдердин гана султан бою суналып алдына түшкөн эмес?! Сыдыргыга салгандай, көзү өтүп кеткен эл шайырларынын сабын бузбай эл адына чыгып, эскерип ырдаган Ысмайыл төкмө өзү да 68 жашында бу дүйнө менен коштошуп, бөлүнүп учкан булуттай кете берген. Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саидрахман Матиев да чыгармачылыгы тоо суусунун мукам үндүү шарындай угармандын жүрөгүн термеп, музыка сүйүүчүлөрүнүн моокумун кандырып, баралына келип турган убагында туулуп – өскөн жерин, элин, туугандарын, кучакташып тең өскөн, курбу-курдаш теңин, асмандан тийген ай менен агын суу дайра, сайды, аркайган зоо төрү менен чалкайган деңиз көлүн, кайкалаган чөлүн калтырып 2019-жылы 13-декабрда эми гана 60ка толгон курагында мезгилсиз дүйнө оошуп кеткен.
«Келгиндер келет жазында
Кээ бирөө бактын башында.
Топурак ысып, гүл жайнайт
Толгон токой куш сайрайт…» андан бери канча жолу жаз жадырап, канча жолу келгин куштар келип, топурак ысып, гүл жайнап, толгон токой куш сайрады, бирок биздин катарыбыздан эрте кеткен Саидрахман ага кайрылып келген жок. Анын сыртыкы келбети олбурлуу, дене түзүлушү баатырлардай чымыр, бекем, мүнөзү катаал, сүрдүү, каардуу көрүнчү. Бирок табиятынан үй – бүлөгө, уул – кыздарына, дос – тууганга, жалпы эле адамзатка, курчап турган жаратылышка күйүмдүү, жан дүйнөсү назик, боорукер, шайыр, тоо суусундай шар, көз ирмемге баткан закымдардын үнүн угуп, жүрөгүн тыңшай алган өзгөчө сезимтал инсан болгон.
Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Маты уулу Сарыбай аксакал, апасы Касым калпанын кызы Турдуш эне. Алардан Абдырахман, Саидрахман, Жаннат, Минавар аттуу 2 уул, 2 кыз калган эле. Арман дүйнө, эмнегедир Сарыбай атадан тараган балдардын өмүрү кыска белем, ата – энесинин көзү өткөндөн кийин көп узабай, агасы Сарыбаев Абдырахман, эжеси Минавар биринин артынан бири мезгилсиз дүйнөдөн өтүп, жаш чагында Жаннат эжесинен айрылган Саидрахман ага оор жоготуунун азабында калган. Бир тууган аттуудан мүлдө айрылып, жалгыз калып, жүрөгүнө батпай калган кайгы – касыретинен улам ыйлап – ыйлап улутунган баладай абалга кептеген психологиялык ички жабыркоонун узак убакытка улануусу өзгөчө күйүмдүү инсандын жүрөгүнүн пульсун, анын кагуусунун ритмин бузуп, соңунда токтоп калууга алып келгенин айтат жакындары.
«Биз да ошондой дүйнөнүн,
Келгиндери экенбиз,
Келипбиз, бир күн кетээрбиз…» дегендей, далай залкарларыбыз бу дүйнөнүн келгин куштарындай мезгилинде бири сайрап, бири таңшып, бири шаңшып ар кимиси алынча шайыр болушуп, калк ичинде кадыр – барк, атак – аброй күтүп, Ала – Тоо койнундагы канчалаган жүрөктөргө руханий азык тартуулап өткөнүн кантип унутабыз.
«Санап-санап отурсак,
Замандар өткөн экен да.
Залкар-залкар нечен бир,
Адамдар өткөн экен да.
Көрбөй калдык далайын,
Көп залкарлар өтүптүр,
Көңүлүңөргө салайын…» Саидрахман ага 1959-жылы 11-апрелде Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу айтылуу Кемпир – Абад суу сактагычынын түштүк – чыгыш тарабынан орун алган азыркы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында туулган. 1966-1976-жылдары Правда орто мектебин бүтүрүп, 1977-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына тапшырып, эл аспаптар бөлүмүн 1981-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунун маданий агартуу факультетине окууга кирип, эл аспаптар оркестринин дирижеру адистигине 1985-жылы ээ болгон. Ушул эле жылы институттун жолдомосу менен Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун элдик аспаптар бөлүмүнө мугалим болуп барып, алгачкы эмгек жолун ошол окуу жайынан баштаган. 1985-1995-жылдары аталган техникумда окутуучу, эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы, эл аспаптар оркестринин жетекчиси кызматтарында иштеген.
Өзү туулуп өскөн Кара-Суу районундагы жаңы ачылган “Долон-Чек” элдик театрына 1995-жылы келип, фольклордук ансамблди үч жыл жетектеген соң, 1998-жылы Ош шаардык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясынын “Насыйкат” Эл аспаптар оркестринин концертмейстери болуп эмгектенген, ошол эле учурда музыкаляык окуу жайында студенттерге сабак берген. 2003-жылдан 2019-жылдын декабрь айына чейин Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси кызматын аркалаган.
