"Эркин-Тоо"

КР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН

 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Жаныбек кызы Венеранын суроо-талабы боюнча «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн  экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө, «Канцлер» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Иван Викторович Плахутиндин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө, Тилек Алмазбекович Алмазбековдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

2023-жылдын 3-майы                                                                                                                      Бишкек шаары

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу Э.Ж. Осконбаевдин, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, Л.П. Жумабаев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К. Маамыталы кызынын катышуусу менен,

кайрылуучу тарап – «Канцлер» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Иван Викторович Плахутиндин; Тилек Алмазбекович Алмазбековдун;

жоопкер тарап – Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун,

үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Айнура Курманбековна Иманалиеванын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Азамат Токтосунович Маматкуловдун катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн  экинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Административдикпроцесстик кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Бул ишти кароого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызынын суроо-талабы, «Канцлер» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн И.В. Плахутиндин, Т.А. Алмазбековдун өтүнүчтөрү себеп болду.

Ишти кароо үчүн негиз болуп, «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн  экинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Административдикпроцесстик кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде пайда болгон аныксыздык саналат.

Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп, жана келтирилген иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызынын «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзам) 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн  экинчи абзацынын  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн, камсыздандыруучуну камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотуу маселесин укуктук жөнгө салууда юридикалык аныктуулуктун болгонуна байланыштуу  текшерүү жөнүндө суроо-талабы келип түшкөн.

Суроо-талаптан көрүнүп тургандай, судья В. Жаныбек кызынын өндүрүшүндө А.К. Жайчибекованын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине болгон камсыздандыруу суммасын өндүрүү жөнүндө доо арызы боюнча жарандык иш бар.

Мында, А.К. Джайчибекованын күйөөсү — А.М. Джайчибеков 2019-жылдын 19-январында аскер кызматын өтөп жаткан учурда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон.

Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын 3-беренесине ылайык, милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашыруудагы камсыздандыруу учуру деп камсыздандырылган адам аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошонгондон кийин, аскердик жыйындар аяктаган соң аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде алынган мертинүүнүн (жарадар болуу, травма, контузия) же ооруга чалдыгуудан улам бир жылга жетпей курман болуусу (өлүмү) таанылат.

Бул жагдайларга байланыштуу А.К. Джайчибекова күйөөсүнүн каза болгондугуна байланыштуу камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин финансы башкармалыгынын пенсиялык бөлүмүнө кайрылган.

Бирок, аталган Мамлекеттик комитеттин (азыркы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги) финансы башкармалыгынын пенсиялык бөлүмү камсыздандыруу суммасын төлөөдөн баш тартып, жогоруда аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талабы менен өзүнүн чечимин жүйөлөштүргөн. Ага ылайык, эгерде камсыздандыруу учуру камсыздандырылган адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп табылган жосун жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса, камсыздандыруучу милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан түзүлгөн, А.М. Джайчибековдун жол кырсыгын жасагандыгында шектенүү тууралуу билдирүү мындай баш тартуунун негизи болгон.

Мындан тышкары, автотехникалык жана трасологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен А.М. Джайчибеков тарабынан жол эрежелери бузулганы аныкталган, бул кайгылуу кесепеттерге алып келген. Ошол эле тергөөчүнүн токтому менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде (2017-жылдагы редакция) кылмышка шектүүнүн өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш кыскартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызы, талашылып жаткан ченем, анда камсыздандыруу суммасын төлөөдөн баш тартууга кайсы процессуалдык акт негиз болоору көрсөтүлбөгөндүктөн, конкреттүү, юридикалык жактан аныкталган мүнөзгө ээ эмес деп эсептейт.

