"Эркин-Тоо"

КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Президентибиз саясий эркин көрсөттү”

— Сүйүнбек Сапарбекович, өлкөбүздөгү өтө чоң көйгөйдүн бири болгон кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтүп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчилери кол койгон келишим Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында кабыл алынды. Коомчулукта айтылып жаткандай бул тарыхый чечим болдубу?

— Тарыхый чечим экени талашсыз чындык. Эң башкысы биз коңшу өлкө менен чек арабызды тактаган сүйлөшүүлөргө жетише алдык – бул чоң жеңиш. Анткени, жер чырынан улам улут аралык, мамлекет аралык мамилелер оорлошуп келген. Дүйнөдө канча согуш болсо, анын 99,9 жер маселесинен улам чыккан. Мына Жакынкы Чыгышты карайлычы, кылымдардан бери согуш токтой элек. Жердин айынан Украинада согуш жүрүп жатат. Ушундай кыйчалыш мезгилде чек араны чечүүгө бел байлап, жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Азыркы бийлик башындагылардан кеминде 10 жаштай улуумун. Мен бирөөнүн кулагына кебез төшөп, жасакерленүү үчүн эмес, чек ара маселесиндеги эрдикти айтып коюу менин милдетим. Беш жылдык согушка караганда беш мүнөттүк тынчтык өйдө турат дейт. Президенттин тапшырмасын кантип аткарыш керектигин генерал Камчыбек Ташиев көрсөттү. Анын жеке тартиби, саясий маданияттуулугу, чек араны иретке келтире турган укуктук актыларды терең түшүнгөндүгү, башка географиялык жааттарды жакшы өздөштүрүп, бөлөк өлкөлөрдүн өзүнө тең ата болгон өкүлдөштөрү менен тил табыша билгендиги менен өзүнүн баркынан кыргыздын наркын бийик тутуп, элибизди сүйүнткөн, кубандырган, ийгилигине ити да сүйүнгөн жакшы ишти бүтүрдү. Генералдын бул ишине таазим кылыш керек.

— Баткенде жашоонун өзү кооптуу болуп калган эле да…

— Эч ким калп айттырбайт, Баткен аймагында 8 жаштан 80 жашка чейинки жарандарыбыз бала-бакырасын көчүрө качырып, “Биз ичерибизди ичтик, жээрибизди жедик, эми чек араны коргоп өлөлү” деп, жашы улгайып калгандар чек арада калган учурлар болду. Баткенде эки ирет айылдар өрттөлүп, кыштактар талкаланды. Президентибиз Садыр Жапаров кейибей-муюбай туруп, аны эки ирет калыбына келтирди. Ошол эле учурда тирешүүнү, атаандашууну, ок атышууну көздөгөн, ортодогу чатакты ырбатууну каалаган күчтөрдүн чагымчылдыгына алдырбады. Акыл-эс менен кадам шилтеп, кыраакылык менен иш кылып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге тапшырманы жүктөгөн болчу. Аны эң жогорку деңгээлде генерал ишке ашырды. Учурда “Бөйрөктөн шыйрак чыгарганга” аракет кылгандар болуп жатат, акылга келгиле дээр элем. Баарыбыз билгендей чек ара бир тараптын гана кызыкчылыгы менен чечилбейт. Алмашуулар сөзсүз жүрөт, талаш аймактар тең жарымдан бөлүнөт. Анан дагы бизде шахматтык түрдө жайгашып калган турак жайлар көп болчу. Аларды чечүү өтө кыйын. Мына ушундай оор жагдайды чечүүдө кылдаттык менен экинчи тарапты кепке келтирип, нараазычылык жаратпай турган бир чийинди аныктап, жалпыбызга ынтымакты тартуулоонун өзү чоң жеңиш болду. Айрым учурда эки дос билгенин кылып жатат деген суу кечпеген сөздөр айтылып калууда. Мөмөлүү даракка таш ыргытат экен, ага көңүл бөлүштүн деле кереги жок. Эт менен челдин ортосунда жүрсө деле күн өтө бермек.

— Сөзүңүзгө аралжы, жоопкерчиликти моюнга алуу чоң эрдик экенин билип калдык. Буга чейинки жетекчилер чек араны чечүүдөн качып жүрүп кан төгүүлөргө алып келди да?

