"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай АКБАРОВ: СҮЙҮҮ МЕНИ АЗГЫРГАНЫН КОЁ ЭЛЕК…”

— Агай, акын же жазуучу болууга кандай сапаттар керек?

— Эң башкысы, Кудайдан берилген шык-жөндөм керек. Анан калемгерликти тагдыр туткан адам калган жип-шуунун бардыгын көңүлдөн тыш калтырып, эң мыкты чыгармаларды жаратуу үчүн өзү менен өзү жан аябай иштеп, изденүүнүн эбегейсиз түйшүктөрүнө түтүп, адабият үчүн башын канжыгага байлап коюшу керек. Илгери Америкада дагы: “Кандай адамдар акын-жазуучу боло алышат?” – деген кызыл чеке талкуу жүргөн экен. Анда бирөөлөр башынан көп татаал окуяларды өткөргөн адам жазуучу болот дешсе, бирөөлөрү көп окуган адамдар жазуучу болот дешкен. Башка бирөөлөрү болсо талант-шыгы бар адам жазуучу-акын болот деп, жооп беришкен экен. Анан өзүнө ошондой суроо узатылганда Нобель сыйлыгынын ээси, айтылуу жазуучу Уильям Фолькнер: “Кандай адам жазуучу болмок эле. Адамзатка айтаар маанилүү ою бар адам жазуучу болот.” — деп ал талашка чекит койгон.

— Көзү өтүп кеткен улуу адамдардын ар бир окуясы кымбат болот эмеспи. Отту сүйгөн акын Жолон Мамытов менен чыгармачылык жакшы алакада болгон экенсиз?

— Ооба, Жокем менин акындык тушоомду кескен десем болот. Ал кезде чыгармаларыңды басмадан китеп кылып чыгаруу абдан оор жумуш болчу. Ошол маалда мыкты ырларды жазып жүргөн Тургунбай Эргешов басмага “Өлбөгөн кулга жаз келет”  деген жыйнагын алып барса, “жыйнагыңдын аталышын өзгөрт” — деп талап коюшуптур. Ал өзгөртпөй коюп, ошол бойдон Тукемин китеби көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпай калган. Андай талап коюулар абдан көп болчу.

Кезинде Жолон аганын өзүнүн ырларын да басмада иштеген ортозар эле дасмиясы бар редакторлор оңдоп жиберип чыгарып, нааразы кылган кездери болуптур. Ошондон улам Ж.Мамытов:

“Редакторлор кыскартышат

биздин жазган саптарды

 ательеге үч сом берип,

кыскарткандай жаңы шым,

Анда сынып бутактары,

мөмөлөрү, шактары,

билбейт алар бүтүн дарак

майып болуп калышын.” – деп жазган экен.

Басмага китеп тапшырыш үчүн автордун кол жазмасы үч нуска менен машинкага басылыш керек экен. Компьютер деген укмуш анда бизде жок болучу. Менин бир нуска менен басылган кол жазмам басмага кабыл алынбай калды (анда нускасын көбөйтүп бастыруучу техникалык каражаттар да жок эле). Жолон ага: “Анда кол жазмаңды мага таштап кете бер” – деди. Анан Чаткалда жүрсөм эле “Кыргызстан маданияты” деген жумалыктын бир бети толо менин ырларым жарыяланып калыптыр. Ал жумалык 250 миңден ашык нуска менен чыккан абдан абройлуу мезгилдүү басма сөз болучу. Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев болсо ырларыма баш сөз жазып салыптыр. Көрсө, анын баарын уюштурган Жолон Мамытов экен. Кийин Жокем менин ырларымды үч нускадан кылып машинкага бастырып, Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин төрагасынын орун басары катары (анда Ч.Айтматов төрага болчу) өзү кат жазып басмага сунуш кылып, кол жазманы басмага да өзү тапшырып коюптур. Чынын айтсам ага чейин менин чыгармачылыгыма күйгөн, абдан жөнөкөй адамды жолуктура элек болчумун. Көрсө, чыныгы адам, чыныгы акын дегендер ошондой болот тура.

— “Күйгөн жүрөк” аттуу ырыңызга элибиздин сүймөнчүгү, маркум Таалай Бектурганов обон жараткан эле…

— Таалай айылдаш иним болот. Ыр жыйнагым күтүүсүз колуна тийип калып, ушул ырды тандап алган экен. Ал кезде токсонунчу жылдардагы кыйынчылык мезгил эле. “Сиздин ырыңызга обон чыгардым” деп үйгө келип гитара менен ырдап берди. Кээде баш кошобуз деп убадалашып жүргөн, сүйлөшкөн кызын ээрчитип келип, чер жазыша сүйлөшүп отурчу элек. Тагдыр экен, өмүрү кыска болду. Эстесем азыр да ичим ачышат.

— Алтымыштан ашып калсаңыз дагы сүйүү ырларын күн алыс жазып, социалдык желелерге жарыялап турасыз. Сиз бул ырларды сүйүү менен жашап жазып жатасызбы же…

— Мени сүйүү азыркы кезге чейин азгырганын коё элек. Сүйүү бүткөн күнү адамдын маселеси да кошо бүтөт.

 

Афина БАКИРОВА

№88 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 3-ноябры