"Эркин-Тоо"
№7 2024-жылдын 26-январы

КР ИИМдин ЖКККББнын жетекчиси, милициянын полковниги Азамат ИСРАИЛОВ: “Ысык-Көлгө суткасына 74 миңге чейин автоунаа кирип-чыгып турду…”

 Автоунаа баштан ашып, ага удаа жол кырсыктары да саат сайын катталган азыркыдай шартта өлкөдөгү бул жааттагы абал кантип жатат? Экинин бири автоунаа айдаган Кыргызстанда мындан ары жол коопсуздугун көзөмөлдөө кандай нукта уланат? Деги эле авто-кырсыктарды алдын-алуу менен санын азайтуу мүмкүнбү деген сындуу бир катар соболдорубузга республикалык жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жооп берди. Эмесе, полковниктин кебине бирге ортоктош бололу.  

— Азамат мырза, соңку жылдары өлкө ичинде катталган жол кырсыктарынын статистикасы барган сайын жакшы эмес көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Биз мындай “кыргындан” качан чыгабыз? Жолу барбы?

Өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу жол, унаа кырсыктары, анын ичинен каза болгондор жана жаракат алгандар, жаш өспүрүмдөр арасындагы каза болгондорго байланышкан кырсыктар азайды. Бул жагына да шүгүр дейли. 2023-жылдагы бир жаман статистика мурунку жылдарга салыштырмалуу жол кырсыктарынан каза болгондордун саны өстү. Мындай жагымсыз окуялардын да өзүнүн себептери бар. Тагыраагы, 2023-жылы өлкөбүзгө буга чейинки жылдары салыштырмалуу 10 миллиондон ашык сырттан эс алуучулар келишти. Бизде аба же темир жол тармагы анчейин өнүкпөгөндүктөн, сырттан келген эс алуучулар менен өлкө ичиндеги тургундар автоунаа менен жүрүшөт. Маселен, жайкы туристтик мезгил учурунда биздин эң негизги Бишкек-Чолпон-Ата автожолунун сыйымдуулугу (өткөрүү жөндөмдүүлүгү) суткасына 7 миң автоунааны көтөрө ала турганга ылайыкталып салынган. А азыркы жагдайдагы көрүнүштү сандардын статистикасы менен салыштырып көрөлүчү? 2022-жылы Бишкек-Чолпон-Ата кан жолунда жайкы эс алуу мезгилинде ары-бери каттаган унаалардын саны суткасына 40-50 миңге чыгып жатса, 2023-жылы ар суткада 74 миңге чейинки автоунаалар каттап жатышты. Суткасына 7 миң автого ылайыкталган жолдо 10 эсе көп унаа каттап жатса, кырсыктар да канчалык деңгээлде көп катталарын элестетип көрдүңөрбү?

— Мындай эсептик көрсөткүчтөрдү жаңылбай санакка алуу мүмкүнбү?

— Бул сандарды тизмектөө кадимки “Коопсуз шаар” программасы менен коюлган камераларга анчалык деле оорчулукту жаратпайт. Ар бир унааны жаңылбай, жатка эсепке алып, тартып турат. Жайкы эс алуунун “кайнап турган” мезгилинде дагы биз аталган кан жолго ар 10 чакырым сайын 100 дөн ашык кызматкерлерибизди коюп жаттык. Айтканга оңой болгону менен эмне деген күч, кандай гана каражаттар кетип жатты. Июль, август айларында жума, ишемби, жекшемби күндөрү Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алуучулар көп каттагандыктан атайын постторду да койдук. Өткөн жылы өлкөбүздүн аймагында ички туризм да жакшы болду. Түштүк аймактарыбыздын тургундары Көлгө агылып келип, эс алышты. Бишкек-Ош жолунда суткасына 60 миңге чейин автоунаалардын агымы агылып турду. Мындай шартта көпчүлүк болгон соң албетте, жол кырсыктары да ошого жараша көп катталат экен. Ошого карабастан биз күндүр-түндүр кылган кызматыбыздын натыйжасында туристтик эс алуу мезгилин жакшы аяктадык. Өздүк курамдагы балдарды жыл башынан баштап күзгө чейин бирөөсүн да эмгек өргүүгө чыгарбай иштеттик.

— Ичип алып, “ышкырган тейде” унаа башкаргандардын саны азайдыбы? Жазанын дал ушул түрүнөн чечим катаалдаганынан улам сураганым го?

— Салыштырмалуу азайды. Өткөн жылдын 8-мартынан баштап биздин демилгебиз менен укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, буга дейре ичип алып унаа башкаргандар үчүн айып пул 17 500 эсептик көрсөткүчтө болсо, азыр ичимдик менен рулга отургандар дароо айдоочулук укугунан ажырайт. Тартипке алып келүүчү ушул мыйзамдык жазанын акыбети салыштырмалуу жакшы натыйжа берүүдө. Башта айтканымдай, 2023-жылы жайкы эс алуу мезгилинде унаа каттамдар көп болгондуктан, эреже бузгандарга мурдагы жылдарга салыштырмалуу жыл ичинде 98 миңге көп протокол жазылып, жалпы 1 миллион көрсөткүчтөгү протоколдор түзүлдү. Тартип бузгандарга жазылган протоколдордон өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу 100 миллион сом көп айып өндүрүлдү.