Ошентип, Конституциянын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызы, шектенүү жөнүндө билдирүү, кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом окуяны коомдук коркунучтуу жосун катары аныктоочу сот актылары болуп саналбайт, анткени окуя жана кылмыштын курамы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо өкүмүн чыгару менен далилденүүгө тийиш деп белгиледи.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен В. Жаныбек кызы талашылып жаткан ченемдин Конституцияга ылайык келишин текшерүүнү суранууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 26-октябрындагы аныктамасы менен судья В. Жаныбек кызынын суроо талабы өндүрүшкө кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, сурооталабы Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабыл алынган судья (судьялар) тарап катары таанылбайт, жыйналышка чакырылбайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 11-октябрында «Канцлер» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – «Канцлер» ЖЧКсы) кызыкчылыгын көздөгөн И.В. Плахутиндин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – ЖПК) 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 94-беренесинин 1-бөлүгүнө прокурордун, тергөөчүнүн актыларын соттук актыларга теңеген бөлүгүндө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Өтүнүчтө белгиленгендей, 2017-жылдын 3-апрелинен 1-августуна чейинки аралыкта жеке ишкер Е.В. Соловьева (мындан ары – ЖИ Е.В. Соловьева) «Канцлер» ЖЧКсы менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүдө акыркылардан жалпы суммасы 3 487 838 (үч миллион төрт жүз сексен жети миң сегиз жүз отуз сегиз) сомдук товардык-материалдык баалуулуктарды андан ары сатуу үчүн алган. ЖИ Е.В. Соловьева үч айдан кийин андан аркы кызматташуудан баш тарткан.

Ушуга байланыштуу «Канцлер» ЖЧКсы менен аудитор Р.К. Нургазиеванын ортосунда «Канцлер» ЖЧКсы менен ЖИ Е.В. Соловьеванын арасындагы өз ара эсептешүүлөрдү демилгелүү текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөн. 2017-жылдын 15-ноябрындагы текшерүү актысынан көрүнүп тургандай, ЖИ Е.В. Соловьеванын «Канцлер» ЖЧКсына болгон карызы 604 841 (алты жүз төрт миң сегиз жүз кырк бир) сомду түзгөн, аны ЖИ Е.В. Соловьева мыйзамдуу түрдө кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Аталган карыз Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2019-жылдын 18-июлундагы чечими менен өндүрүлгөн, кийинчерээк бул чечим Бишкек шаардык жана Жогорку соттор тарабынан күчүндө калтырылган.

2022-жылдын март айында ЖИ Е.В. Соловьеванын өкүлдөрүнөн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жогорудагы чечимди кайтадан ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо жөнүндө арыз келип түшкөн, ал сот тарабынан канааттандырылган.

Кайрылуунун субъекти белгилегендей, ЖИ Е.В. Соловьеванын арызын канааттандырууга негиз болуп, «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен мыйзамсыз аудитордук корутундуларды түзгөн деп айыпталган Р.К. Нургазиевага карата козголгон кылмыш ишти доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кыскартуу жөнүндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсүнүн 2022-жылдын 4-февралындагы токтому саналат.

Өз өтүнүчүндө кайрылуунун субъекти, ЖПКнын 373-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кайтадан ачылган жагдайлар — бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар деп белгилейт.

Ошону менен бирге, ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, реабилитациялабай турган негиздер боюнча күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы эсептелет.

И.В. Плахутин ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту кылмышка шектүүнүн атайын жалган көрсөтмөсү, атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормосу, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы үчүн күнөөсүн прокурордун, тергөөчүнүн актылары менен аныктоого жол берип, аларды соттук актыларга теңейт, бул Конституцияга түздөн-түз карама-каршы келет деп эсептейт.

Анткени, Конституциянын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

Ошентип, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемге ылайык реабилитациялабай турган негиздер боюнча жазык ишин кыскартуу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн токтому соттук териштирүүсүз жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүсүз шектүүнүн күнөөсүн далилдейт жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз боло алат деген тыянакка келген. Бул жагдай Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат деген жобосун да бузат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, И.В. Плахутин талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы аныктамасы менен И.В. Плахутиндин кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылуулардан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 17-октябрында Т.А. Алмазбековдун Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинин (мындан ары – АПК) 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Өзүнүн өтүнүчүндө Т.А. Алмазбеков төмөнкүлөрдү белгиледи.

Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо стадиясы ишти адилеттүү чечүүнүн кошумча кепилдиги болуп саналат, ошондуктан бул жерде улуттук мыйзамдардын процессуалдык ченемдеринин укуктук коргоонун натыйжалуу каражаттарын колдонуу жолу менен соттук каталарды оңдоонун жол-жобосу боюнча эл аралык-укуктук стандарттарга шайкеш келиши маанилүү.