“Музыка – бул адамзат түшүнгөн, бирок адам түшүнө албаган жогорку билим дүйнөсүнө бир жолу акысыз алып кирүүчү эшик” (Музыка это один бесплотный вход в высший мир знания, которое постигает человечество, но которое не может постигнуть человек) деп атактуу немец композитору, классикалык сифония, сонаталары менен дүйнө элин өзүнө багынтырган Людвиг ван Бетховен айткандай, Саидрахман ага өзүнүн музыкалык билиминин тереңдигине таянуу менен өзү жетектеген Ош шаарынын Болуш Мадазимов атындагы Эл аспаптар оркестри үчүн профессионал дирижер, музыкант катары партитураларды жазып калтырган.
Партитура (италиянча partitura – бөлүү, бөлүштүрүү) – оркестр, хор, камералык ансамбль жана башкалар үчүн жазылган көп үндүү чыгарманын бардык партияларынын жыйынтыкталып, нотага түшүрүлгөн түрү. Партитура бир мезгилде музыкалык аспаптардын бардык (партияда) тутумунда аткарылып жаткан добушту байкоого мүмкүндүк берет. Партитура жазуу 16-кылымдын ортосунда Италияда пайда болгон. Бара-бара Партитурада добуштарды жайгаштыруунун белгилүү тартиби калыптанган. Вокалдык чыгарма Партитурасында добуш жогорудан төмөн карай (сопрано, альт, тенор, бас) жайгашат. Симфониялык оркестр Партитурасында музыкалык аспаптардын тутумуна (партиялык тобуна) карата үйлөмө, урма, кылдуу (ар бир топто добуш бийиктигине карай жайгаштыруу тартиби бар) деп бөлүнүп жазылат.(“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том.)
Саидрахман Матиев Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси кызматына келген күндөн баштап эле оркестрдин репертуарын жаңы чыгармалар менен толуктап, кыргыздын залкар шайырларынын, чет элдик композиторлордун чыгармаларын эл аспаптар оркестрине ылайыктап иштеп, аранжировкалап эл алдына алып чыгып, ал чыгармалардын негизинде 2007-жылы «Соң-Көл баяны» ыр жыйнагынан турган партитурасы, 2013-жылы «Кылым карыткан кыргыз күүлөрү» аталышында обондуу ырлар менен күүлөр камтылган китептери жарык көрүп, ал эмгеги Кыргыз Республикасынын музыкалык мектептерине, орто жана жогорку окуу жайларына маданият министрлигинин сунушу менен методикалык колдонмо окуу куралы катары киргизилген.
Бул дүйнөдө неде арман –
төрт түлүк жайнап толбогон
кеңирсиген төрдө арман,
ак куулар келип конбогон
айдың чалкар көлдө арман,
улугу ойчул болбогон
убара тарткан элде арман… – деп олуя, календерлер айтып өткөндөй Саидрахман Матиевдин окурмандын мекенчилдик сезимин ойготкон «Таберик» ырлар жыйнагы, «Күз кайрыктары» обондуу ырлар жыйнагы 2013-жылы жарык көрүп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ал чыгармаларды жөн гана партитура иретинде жазып калтырып койбостон, аларды атайын үн жазуучу студияларда жаздырып, жыйырмадан ашык ыр-күүлөрдү филармониянын администрациясы менен биргеликте концерттик клип кылып, бардык телестудияларга таратып берип, учурда ал эмгеги калк арасына кеңири жайылтылып келүүдө. Ош шаарынын Болуш Мадазимов атындагы Эл аспаптар оркестри 2007-жылы Казахстандагы элдик оркестрлердин эл аралык «Серпер» фестивалына, Кытай эл республикасындагы Кыргызстандын маданият күндөрү, Өзбек Республикасында өткөрүлүп туруучу «Шарк тароналари» бүткүл дүйнөлүк фестивалына Саидрахман аганын жетекчилиги алдында татыктуу катышып келген.
Кыргыз мамлекети Саидрахман Матиевдин искусствого жасаган ак эмгегин жогору баалап, ага 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артиси ардактуу наамы ыйгарылган. Анын чыгармачылыгындагы экинчи өмүрү кылымдарды боюна сиңирип жашап, калк арасында канат, бутагы жайылып, Кыргыз элине кызмат кыларында талаш жок. Чыгармачыл чөйрөдө Саидрахман аганын таланттуу уул – кыздарынын мыкты эмгектери элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, ал аралык алкакта колдоого алынып келатканы да кубанычтуу кабар экенин айта кеткенибиз калыстык болор. Жакшы атанын уул – кызы болуу – ары сыймык, ары жоопкерчилик. “Аккан арыктан суу агат” деген сөздүн акыйкаттуулугун да мына ушундан көрүүгө болот.
Бахпурбек АЛЕНОВ
№31 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 23-апрели