— Мындай ыргакта кетсеңер мамлекеттик казынага жакшы тыгынчык берет экенсиздер да анда…

-Кеп мамлекеттик казынаны толтурушта эмес, муну ишибиздин негизги максаты катары карабайбыз. Болгону тартип болсо деген гана тилектебиз.

— Сөзүңүздүн ортосунда өздүк курамдагыларга өткөн жылдын январынан сентябрь айына чейин бирине да эмгек өргүү бербегениңизди шардана кылып өттүңүз. Соңку убакта кызматын таштап, чет өлкөлөргө унаа айдап иштеп кеткен кызматкерлериңиздердин саны өскөнүнөн кабардарбыз. Балким, жогорудагыдай катуу талаптарыңар менен формачан жол көзөмөлдөөчүлөр ишин таштап баса беришүүдөбү?

— Ар бир кызматтын кыйынчылыгы менен оорчулугу бар. Кызматкерлерибизди ар 10 чакырым сайын ысыкта жолго коюп, эмгек өргүүгө убагында чыгарбай кармаганыбыз бул арга кеткендеги кадам. Албетте, көпчүлүк болгон соң кызматка чыдабагандары кетет. Андай “жалакай” кызматкерлерди кандай аракет кылсаң да кармай албайсың. Кызматкерлер арасында жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүп, ар бирөөнө тагыла турган атайын “боди-камераларды” алдык. Мындай камералар кызматтык унааларга да орнотулду. Бул камералар Бишкек, Ош шаары жана Ош облустарындагы кызматкерлерге берилди. Муну менен “колу туткактар” кызматынан айрылышат. Ушундай катуу талаптарыбызга чыдабай кеткен кызматкерлерибиз албетте, бар. Мен бир нерсени ишенимдүү айта алам, мурункуга салыштырмалуу тартип азыр бекемделди. Элден да биздин кызматкерлерге карата түшкөн арыздар азайды. Мындай иштердин баардыгын колуңда “сыйкыр таягың” болбогондон кийин бир мезгилде жасап үлгүрбөйт экенсиң. Убакыт талап кылынат экен. Албетте, баардыгын идеялдуу деп айтыштан алыспыз. Учурда 22 “авто-ураган” деген атайын мобилдик система иштеп жатат. Ушунун баары жакынкы эле келечегибизге жакшы натыйжаларды берет деп ишенем.

— Соңку убакта ар бир 2 айда катарыңарга жаш кызматкерлерди ишке чакыруу боюнча сынак жарыялап жатасыздар. Кыска аралыкта сынак уюштурганыңарга караганда силердин катарыңарга иштөөнү каалагандар чыкпай жатабы? Жаш талапкерлерге карата талаптарыңар оорчулукту жараткан жокпу?

— Туура, жаш кадрларга болгон бош орундарыбыз бар. Биздин кызмат деле тирүү организмдей, бирөө талаптарыбызга чыдабай иштен кетет, кээ бирлери ден-соолугуна байланыштуу кызматын тапшырса, убагы келгендери эс алууга чыгышат. Айрым учурларда кызматкерлерибиз АКШга Грин-кард лотереясын утуп кетишүүдө. Ошондой эле күч органдарынын башка структураларына которулуп кетишкендери бар. Андайларды кармап, каалоосу жокторду мажбурлоо менен колунан кармап, алып кала албайт экенсиң. Ооба, 2023-жылы биз жаш кадрларды катарыбызга чакырып, 4 ирет сынак өткөрдүк. Ачык айтайын, биздин кызматтын жаш талапкерлердин билимине, айдоочулук күбөлүгүнө, дене тарбиялык машыгууларына карата талаптарыбыз жогору. Ошондуктанбы, сынакка катышкандардын (канча санда болсо да) 20%ы гана биздин электен өтүшөт. Чындап каалоосу күч талапкерлер бир сынактан куласа, улам кийинкисине даярданып, акыры өтүшөт.

— Ошондой жаш талапкерлер менен жаңыдан иш баштаган кызматкерлердин иштөөсүнө кандай шык бересиздер?

— Ички иштер органдарында иштөөнүн өзү сыймык эмеспи (күлүп). Азыр жаш кызматкерлерибиздин иштөөсүнө кызматтык шарттар абдан жакшы түзүлгөн. Мурунку, ошол эле биздин адеп иштеп баштаган жылдарга салыштырмалуу азыр асман менен жердей. Эң оболу учурда эмгек акысы жаман эмес, жашаган батирлерине чейин мамлекет төлөп берип жатат. Алдына кызматтык автоунаа, колуна калем сап, кагазына чейин беребиз. Биз МАИнин катарына алгач кирген жылдары азыркы шарттын бири да жок болчу. Кудайга шүгүр, азыр көптөгөн жумуштар аткарылып жатат. Соңку 1 жылда көптөгөн мыйзам долбоорлорун өзгөртүп, айрымдарына оңдоо-толуктоолорду жүргүзүп жатабыз. Жылдын соңу 26-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан айдоочулар үчүн жагымдуу мыйзам кабыл алынды. Мындан ары эреже бузгандыгы үчүн айыбына белгиленген убагына чейин төлөнбөсө андан ары кошумча туум жазылбайт.                             

 

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№7 “Эркин-Тоо” гезити

2024-жылдын 26-январы