Т.А. Алмазбековдун пикири боюнча, сот актыларын жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо институтунун өзгөчөлүгү, ал жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө сот адилеттигинин жана мыйзамдуулуктун маанилүү кепилдиктеринин бири болуп саналат, анткени ал мыйзамдуу күчүнө кирген, бирок мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү шек туудурган ар кандай соттук актыларды, ишти биринчи ирет кароо учурунда сотко жана арыздануучуга көз карандысыз себептер боюнча, аларга белгисиз, кадыресе иш боюнча далилдөө предметине кирген олуттуу жагдайларды аныктоого байланыштуу жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул жобо улуттук мыйзамдардын жалпы ченемдерине гана жооп бербестен, калыптанып калган эл аралык тажрыйбага да жооп берет.

Кайрылуунун субъекти соттун мыйзамсыз же негизсиз, башка бир да тартипте оңдоого жатпай турган чечимин кайра кароо үчүн негиздердин көлөмүн чектөө сот актыларынын адилеттүүлүгүн жана сот тарабынан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну мүмкүн эмес кылат, бул Конституциянын жоболорун бузууга алып келет деп белгилейт.

Т.А. Алмазбеков белгилегендей, ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүндө саналып өткөн кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүнө караганда кыйла кеңири.

Ошентип, арыздануучунун пикири боюнча, ЖПКга ылайык, ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздеринин бири болуп, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы, жактын кылмыштуу жосундары саналат.

Муну менен катар, АПК боюнча жогоруда аталган кайтадан ачылган жагдайлар мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен гана аныкталат.

Ошентип, кайрылуунун субъекти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздерин АПКда мындай кыскартуу эч нерсе менен түшүндүрүлгүс жана негизсиз, ошондуктан бул адамдардын сот адилеттигине жетүүсүн чектейт жана жарандардын укуктарын олуттуу түрдө бузат деген тыянакка келет. Жогоруда белгиленгендер Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын түздөн-түз бузат.

Өзүнүн максаты боюнча ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо стадиясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сот аркылуу коргоонун зарыл шарты катары, сот актыларынын адилеттүүлүгүн кепилдөөгө, ошондой эле бардык башка процессуалдыкукуктук коргонуу каражаттары колдонулбай калганда же колдонулуп бүткөндөн кийин сот адилеттигинин калыстыгы жана сот актыларынын туруктуулугу сыяктуу баалуулуктарды колдоого чакырылган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Т.А. Алмазбеков талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызынын суроо-талабы жана «Канцлер» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн И.В. Плахутиндин, Т.А. Алмазбековдун өтүнүчтөрү өз ара байланышта болгондуктан, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык алар боюнча иштер судья-баяндамачынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы аныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.

2023-жылдын 24-апрелинде Т.А. Алмазбеков өзүнүн кошумча өтүнүчүндө АПКнын 263-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүүнү алып салууну суранган, ал канааттандырылган.

Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченемдер боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7-февралындагы чечимине көңүл буруу зарыл деген пикирин билдирди, ага ылайык прокурордун кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү баштоо укугунда Конституциянын ченемдерине карама-каршылык байкалбайт. Мындан тышкары, ал аналогия боюнча, тергөөчүнүн кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата кылмыш ишти кыскартуу милдети КЖПК жана анын ыйгарым укуктарынын мүнөзү менен аныктала тургандыгын белгилейт.

Талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбей турганын белгилеп, ошол эле учурда С.К. Ысыранов мисал катары бул маселени Россиянын мыйзамдары менен жөнгө салуу тажрыйбасын келтирди. Алсак, Россия Федерациясынын «Аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Федералдык Мыйзамында камсыздандыруучуну милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотуунун негиздери төмөнкүдөй аныкталган: камсыздандырылган адам тарабынан кылмышты жасоонун натыйжасында пайда болгон камсыздандыруу учурлары болсо жана мындай адам сот тартибинде бул кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса; камсыздандырылган адам тарабынан оор же өзгөчө оор кылмыштын белгилерин камтыган жосун жасалса, эгерде камсыздандырылган адамдын ажалына (өлүмүнө) байланыштуу кылмыш ишти козгоодон баш тартылса же болбосо айыпталуучу катары тартылган камсыздандырылган адамдын ажалына (өлүмүнө) байланыштуу кылмыш иш кыскартылса.

Ушуга байланыштуу жоопкер тараптын өкүлү Министрлер Кабинетине аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарды чет өлкөлүк мыйзамдардын оң ченемдерин тиешелүү толуктоолор менен кабыл алуу жолу аркылуу өркүндөтүүнү сунуштайт.

Т.А. Алмазбековдун АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча С.К. Ысыранов төмөндөгүлөрдү билдирди.

Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо институтунун негизги максаты болуп ишти маңызы боюнча чечкен мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жокко чыгаруу үчүн атайын негиздердин болуусун же жоктугун текшерүү саналат. Бул институттун болушу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы боюнча мурда аныкталбаган же аныкталбай калган соттук катаны оңдоого мүмкүндүк берет.

Өзүнүн максаты жана мазмуну боюнча бул институт процесстин катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарты катары сот актыларынын адилеттүүлүгүн кепилдөө үчүн иштелип чыккан, ал соттук чечимдердин адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун кошумча (резервдик) ыкмасы катары колдонулууга жана бардык башка процессуалдык-укуктук когонуу каражаттары колдонулгус же колдонулуп бүткөн учурлада пайдаланылууга багытталган.

Мында, соттук чечимдерди кайра кароо үчүн негиз катары кайтадан ачылган жана жаңы жагдайлар так аныкталган чектерге ээ болууга жана абстракттуу аныктамаларды камтыбоого тийиш, антпесе бул сот актыларынын укуктук туруктуулугуна жана аныктыгына карама-каршы келет жана укуктук мамлекеттин принциптеринин бузулушуна алып келет. Белгилей кетчү нерсе, мыйзам чыгаруучу мындай жагдайлар үчүн толук жана өтө конкреттүү, өлчөнүүчү критерийлерди белгилеген, алар адилет соттук териштирүүнүн, укуктук аныктуулуктун, укуктардын туруктуулугунун принциптерине шайкеш келет.

Баяндалганды эске алуу менен, ал АПКнын талашылып жаткан ченеми Конституцияга толугу менен ылайык келет деп эсептейт.

«Канцлер» ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн И.В. Плахутиндин ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча жоопкер тараптын өкүлү төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Кылмыш ишти реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген прокурордун, тергөөчүнүн актысы беренеде көрсөтүлгөн адамдарга карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү болбогондо, иш жүзүндө бул адамдардын күнөөсүн аныктап, алардын укуктарына белгилүү чектөөлөрдү киргизет.

Бирок Конституциянын 57-беренесине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот.

Конституциянын 94-беренесинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат., ошондуктан талашылып жаткан беренеде көрсөтүлгөн адамдардын күнөөсүн аныктоо үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү зарыл.

Жогорудагыларды жыйынтыктап, С.К. Ысыранов ЖПКнын талашылып жаткан ченеминин жазык ишти кыскартуу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн мыйзамдуу күчүнө кирген актысын жарандык иш боюнча сот актысын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз катары тааныган бөлүгүндө Конституциянын 57-беренесине белгилүү бир карамакаршылыктары бар экенин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү М.Н. Сапиянова Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

Мыйзамда жана келишимде камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун одоно шалаакылыгынан улам камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда камсыздандыруучунун мүлктүк камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу компенсациясын төлөөдөн бошотуу учурлары каралышы мүмкүн.

ЖПКнын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык (2017жылдагы редакцияда) каза болгонду реабилитациялоо же башка адамдарга карата ишти тергөө үчүн өндүрүш зарыл болгон учурларды кошпогондо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата иш боюнча өндүрүш кыскартылууга жатат. Бул негиз реабилитациялоочу негиздерге кирбейт.

Ушундай эле жобо колдонуудагы ЖПКда да каралган (27-берененин 1бөлүгүнүн 7-пункту).

Ошентип, М.Н. Сапиянова белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн ченем менен ишти кыскартуунун альтернативасы каралган – бул каза болгон адамды реабилитациялоо үчүн кылмыш ишин тергөөнү улантуу, бул укук мураскорлорго каза болгон адамды реабилитациялоого мүмкүндүк берет. Шектүү (айыпталуучу) каза болгон учурда соттук териштирүүнү андан ары жүргүзүүнүн зарылдыгы жок, анткени кылмыш-жаза сот адилеттигинин принциптеринин бири болуп кылмыш-жаза жоопкерчилигинин сөзсүз болушу саналат, ал шектүү (айыпталуучу) өлгөндө колдонулушу мүмкүн эмес.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен М.Н. Сапиянова Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Конституциянын 57-беренесине карама-каршы келбейт деп эсептейт.

АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн, ошондой эле ЖПКнын 373беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү бөлүгүндө Жогорку соттун позициясы жоопкер тараптын позициясына окшош, ага ылайык АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгү Конституцияга карама-каршы келбейт, ал эми ЖПКнын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесине прокурордун, тергөөчүнүн мыйзамдуу күчүнө кирген жазык ишин кыскартуу жөнүндө актысы жарандык иш боюнча сот актысын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз боло алат деген бөлүгүндө карама-каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.К. Иманалиева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы В. Жаныбек кызынын суроо-талабы боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш деп кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун таанылат (18-берененин 1-бөлүгү).

Жазык сот өндүрүшүндө күнөөсүздүк презумпциясы конституциялык принцибин (Конституциянын 57-беренеси) белгилеген КЖПКнын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык, айыпталуучу анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет.

Кыргыз Республикасында кылмыш иштери боюнча сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Соттун өкүмү болмоюнча эч ким кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылышы, ошондой эле кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес (КЖПКнын 8-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү).

Ошентип, адамдын кылмыш (коомдук коркунучтуу жосун) жасоодо күнөөсү, ошондой эле анын күнөөсүздүгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.

Ушуга байланыштуу А.К. Иманалиева Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту өзүнүн укуктук аныксыздыгынан улам иш жүзүндө камсыздандыруу суммаларын төлөөдөн өзүм билемдик менен баш тартуу үчүн шарттарды түзөт деп эсептейт.

ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү бөлүгүндө А.К. Иманалиев төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш кыскартылууга жатат.

Ошол эле учурда, эгерде айыпталуучу буга каршы болсо, КЖПКнын 27-беренесинин 4-бөлүгү аталган берененин 1-бөлүгүнүн 10-12 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол бербейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо актоо өкүмүн же соттолгон адамды жазаны өтөөдөн бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.

КЖПКнын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн бул ченеми айыпталуучунун Конституцияда таанылган укуктарын коргоого багытталган жана аны мыйзамда белгиленген процесстик формаларда натыйжалуу соттук коргоо укугунан ажыратпайт, демек, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектебейт.

Сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин кыскартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан өз алдынча кабыл алынат жана тигил же бул окуяны иликтөөнүн натыйжаларына акыркы баа берүүнүн натыйжасы болуп саналат.

А.К. Иманалиева соттор жарандык талаш-тартыштарды кароодо жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө гана аныктала турган же ырасталышы мүмкүн болгон жагдайларды белгилөөгө укугу жок экендигин белгилейт. Мындан улам ал ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.

АПКнын талашылып жаткан ченеми боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Бузулган укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү үчүн АПК мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын, анын ичинде кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүнчүлүгүн карайт.

Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүш мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн формаларынын бири болуп саналат. Бул институттун маңызы ишти кароодо сот тарабынан аныкталган жагдайларды, иштин жыйынтыгына олуттуу таасир тийгизе турган кайтадан ачылган жагдайларды эске алуу менен укуктук жактан кайра баалоодо жатат жана объективдүү чындык принцибин толук ишке ашыруунун каражаты катары кызмат кылат.

АПК жаңылыш сот актыларын оңдоо мүмкүнчүлүгүн караштырып, ошого карабастан, буга жол бериле турган чектерди белгилейт. А.К. Иманалиеванын айтымында, мындай шартта күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, мисалы, күнөөлүү адам каза болгондо, мунапыс, ырайым кылуу, кылмыш жазасынын эскирүү мөөнөтү аяктаганда. Көрсөтүлгөн учурларда сот актысынын адилеттүүлүгү мыйзамдуу мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм менен ырасталышы мүмкүн эмес.

Ошентип, ЖПКда АПКга салыштырмалуу кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери кыйла кеңири.

Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

Ушуга байланыштуу А.К. Иманалиева Т.А. Алмазбековдун АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун конституциялык эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчүн негиздүү деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү А.Т. Маматкулов Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын талашылып жаткан ченемине карата төмөнкүдөй позициясын билдирди.

Жазык-процесстик мыйзамдар жазык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салат, аларда процесстик аракеттердин алгоритми, анын ар бир катышуучусунун укуктары жана милдеттери чагылдырылат, ошол эле учурда ал, аталган аракеттер, ошондой эле укуктар жана милдеттер толук ишке ашырылышы үчүн бири-бирине тоскоолдук кылбагыдай кылып жазылган. Тергөөчү КЖПКнын 37-беренесинин негизинде чечим кабыл алат, мында мыйзам чыгаруучу тергөөчүгө каралып жаткан материалдар боюнча процесстик чечим кабыл алууга ыйгарым укук берет.

А.Т. Маматкуловдун айтымында, Коргоо министрлиги кылмыш иш реабилитациялык эмес негизде кыскартылгандыктан, компенсация төлөөдөн баш тарткан.

Ошол эле учурда кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтому шектүү, айыпталуучу, анын адвокаты, жабырлануучу жана (же) анын өкүлү, ошондой эле анын арызы менен сотко чейинки өндүрүш башталган адам же уюмдун өкүлү тарабынан тергөөгө көзөмөл жүргүзгөн прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн (КЖПКнын 259-беренеси), ушул жерден баштап күнөөсүздүк презумпциясы конституциялык принциби иштей баштайт.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен А.Т. Маматкулов Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын талашылып жаткан ченемин Конституциянын 57-беренесине карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.

  1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароо предмети болуп төмөнкүлөр саналат:

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик жобосу:

«268-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

  1. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленген, мыйзамсыз же негизсиз сот актысынын токтом кылынышына алып келген, күбөнүн же адистин билип туруп берген жалган көрсөтмөсү, эксперттин билип туруп берген жалган корутундусу, билип туруп жасаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдай далилдердин жасалмалыгы; »;

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик жобосу:

«373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, реабилитациялабай турган негиздер боюнча күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы;»;

«Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик жобосу:

«9-статья. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотуунун негиздери

  1. Камсыздандыруучу милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат, эгерде камсыздандыруу учурунда:

— камсыздандырылган адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп табылган жосун жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса;».

2017-жылдын 25-январындагы № 13 Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2017-жылдын 1-февралындагы № 1011 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп саналат. 2017-жылдын 25-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 12-13 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп саналат.

2004-жылдын 21-августундагы № 163 «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2004-жылдын 31-августундагы № 75 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп саналат.

  1. Конституциянын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Анын укуктук маңызы айыпталуучу, анын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү менен далилденген шартта гана күнөөлүү деп табыла тургандыгында туюндурулат. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес, күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Мында, күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт.

Бул принцип Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган  Адам укуктарынын жалпы декларациясында (11-берене), Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта (14-берененин 2-бөлүгү) да чагылдырылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16декабрындагы Чечиминде, күнөөсүздүк презумпциясы айыптоонун бардык көрүнүштөрүн четке каккан, айыпталуучунун коргонуу укугунун маанилүү кепилдиги болуп саналаары белгиленген. Айыпталуучу ага тагылган айып боюнча өзүн коргоо укугуна ээ, анткени күм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал өкүнөөсүз деп эсептелет. Күнөөсүздүк презумпциясы айыпталуучуну өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөө түйшүгүнөн бошотот, айыпталуучунун аңсезимине ашыкча баа берүүсүнө жол бербейт жана ал күнөөсүн мойнуна алганына карабастан иштейт, ошондой эле айыпталуучуну негизсиз айыптоодон жана соттоодон кепилдейт.

Күнөөсүздүк презумпциясынын айыптын шексиз далилденгендиги жана жоюлгус шектенүүлөрдү айыпталуучунун пайдасына чечмелөө тууралуу талаптары мамлекеттин бийлик органдарын иштин жагдайларын объективдүү жана калыс аныктоого багыттайт, ансыз ишти  сот тарабынан негиздүү жана адилеттүү чечүү мүмкүн эмес.

Күнөөсүздүк презумпциясы конституциялык принцибин так сактоо үчүн Конституцияда ал бузулган учурда келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун сот аркылуу толтуруу каралган (57-берененин 1бөлүгү).

Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары жалпысынан бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдар, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана кыйшаюусуз аткарылууга тийиш. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып башка мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын актыларына мүнөздүү болбогон төгүндөлбөстүк, өзгөчөлүк, милдеттүүлүк, преюдициялык, аткарылууга жөндөмдүүлүк жана өзгөрбөстүк касиеттерге ээ болот.

Күнөөсүздүк презумпциясы конституциялык принциби ошондой эле тергөөчүнүн, тергөө органынын жана прокурордун тергөө аяктаган адамдын күнөөсү жөнүндө корутундулары сот үчүн милдеттүү эмес экендигин да билдирет.

