Биз коргоо министрине бир катар суроолорду жолдогонбуз. Бактыбек Бекболотов биздин соболдорубузга Балыкчы шаарындагы аскер полигонуна чогуу барып, ишти жеринде көрүп, жооп берүү үчүн чакырган. Иш жагдайын бирге көрүп баарлашып кайттык…
— Бактыбек Асанкалиевич, алдыдагы октябрь айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен биргеликте Балыкчы калаасында чоң машыгуу болоору пландалганынан кабардар болдук. Бул жагын кененирек өз оозуңуздан уксак дейм…
— Туура, ЖККУнун штабынан пландын негизинде быйылкы жылы машыгууну Кыргызстандан өткөрүү боюнча сунуш түшкөн. Биз буга макулдугубузду бердик. Анткени, айрым бир себептер менен өткөн жылы бул машыгууну Кыргызстандан өткөрө албай калганбыз. Мындай машыгуулардын Куралдуу күчтөрүбүз үчүн чоң мааниси бар! Бир жылдык окууларыбыз күжүрмөн машыгуулар менен коштолушу керек. Ошондуктан, ЖККУнун курамындагы мамлекеттер келгени жатышат. Ушул күндөрү Балыкчы полигонунда атайын аскердик техникалар менен машыгууларды өткөрүү үчүн кызуу даярдык көрүп жатабыз. Дал ушул Балыкчыдагы машыгуубуздун баса белгилей кетчү эки өзгөчө жери бар. Тагыраагы, бул аскердик маанилүү иш-чарага Президент Садыр Нургожоевич катышат. Дагы бир маанилүү жагдайы, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин аскердик машыгууга келери күтүлүүдө. Жогорку жетекчилик катыша турган бул машыгууга бардык жагынан даярдыктар кызуу уланууда. Жакында эле Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары катышкан “Эрдик” биргелешкен тактикалык атайын машыгуусун өткөрүп алдык.
— Экинчи маанилүү жагдайыңар кайсы?
— Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө деңиз аскерлеринин бөлүгү бар. Ушул жагын эске алып, биз Ысык-Көлдүн КойСары аймагындагы 5тен 7ге чейин деңиздик кораблдар менен атайын катерлерди машыгууга бергени жатабыз. Жакын арада Россия Федерациясына барып, ЖККУнун штабы менен да сүйлөшүп келгени турабыз. Алдыдагы аскердик машыгуубуз дал ушул эки өзгөчөлүк менен өткөнү турат. Аныгында мындай өзгөчөлөнгөн аскердик иш-чара болгон эмес. Машыгууларыбызда деңиз аскерлеринин машыгуусу маанилүү жагдай катары пландалган программага кирбегендигин айта алам.
— Соңку жылдары Куралдуу күчтөрүбүзгө Президент тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жатат. Башкы кол башчыбыздын мындай колдоосун сезип жатасыңарбы?
— Албетте, биз гана эмес, катарыбызда көп жыл кызмат кылып кетишкен ардагерлерибиз баш болуп Президенттин өзгөчө колдоосун сезип турабыз. Эң жөнөкөй мисал, бүгүн айлык акыларыбыз кыйла көбөйдү. Өзгөчө авиацияда жүргөн учкучтар, техникалык кызматкерлер, инженерлер коргоо министринен көп маяна алышат. Ушул эле авиация жаатыбыздын кызматкерлерине 30 жылдан бери аскердик кийимдер берилген эмес. Быйыл алардын аскердик формаларын биринчи жолу өзүбүздүн комбинаттан тигип, өздүк курамды кийим менен камсыздадык. Баткенде жайгашкан аскердик бөлүктөрүбүздө кызмат кылышкан жоокерлерибиз менен офицерлердин айлыктары кыйла көбөйдү. Өлкөбүзгө жаңы жетекчилик келгенден баштап канча жылдан бери турган аскердик техникаларыбызды биринчи жолу өзүбүздүн күчүбүз менен оңдоп-түздөй баштадык. Бул жагына каражат кадимкидей көп бөлүнө баштады. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, соңку 2 жылда Россия өлкөсү бизге аскердик техника жагынан жалпы 20 миллион долларлык өтө чоң жардамдарды берди. Биз да Президентибиздин колдоосун сезип, алыбыздын жетишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн келишинче аракет кылып жатабыз.
— Балыкчы шаары демекчи, аталган калаадагы аскер комиссариатына караштуу жердин айрым бир бөлүгү бир кездери жеке менчикке өтүп кеткендигин, учурда шаардык кеңештин депутаттары бул маселени чече албай, талаш жагдай жаралып жатканын бизге кабарлашты. Жетекчи катары бул маселе тууралуу сизде дагы маалымат барбы?
— Ачык айтайын, бул ишти мен биринчи ирет сенден угуп жатам. Азыр бул маселени жазып алдым. Дароо тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, ишти мындан ары өз көзөмөлүмө алам.