"Эркин-Тоо"

КР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН

 

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы” КБнын кайрылуусуна байланыштуу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Ч Е Ч И М И

 

2023-жылдын 7-июну                                                                                                                       Бишкек шаары

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу – Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, К.А. Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Н.А. Кененсариеванын,

кайрылуучу тарап – “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы” КБнын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Валерьян Ахметович Вахитовдун, Хусанбай Кадыржанович Салиевдин,

жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун,

үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун ишеним кат боюнча өкүлү Динмухамет Кенешбаевич Кенешбаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Мыктыбек кызы Элзат, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Артем Олегович Скатдаев, Арслан Эрмекбаевич Оморбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын адистештирилген экспертизалардын түрлөрү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сакы уулу Русландын,

чакырылган эксперт – көз карандысыз эксперт Венера Камилевна Шайдуллинанын катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты.

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы» КБнын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Бул ишти кароого негиз болуп “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн Конституцияга ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык саналат.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Л.П. Жумабаевдин маалыматын угуп, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып,Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

 

Т А П Т Ы:

 

2022-жылдын 17-июнунда Конституциялык сотко «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинен “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамдын 14-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 2, 4-6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 36беренесине, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерип берүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Конституциялык соттун 2022-жылдын 3-ноябрындагы токтому менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.

Ишти соттук отурумда кароодо “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамдын 14-беренесинин конституциялуулугун текшерүү С.К. Ысырановдун өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 17-майындагы аныктамасы менен токтотулган.

Өтүнүчтөн келип чыккандай, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери менен коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт деп белгиленген.

Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

Арыздануучунун пикири боюнча, коммерциялык эмес уюмдардын тиешелүү отчетту берүү зарылчылыгы алардын функционалдык көз карандысыздыгына тоскоол болот жана биригүү эркиндигине болгон укуктун чектелишине алып келет. Ар бир адамдын биригүү эркиндигине укугу өз кызыкчылыктарын коргоо, өз пикирин жана ишенимин билдирүү үчүн бирикмелерди түзүү укугун гана эмес, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн эркиндигин да камтыйт. Мындай мамиле, ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (20-беренесинин 1-пункту) жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (22-беренесинин 1-пункту) ар бир адамдын башкалар менен биригүү (ассоциациалануу) эркиндигине укугу жөнүндө жоболоруна шайкеш келет.

Ошону менен бирге кайрылуу субъектиси Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө жана эл аралык стандарттарга ылайык, биригүү эркиндигине болгон укук улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында гана Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экендигин белгилейт. Бирок, талашылып жаткан ченемдер көрсөтүлгөн максаттардын бирин да көздөбөйт. Кайрылуунун автору акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылууга жатпайт деп белгилейт, анткени ал Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 64-беренесинин жоболоруна туура келет, ал өз кезегинде салык төлөөчү жөнүндө ар кандай маалыматтарды салыктык сырга киргизет.

Кайрылуу субъектиси, ошондой эле талашылып жаткан ченемдер саясий партиялар, кесиптик бирликтер, диний уюмдар жана кооперативдер, ошондой эле коммерциялык уюмдар сыяктуу башка коомдук бирикмелерге жайылтылбайт деп эсептейт. Демек, салык органына отчет берүү жана коммерциялык сырды жоюу сыяктуу түйшүк түрүндөгү бул чектөөлөр басмырлоочу болуп саналат. Арыздануучу талашылып жаткан ченемдерде белгиленген милдеттенме коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн ашыкча чектөөгө алып келет деп эсептейт.