Ошентип, сот өзүнүн жогорку миссиясынын негизинде өзгөчө бийликтин ээси болуп саналат жана ал мамлекеттин атынан адамдын кылмыш жасоодогу күнөөсү жөнүндө өкүм чыгарууга, аны мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм менен бекитүүгө ыйгарым укуктуу бирден-бир орган болуп саналат. Бул функция эч кандай шартта башка мамлекеттик органга жүктөлүшү мүмкүн эмес.

3. Жазык процессинин негизги эрежелеринин бири преюдиция болуп саналат.

Преюдиция деп бир соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү (чечими) башка сот үчүн милдеттүүлүгү саналат, демек, ошол эле жагдайларды кайра изилдөө жана юридикалык баа берүү жокко чыгат (КЖПКнын 95-беренесинин 1-бөлүгү). Преюдиция соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнүн касиети болуп саналат жана аны сырттан башка чечимдер менен өз ара аракеттенүүдө мүнөздөйт. Мында төмөнкүдөй максаттар көздөлүүдө: сот бийлигинин чечимдеринин жалпыга милдеттүүлүгүн сактоо; сот бийлиги тарабынан кабыл алынган чечимдердин үзгүлтүксүздүгү; кылмыш иштер боюнча далилдөө процессин тездетүү.

Преюдиция ошондой эле сот чечимдеринин укуктук жана социалдык баалуулугун, алардын туруктуулугун да ырастайт. Предюдициялык фактылар сот, прокурор, тергөөчү, алдын ала тергөөчү тарабынан кошумча текшерүүнү талап кылбаган нерсе катары кабыл алынат. Преюдициялык аныкталган фактылардын жарактуулугу алар далилдөө ыйгарым укугу бар субъект тарабынан тийиштүү булактан алынгандыгын билдирет. Преюдициялык аныкталган фактылар бул башка, биринчи кезекте, чечилген иш боюнча далилдердин негизинде аныкталган жагдайлар. Бул далилдердин баары далилдөөнүн процессуалдык тартибинен өткөн: чогултуу (табуу жана бекитүү), текшерүү жана баалоо. Алардын негизинде чыгарылган корутундулар мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн (чечимдин) мазмунуна киргизилген.

Преюдициялык аныкталган фактыларды изилдөөдө тергөө органдары жана сот алар констатацияланган сот актысынын сапатын талкууга ала алышпайт жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жокко чыгарылмайынча бул актыга карама-каршы келген жаңы корутундуларды чыгара алышпайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же башка соттук чечимдин преюдициялык күчү сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы сот ишинин жана анын тажрыйбасынын бирдиктүүлүгү сыяктуу укуктук кубулуштун негизи болуп саналаарын белгилейт.

  1. Мыйзам чыгаруучу КЖПКда жазык ишин козгоо мүмкүн болбогон, ал эми козголгон иш Кыскартылууга тийиш болгон жагдайлардын толук тизмесин караштырган (27-берененин 1-бөлүгү), алар укуктук кесепеттерге жараша реабилитациялоочу, адамдын кылмыш жасоого катышы жок экендигин же болбосо окуя же кылмыштын курамы болбогондугун көрсөтүүчү, ошондой эле реабилитациялоочу эмес, белгилүү бир жагдайларда адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга мүмкүндүк берүүчү болуп бөлүнөт.

Мында, прокурор, тергөөчү жүйөлүү токтомду чыгаруу менен сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин кыскартуу ыйгарым укугуна ээ (КЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту, 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пункту).

Мыйзамдарга (ушул иште конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдик укуктук актыларга) ылайык тергөөчүнүн, прокурордун токтомунда аныкталган фактылар кийинчерээк жазык жана жарандык сот өндүрүшүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз боло алат, демек, үчүнчү жактардын укуктук мамилелерине олуттуу таасирин тийгизет.

Колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ылайык, кылмыш ишти реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартуунун жазык-укуктук концепциясы коомдук кооптуу аракет жасаган адамды тергөөчү, прокурор же сот тарабынан соттун потенциалдуу өкүмүн кандайдыр бир юридикалык чындык катары кабыл алуу менен анын жүрүм-турумуна айыптоо өкүмү формасындагы терс баа берүүдөн жана ага жазык мыйзамында каралган кылмыш-жаза мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуудан бошотууда турат. Бирок, көрсөтүлгөн маселе боюнча соттун мүмкүн болуучу өкүмү, алдын ала айтууга боло турганына карабастан, априори айкын эмес.