— Маселенин ток этээри ушул. Көптөгөн жетекчилер болду, бири да чек араны чечүүгө аракет кылган жок. Кайсы жерден жырып кетет, кайдан ок атылат деп бычактын мизинде жашадык. Чек ара чечилеринен түңүлүп, жергиликтүү тургундар үйдү салганда ок чыгара турган тешиги менен салгандар болду. Чындыгын айтканда элибиз устаранын мизинде жашады. Ошол учурда эки жакка жакшы көрүнгүсү келип, айрым учурда улуттун кызыкчылыгы тебеленип жатканына көз жумду мамиле жасап, жоопкерчиликтен качып келишти. Алардын азабынан жоокерлерибизден, жарандарыбыздан айрылдык. Чек ара менен ойнобош керек. Жогоруда айтып кеткенимдей дүйнө жүзүндөгү чатактын баары жерге байланыштуу. Жердин айынан миңдеген улут жоголду. Элдик чечимдерге баруу баарынын колунан келе бербейт. Президентибиз өзүнүн саясий эркин көрсөттү. Ушул тынчтыкты элибизге кут кылсын. Чек арабыз тынч болуп, Баткенибиз дүркүрөп өнүксүн. Коңшу деген кыргызда ыйык эсептелет. Тууганыңа бербеген үйүңдүн ачкычын “атам-энем келсе эшикти ачып бергин” деп коңшуңа калтырып кетесиң. Биз кошуналар менен тычтыкта жашашыбыз керек. Журтубузга жик салгандарга ак санатайлык менен жабыла жооп берип, биримдикке, тынчтыкка үндөгөн нарктуу сөздөрдү айткандан эринбейли. Баарыбыздын жүрөгүбүздү зыркыратып, жүлүнүбүздү сыздаткан чек арабызды чечип берген Президентибизге, УКМК төрагасына жакындан жөлөк, тирек болуп туралы. Мына чек арага кол койгондон бир жума өтпөй, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул да биздин ортобуздагы ынтымактын орношунун, алакабыздын чыңдалышынын көрсөткүчү болду.

— Чек ара боюнча чет өлкөдө жүргөндөр түрдүү ойлорду таратып жатышат. Бул бузукулук эмеспи?

— Муну ачык эле айтыш керек, элге жасалган карасанатайлык. Элдин тынчтыгы, өлкөнүн өнүккөнү аларды кызыктырбайт. Диванда жатып алып ар нерсени айтканга, эл арасын ириткен, кыжырын келтирген сөздөрдү таратканга аракет кылып жатышат. Бирок, Баткен эли курчуду. Алар төрөлгөндө эле бычагын кармап төрөлөт. Баткенде буту менен басып, мурду менен тынган жигит-кыздарынын баары кимдин ким экенин билип бүттү. Алар тынч жашагысы келет. Балдарынын короо толо ойноп жүргөнүн көргүсү келет. Ушул күндү ондогон жылдар бою күтүштү. Эч кимиси чечпей, далай жылдарды өткөрдү. Мына бүгүн ошол күн келди. Алар тирешүүнү, козутууну самаган журт бузарларды укпайт. Эл арасында мындай сөз бар, көчөдө баратканда үрүп чыккан иттин баарына жооп бере берсең, койгон максатыңа жетпейсиң деген. Андыктан, жол башчылар алагды болбошу керек.

— Чек араны чечүү менен катар УКМК тарабынан кылмышкерлерге жана коррупцияга каршы күрөш жүрдү, азыр да уланууда. Ушундай аракет менен жемкорлукту аң-сезимден арылта алабызбы?

— Президентибиз Садыр                 Жапаров өзүнүн инаугурациясында коррупцияга жана кылмышкерлерге каршы аёосуз күрөш жүрөрүн белгилеген. Ишке киришери менен укук коргоо органдарына тапшырмасын койду. Бул иште дагы Камчыбек           Кыдыршаевич Президенттин тапшырмасын кандай аткарыш керектигин көрсөттү. Ырааттуу иш планын түзүп, ишке ашырды. Көптөгөн өлкөлөрдө кылмышкерлер менен сүйлөшүп алып иш жүргүзөт, тамыры кыркылбайт. Бизде баары эл күткөндөй болду. Учурда жемкорлукка каршы күрөш уланып жатат, ооздукталарына ишенем. Кытайда киши өлтүргөнгө караганда коррупцияга барган өтө коркунучтуу катары саналып, атууга кетет. Анткени, киши өлтүргөн бирөөнү өлтүрсө, коррупционер өлкөнү өлтүрөт деп эсептейт экен. Демек, бул күрөш саясий кылдаттыкты, кээде чечкиндүүлүктү талап кылары шексиз. Ал ишке ашарына ишенем.