2023-жылдын 15-майында «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» КБ өзүнүн өтүнүчүнө толуктоо киргизген, ага ылайык, талашылып жаткан ченемдерди кабыл алуу жол-жоболорунун сакталышын текшерүүнү өтүнгөн. Тактап айтканда, арыздануучу мыйзам долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша) тийиш деп эсептейт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, эксперт катары ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоого түздөн-түз катышпаган адамдар тартылышы керек. Бирок, арыз берүүчүнүн пикири боюнча бул ченемдин талаптары аткарылган эмес, анткени экспертиза ошол эле мыйзам долбоору даярдалган органдын адамдары тарабынан жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, кайрылуу субъектиси аталган Мыйзамдын талаптары формалдуу түрдө аткарылганын белгилейт. Тактап айтканда, экспертизаларды жүргүзгөн Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмдөрүнүн корутундуларында Өкмөттүн корутундусун алуу жана парламенттик угууларды өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө гана сунуштар, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, аялдардын жана эркектердин укуктарынын, милдеттеринин, жоопкерчилигинин теңдештигинин, ошондой эле коррупциялык факторлорду камтыган белгиленген стандарттарды бузуучу жоболор жок деген тыянак гана чыгарылгандыгын белгилейт.

Баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу  субъектиси талашылып жаткан ченемдерди  Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.

Жоопкер-тараптын өкүлү Ысыранов С.К. талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт жана коммерциялык эмес уюмдарга карата төмөнкү негиздер боюнча басмырлоочу болуп саналбайт деп эсептейт.

Бардык коомдук бирикмелер адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн түзүлүшү мүмкүн жана өзүнүн каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылышы керек  (Конституциянын 8-беренесинин 1, 4-бөлүктөрү).

Ар бир салык төлөөчү белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө милдеттүү (Салык  кодексинин 51-беренеси). Салык отчетун белгиленген мөөнөттөрдө бербегендик үчүн юридикалык жоопкерчилик каралган (Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 308-беренеси).

Отчетту берүүгө ушундай эле талаптар мыйзам менен башка коммерциялык эмес уюмдарга, анын ичинде саясий партияларга (“Саясий партиялар жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренеси) жана диний уюмдарга (“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 26-беренеси) да карата  белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Д.К. Кенешбаев жоопкер-тараптыкына окшош позициясын билдирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык юридикалык жактар үчүн отчеттуулуктун ар кандай түрлөрү коммерциялык эмес уюмдардын айрым түрлөрү үчүн басмырлоо катары каралышы мүмкүн эместигин да белгиледи.

Юстиция министрлигинин жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн позициялары мазмуну боюнча жоопкер-тараптын позицияларына окшош.

Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат.

Ошентип, Конституциялык соттун бул иш боюнча кароо предмети болуп “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү саналат:

“17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы

  1. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
  2. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзам мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынып, “Эркин Тоо” гезитинин 1999-жылдын 3-ноябрындагы № 86 санына жарыяланып, Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

  1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү менен анын Конституцияга, анын ичинде кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартиби боюнча да ылайыктуулугун белгилейт. Мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү менен байланышкан маселелер да аларды кабыл алуу стадиясына кирет, бул учурда карама-каршылыктарды, дал келбестиктерди жана коллизияларды аныктоо предметине мыйзам долбоорлорун Конституция, колдонуудагы мыйзамдар жана эл аралык келишимдердин жоболору менен салыштыруу жүргүзүлөт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, анын ичинде коомдук бирикмелердин укуктук статусу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому менен бекитилген Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизанын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарга ылайык, экспертиза – бул мыйзам долбоорлорун ушул Стандарттардын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча эксперттердин иши болуп саналат. Экспертиза Жогорку Кеңештин комитети тарабынан дайындалат жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттери же мыйзам долбоорун даярдоого түздөн-түз катышпаган, сырттан тартылган адамдар же адамдардын тобу тарабынан жүргүзүлөт.

Экспертизанын түрүн тандоо түздөн-түз ченемдик укуктук актынын долбоору менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерге жана экспертизанын максатына (долбоордо аныкталууга тийиш) көз каранды экендигин белгилей кетүү керек. Мында экспертизанын бардык түрлөрүнүн, анын ичинде укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыктары илимий экспертизаны түзөт.

Иштин колдо болгон материалдары боюнча 2021-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Мыйзамынын долбоору адистештирилген экспертизанын бардык зарыл түрлөрүн жүргүзүүдөн өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү корутундусу бар.

Ошол эле учурда арыздануучунун жүргүзүлгөн экспертизанын мазмундуулугунун жетишсиздиги жөнүндө жүйөлөрү талашылып жаткан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жол-жобосунун бузулгандыгын ырастоочу негиз болуп саналбайт.

Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, ченем жаратуу процессинин ажырагыс баскычы болуп саналган адистештирилген экспертиза мыйзам долбоорун Конституциянын жоболоруна анын ченемдеринин шайкештигин, анын колдонуудагы мыйзамдардын жалпы системасы менен байланышын, эл аралык укуктук актылар менен өз ара катышын, актынын формасын тандоонун жана укуктук жөнгө салуунун ыкмаларынын негиздүүлүгүн, финансылык ресурстар, уюштуруучулук жана башка мамлекеттик чаралар менен камсыздалышын баалоо менен мыйзам долбоорунун алгылыктуулугун, анын колдонуудагы укуктук система менен айкалышын, ал кабыл алынып, андан ары ишке ашырылып калган учурда, келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарды жана тобокелдиктерди өз убагында аныкталышын камсыз кылууга тийиш.

Ушуга байланыштуу Конституциялык сот Жогорку Кеңеш тарабынан адистештирилген экспертизаларды өткөрүүнүн колдонуудагы системасын алар объективдүү фактыларга негизделген системалуу мамиленин жана бирдиктүү стандарттардын негизинде жүргүзүүсү, коюлган суроолорго жүйөлүү жоопторду камтуусу, болжолдуу баа берүүнүн тереңдигин, изилдөөлөрдүн толуктугунун жана кылдаттык даражасын чагылдырышы үчүн кайра карап чыгууга тийиш деп эсептейт. Жыйынтыгында адистештирилген экспертизалардын корутундуларынын мазмуну аларды ишке ашыруунун сапатынын өлчөмү катары кызмат кылып, бардык ченем жаратуучу ишти өркүндөтүү процессине илгери адымдоо менен таасирин тийгизиши керек.

  1. Укуктук жана демократиялык мамлекетти куруу бир катар факторлордун болушун болжолдойт, алардын таасири мамлекеттин өзөктүү демократиялык баалуулуктарын калыптандырууга жана бекемдөөгө өбөлгө түзөт, алардын бири болуп мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнөктөштүгүн чыңдоо саналат.

Жарандык коомду түшүнүүгө болгон бардык ыкмалар анын натыйжалуу иштешин жеке жана коомдук кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттен көз карандысыз аракеттенген социалдык бирикмелерди түзүү менен байланыштырышат. Бул бирикмелер түзүү эркиндиги, ошондой эле ишмердүүлүктүн максаттарын жана түрлөрүн, алардын уюштуруу түзүмүн аныктоодо өз алдынчалыктын максималдуу даражасы менен мүнөздөлөт.

Социалдык бирикмелер жарандык коомдун негизги элементтери болуу менен коомдун автономиясына, жеке жана коомдук кызыкчылыктардын шайкеш келишине жана тең салмактуулугун издөөгө өбөлгө болот жана адамдын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында саясий, экономикалык, укуктук, маданий, руханий чөйрөлөрдө мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Ошону менен бирге, бул аспектте социалдык бирикмелер мамлекетке баш ийбейт, бирок аны менен активдүү өз ара аракеттенип, иш жүзүндө мамлекеттик бийлик менен коомдун ортосундагы негизги ортомчу болуп санала тургандыгын эске алуу керек.

Демек, Конституциянын 36-беренесинин 8-берененин 1-бөлүгү менен өз ара байланышта демократиялык жана социалдык мамлекет катары Кыргыз Республикасында ар бир адамдын биригүү эркиндигине болгон укугу кепилденгени кокусунан эмес, ал Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарыяланган негизги укуктардын тизмесине киргизилген. Биригүү эркиндигине болгон укуктун мазмуну, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболорунда (22-берененин 1-пункту) да берилген.

Баяндалгандар биригүү эркиндигине болгон укукту толук ишке ашырууну камсыз кылуу демократиянын негизи, ар кандай бирикмелердин социалдык-экономикалык саясатка катышуусунун таасирдүүлүгүнүн жана жарандык коомдун мамлекеттик башкаруунун бүткүл структурасы менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн ачкычы экенин көрсөтүп турат. Биригүү эркиндигине болгон укукту ишке ашырууда бирикмелердин өз ишмердүүлүгүндөгү көз карандысыздыгы жана өз алдынчалыгы да маанилүү.

Ошентип, бирикмелерди түзүү жана алардын иштөө эркиндиги демократиянын талаптагыдай иштешинин өбөлгөлөрүнүн бири болуп саналат жана оболу алардын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын мамлекет тарабынан таануу менен камсыз кылынат. Бул уставда, программалык документтерде жана башка актыларда аныкталган алардын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун формаларын жана ыкмаларын тандоо эркиндигин билдирет, ал эми мамлекет өз тарабынан аларга жетишүүгө мүмкүн болгон жагымдуу шарттарды түзөт. Ал тургай бир катар учурларда коомдук бирикмелерге алардын милдеттерин ишке ашырууга гранттар, субсидиялар жана ар кандай салык жеңилдиктерин (киреше салыгынан, кошумча нарк салыгынан бошотуу (Салык кодексинин 191, 213, 253-беренелери) берүү түрүндө көмөк көрсөтөт.

Өз кезегинде, алардын өз миссиясын аткаруусу алардын коммерциялык эмес юридикалык жак – өз алдынча укуктук субъекттик түзүлүштөр катары укуктук жактан тариздөөдөн өтүшүн болжолдойт. Тиешелүү юридикалык статустун болушу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, талаптагыдай өз алдынчалыкты жана көз карандысыздыкты камсыз кылууга, ишке ашырылуучу коомдук пайдалуу бакубаттыктардын чөйрөсүн сапаттык жана сандык жактан көбөйтүүгө, аларга жетүү үчүн колдонулуучу укуктук ыкмаларды жана каражаттарды түрдүүчө кылууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда биригүү укугу каттоодон өткөн коомдук бирикмени түзүү укугу менен гана чектелбейт. Ал алда канча кеңири, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн биригүү укугун камтыйт («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 6-беренеси). Мында алардын экономикалык ишинин негизги пайдубалы анын кирешелүү эмес мүнөзү болуп саналат, алар катышуучулардын жалпы керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган өз ара пайдалуу уюмдарга жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн түзүлгөн уюмдарга бөлүнөт, алардын иши уюмга мүчө эмес жактардын кызыкчылыктарын камсыз кылат. Алар биригип, мамлекеттик жана коммерциялык секторлор менен катар эле экономиканын коомдук секторун түзүшөт.

Ошентип, мамлекет тарабынан коммерциялык эмес уюмдардын айрым чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө артыкчылыктуу көңүл буруу алардын ишинин негизинде турган принциптерге, анын ичинде социалдык функциялардын экономикалык функцияларга караганда басымдуулук кылуусуна, ишке ашырылып жаткан иш-аракеттердин коомдук пайдалуу жана кирешелүү эмес мүнөзүнө, пайданы социалдык милдеттерди камсыз кылууга жана өнүктүрүүгө гана жумшоого, каржылоонун ар кандай булактарын ыктыярдуулук жана өз алдынчалуулук негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен шартталган.

  1. Конституцияга ылайык, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн каржылык жана чарбалык иштеринин ачыктыгын камсыз кылат (8-берененин 4-бөлүгү). Мында айкындуулук принциби, башкача айтканда, ачык-айкындуулук жана маалымдуулук жалпы демократиянын негиз түзүүчү белгиси катары көрсөтүлгөн уюмдардын ишинин башкы негиздеринин бири болуп калат жана аларга мамлекет жана коом менен талаптагыдай коммуникацияны, ошондой эле алардын ортосундагы кайтарым байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Дал ушул мамлекеттин жана коомдун коммерциялык эмес секторго ишенимин калыптандырат, ал эми ишеним өз кезегинде алардын ишмердүүлүгүн колдоого конвертацияланат, бул коомдук маанилүү маселелерди чечүүдө өзгөчө маанилүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жобо “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинде чагылдырылган, ага ылайык коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга беришет. Ошол эле учурда мындай маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жайгаштырылууга тийиш.

Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын объективдүү белгиси болуп, анын ээсине пайда алууга көмөктөшүүчү белгилүү бир экономикалык артыкчылыктарды берүүдө турган алардын коммерциялык баалуулугу саналат. Башкача айтканда, коммерциялык сыр экономикалык кызыкчылыкка гана негизделген. Андыктан, коммерциялык уюмдардан айырмаланып, коммерциялык эмес уюмдардын негизги уставдык жана аны менен байланышкан каржы-чарбалык ишин чагылдырган көрсөткүчтөр коммерциялык сырга кирбейт.

Белгилүү болгондой, коммерциялык эмес уюмдар ишкердик ишти жүзөгө ашыра алышат, анткени бул алар түзүлгөн максаттарга жетүү үчүн гана кызмат кылат. Андыктан коммерциялык эмес уюмдардын негизги, коомдук пайдалуу функциясын алмаштыра албаган, негизги иши ишкердик иш болуп саналбаган жактар коммерциялык сырга болгон укуктун субъекттери боло албайт деген ырастоо негиздүү болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык орнотмого жана коммерциялык эмес уюмдардын ишинин принциптерине ылайык, каржылык ишмердиктин ачыктыгын камсыз кылуу, оболу, алардын жоопкерчилигинин көрүнүшү болуп саналат, бул өз кезегинде алардын баштапкы институционалдык арналышын сактоого жана алар тарабынан мүмкүн болуучу кыянаттыктарды болтурбоого жардам берет. Демек, акчалай каражаттарды түзүү булактары жана аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматты берүү милдети коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулук, айкындык жана ачыктык сыяктуу принциптерине толугу менен шайкеш келет.

Демек, коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча талашылып жаткан ченемдерде белгиленген талаптар биригүү эркиндигине карата конституциялык орнотмолорду мыйзамдуулуктун, жоопкерчиликтин жана ак ниеттүүлүктүн негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү милдети менен системалуу байланышта ишке ашырууга багытталган. Мындай талаптар коммерциялык эмес уюмдарга ар кандай булактардан, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан акчалай ресурстарды жана башка мүлктөрдү эркин издөөгө жана алууга, ошондой эле аларды өз алдынча тескөөгө тоскоолдук кылбайт, ошондуктан аларды биригүү эркиндигине болгон конституциялык укукту бузуучу чектөөлөр катары кароого болбойт.

Мындан тышкары, демократия өнүккөн көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдарында коммерциялык эмес уюмдардын каржы-чарбалык иши, анын ичинде аларды түзүү булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө отчеттуулуктун ар кандай формаларын камсыз кылуу зарылчылыгы каралганын эске алуу керек, бул алардын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган, бул ар бир коомдо конституциялык жактан акталган көрүнүш болуп саналат.

Ошону менен бирге мамлекет коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салуу менен алардын ички иштерине кийлигишип, мыйзамдуу уставдык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла албайт.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө, ошого тете коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсүнө да, мындай мыйзам тарабынан каралган учурларды албаганда, жол берилбейт.

Мыйзам чыгаруучу кийлигишүүгө укуктук тыюу салууну белгилөө менен, биринчи кезекте, алардын мыйзамда белгиленген чектерде өз функцияларын өз алдынча аткаруусун, бири-биринин укуктук статусун өз ара таанууну жана урматтоону, өз ара милдеттенмелерди так аткарууну аныктайт. Мында «кийлигишүү» терминин укуктун чегинен чыгуу, ички башкаруу механизмдерине басым жасоо аракети, мыйзамдуу функцияларды аткарууга тоскоолдук кылуу деп түшүнүү керек.

  1. Конституцияга ылайык эч ким жыныс белгисине, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка көз карашына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, же башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (24-берененин 1, 2-бөлүктөрү).

Басмырлоого тыюу жана мыйзам алдында бардыгынын бирдейлигине конституциялык кепилдиктин маанисин ачып көрсөтүү менен конституциялык контролдоо органынын чечимдеринде укук субъекттеринин укуктарындагы жана милдеттериндеги айырмачылыктарга алып келген бардык укуктук жөнгө салууларды дифференциациялоо мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, анын ичинде келип чыккан теңчилик принциптеринин талаптарын кармоо менен ишке ашырылышы керек, анын негизинде эгер объективдүү акталган болсо, негизделип, конституциялык маанилүү максаттарды көздөсө анда айырмачылыктарга жол берилет, ал эми буга жетүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга ѳлчѳмдѳш болот деп бир нече жолу белгиленген (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 11-майындагы чечими).

Баяндалгандарды эске алуу менен Конституциялык сот бирикмелердин түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү алар түзүлгөн максаттарга, алардын функцияларына, уюштуруучулар менен болгон мамилелерине, мүмкүн болуучу каржылоо булактарына жана башка факторлорго көз каранды экендигин белгилейт.

Конкреттүү мүнөзгө ээ болгон максаттардын жана милдеттердин, түзүлүшүнүн уюштуруучулук принциптеринин айырмачылыгын эске алуу менен ар кандай коомдук бирикмелердин ишин укуктук жөнгө салуу бирдей болушу мүмкүн эмес. Андыктан принципиалдуу айырмачылыктар, анын ичинде коомдук бирикмелердин бул же тигил түрлөрүнүн ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында отчеттуулукту талап кылуу маселесинде болуусу толук мүмкүн.

Ар кандай коомдук бирикмелердин ишин укуктук жөнгө салуунун адекваттуу өзгөчөлүктөрүн белгилөөнүн критерийлери аларды түзүүнүн себептериндеги жана алар көздөгөн максаттардын өзгөчөлүгүндөгү айырмачылыктарга негизделиши керек. Мында мамлекеттин кызыкчылыгы анын өзгөчө укуктук статусуна негизделген маанилүү фактор болуп саналат, демек коомдук бирикмелердин ишинин өзгөчөлүктөрүнө жана мүнөзүнө жараша берилген жыйынды маалыматтын мазмунундагы айырмачылыктар окшош субъекттерге бирдей эмес мамиле кылуу жана мыйзам менен сот алдында бардыгынын тең укуктуулугунун конституциялык принцибинин жана басмырлоого тыюу салуунун бузулушу катары баалоого болбойт.

Ошентип, талашылып жаткан ченемдер басмырлоо менен окшоштурулушу мүмкүн эмес, анткени алар колдонуудагы укуктук жөнгө салуу системасында өзүнүн маңызы жана багытталышы боюнча конституциялык талап менен шартталган коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган жана Конституциянын 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт.

Ошого карабастан, мыйзам чыгаруучу коомдук бирикмелердин бардык түрлөрүнө карата финансылык отчеттуулукка талаптарды белгилөөдө алардын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылган бирдиктүү мамилени жана укуктук режимди карманууга тийиш. Коммерциялык эмес уюмдарга салык кызматынын сайтында коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө жыйынды маалымат тууралуу маалымдарды жарыялоо боюнча кошумча талап, конституциялык орнотмолорду бузуу болуп эсептелбесе да, бирок бул башка коомдук бирикмелерге (саясий партияларга, кесиптик бирликтерге) мүнөздүү эмес, айырмалоочу милдеттенме катары болот. Бул талаптын отчеттуулуктун бардык башка формалары, анын ичинде жыйынды маалыматтан алынган бардык маалыматтар болгон учурда, салык органдарында ведомстволук караштуулугу боюнча жетишсиз негизделиши айрым субъектилерде анын негиздүүлүгүнө, ошондой эле аны киргизүүдө, калыстыкка күмөндү жаратат. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот бул милдетти бирдей коомдук мамилелердин субъекттерине акылга сыярлык талаптарга жана бирдей мамиле кылуу принцибине ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

 

Ч Е Ч Т И:

 

  1. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 2, 4, 5, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 36-беренесине, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө баяндалган укуктук позициялардан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизсин.
  3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, ал жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
  4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
  5. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтына жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчысында” жарыялансын.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!