Буга чейин белгиленгендей, мамлекеттин атынан адамды кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таануу укугу, анын жазага тартыла турганына же андан бошотула турганына  карабастан, анын органынын бирине гана – сотко таандык. Бирок, ал жазык сот өндүрүшүнүн каалаган учурунда эмес, сот жазык сот өндүрүшүнүн бардык принциптерин сактоо менен белгиленген процессуалдык формада, соттук териштирүүнүн жыйынтыгында ушундай жыйынтыкка келгенде гана пайда болот.

Демек, мамлекеттин атынан жазык куугунтугун жүзөгө ашыруу ыйгарым укугуна жана ошол эле учурда милдетине ээ болгон алдын ала тергөө органдарынын (тергөөчүнүн, прокурордун) чечимдери өзүнүн юридикалык табияты боюнча преюдициялык күчкө ээ боло албайт жана кийинчерээк башка, өзгөчө кылмыш жасоодо адамдын күнөөсүн аныктоо тууралуу иштерди чечүү үчүн юридикалык мааниге ээ болгон фактылардын болуусун же жоктугун ырастай албайт. Реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу тууралуу алардын актыларынын мааниси  мыйзамдуулук жана жазанын сөзсүз болуу принциптерине карама-каршы келбеген учурларда укук коргоо жана сот тутумдарын перспективасыз процессуалдык иш-чаралар менен ашыкча жүктөөнү болтурбоодо турат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Конституциялык сот кылмышжаза мыйзамдарында иште камтылган фактыларга преюдициялуулукту берүүгө кызыкдар жактардын демилгеси менен реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча жазык ишин кыскартууга тыюу салууну жана ошондой эле кыскартылган ишти кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн камтыган укуктук механизмдерди караштыруу зарыл деген тыянакка келет. Бул учурда күнөөсүздүк презумпциясына жана юридикалык фактылардын преюдициялуулугуна жооп берген соттун өкүмү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо үчүн укуктук негиз боло алат, бул сот бийлигинин кол тийбестиги тууралуу конституциялык талаптарга толук жооп берет.

Судья В. Жаныбек кызынын суроо-талабынын мазмунунан келип чыккандай, Аскер кызматчыларын камсыздандыруу жөнүндө Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми камсыздандырылган адам тарабынан жасалган жосун кайсы процесстик акт менен коомдук кооптуу деп таанылышы мүмкүн деген суроодо бүдөмүк ойлорду камтыйт.

Конституциялык сот буга чейин бир нече жолу белгилегендей, мыйзам ченемдери формалдуу аныктыктын, тактыктын, айкындуулуктун, укуктук ченемдердин ачык-айкындуулугунун жана учурдагы укуктук жөнгө салуу системасында алардын ырааттуулугунун талаптарына жооп бериши керек. Укуктук аныктык принцибинин талаптарын сактабоо карама-каршы укук колдонуу тажрыйбасын пайда кылат, аларды эки ача чечмелеп берүү жана ээнбаштык менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн жаратат, ошону менен адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келиши мүмкүн.

Мыйзам чыгаруучу камсыздандыруучу менен камсыздандырылган адамдардын (пайда алуучулардын) ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салууда эгерде камсыздандыруу учуру камсыздандырылган адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп табылган жосун жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат деп белгилеген.

Жогоруда баяндалган укуктук позицияларга жана күнөөсүздүк презумпциясы, сот бийлигинин кол тийбестиги жана анын гана актыларынын преюдициялуулугу конституциялык принциптеринин үстөмдүгүнө ылайык, адамдын коомдук кооптуу жосунду жасоодогу күнөөсүн аныктоонун мыйзамдарда белгиленген тартиби деп соттук тартипти гана түшүнүү керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 97-беренесинин 4 жана 5бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

 

Ч Е Ч Т И:

 

  1. «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө камсыздандырылган адам тарабынан жасалган жосун соттон тышкары тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жана этиятсыздыктан жасаган учурда камсыздандыруучуну милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотууга жол берген даражада карамакаршы келет деп таанылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 94-беренесинин 1-бөлүгүнө «прокурордун, тергөөчүнүн» деген сөздөр менен баяндалган бөлүгүндө карама-каршы келет деп таанылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ушул Чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин.
  5. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
  6. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.
  7. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!