— Коомчулукта айтыла калган дагы бир суроону бере кетейин. Мамлекеттик катчы болгон кишилер кыргыздын идеологиясын издеп, кээ бири “Манастын жети осуяты” же “Боз үй философиясы улуттук идеологиябыздын биримдик башаты” дегенди сунуштаган. Сизде да сунуштар барбы?

— Сунушталмак турсун жарыяланды. Бүгүнкү Мамлекеттик катчы кыргыз наркы, адеп-ахлак, Манас үчилтиги, кыргыз жараны, окууга умтулган жаштарды мамлекеттин эсебинен каржылоо сындуу идеологиялык багыттагы 12 буйруктун долбоорун даярдап, жол картасын түздү. Муну менен биринчи этаптагы укуктук база түзүлдү. Экинчи этапта Мамлекеттик катчы Элдик курултайдын уюштуруу комитетин үч жыл катары менен жетектеп, иш алып барды. Үчүнчү, эң негизги этапта “Улуттук уңгу жол” идеологиялык доктринаны кабыл алды. Бир жыл иштедик. Ушул уңгу жолдо нарк-насил, адат-салт, ички жана сырткы алака-катыш, үй-бүлө мамилеси камтылды. Ага былтыркы жылы 18-декабрда Президент кол койду. Азыр жоболорун иштеп чыктык, ар бир мектепте нарк, ыйман, адеп, Манас таануу сабактары киргизилет деп жазылды. Эми уңгу жолду ишке ашыруу үчүн жыйырмага жакын мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 10го жакын Өкмөттүн токтому, жетиге жакын Президенттин буйругу чыгат. Аны 8 жаштан 80 жашка чейинки жарандарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн жатык тил менен жаздык. “Экономикалык өнүгүүнүн мыйзамдары коомдук формациядан экинчи формацияга өткөндөгү базар экономикасынын аң-сезимге тийгизген таасири” деп жазсак башканы кой, силер да чыга качасыңар. Илимпоздордун том-том китептерин ары түртүп койдук. Ата-энеңди сыйла, салык маданияты бул нарктуулук маданияты болсун, салык төлөгөн киши кадырлуу инсанга айлансын дегендей түшүнүктүү тил менен жаздык. Азыр үтүктү сайсаңыз да уңгу жол айтылып жатат. Муну окубай эле мени дабдыр, жомокчу деп жатат. Элди артка сүйрөп баратат, баягы жомогун баштады дегендер да бар. Ошонун баарына чыдап, элдүүлүктү какшап айтып жатам.

— Ошол «жомокчу» деген сөздү кандай кабыл алып жатасыз? Ага реакция кылып, башка ыкмаларга өтөйүн деген аракетиңиз барбы?

— Мен күчөтүп жатам. Мисалы, Ханс Кристиан Андерсен деген жомокчу болгон. Ошол кишинин жомоктору XX кылымдын башында 1 млрд 80 млн нускада басылды. Анын жомокторун баарыбыз окудук, бул бир. Экинчиси, Артур Конан Дойл дегенди билесиңер, ал эч качан тергөөчү, милиция болгон эмес, Шерлок Холмс ж.б. чыгармалары бүт ойдон чыгарылган. Дүйнөлүк криминологиялык, иликтөөчүлүк илимдин негизин түздү. Үчүнчүсү, Жюль Верн деген XVII кылымда “Капитанская дочка”, “Таинственный остров”, “Капитан Немо” деген фантастиканы, жомокту жазып чыкты. Адамдар Айга учат, суунун астында жашайт дегенде эл өрттөп жибере жаздаган. Ал учурда жомок болчу. Арадан 300 жыл өттү, азыр суу алдында сүзүп, Айга учуп, кабат үйлөрдө жашап жатабыз. Ушинтип улуу жомокчулар келечекти түптөдү. Менин да жомогум келечекте нарктуулукту, баалуулукту, курчтукту, улутту сактап калууну алып келет деп ишенем. Жомокчу болгонума сыймыктанам.

Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы