Айыл чарбасынын учурдагы абалы, келечектеги аткарыла турган иштердин натыйжалары тууралуу Бакыт Төрөбаев менен кеңири маанайда маек курдук.
— Бакыт Эргешевич, жакында Президент Садыр Жапаров “Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын башкы максаты эмнеде?
— Жарлыктын башкы максаты – агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Учурда Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн 5 багыттагы планды алдыга коюп, иш алып баруудабыз. Мында эң оболу, ирригация маселеси. 2028-жылга чейин биз 106 бассейнди (БСР, БДР), резервуарларды куруу, аларда 987 млн куб сууну топтоо, 223,7 миң гектар аянттагы сугат айдоо жерлерин суу менен камсыздоону ишке ашырууга белсендик. 1800 суу скважиналарын калыбына келтирүү менен 120 насостук станцияны оңдоону, 200,0 миң гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын орнотууну мерчемдеп турабыз. Бул иш-чараларга 407 млрд сом каражат сарптоону карадык. Экинчи багытыбыз өз ичине үрөн, көчөт, урук менен камсыздоону камтыйт. 2028-жылга чейин 38 миң тонна жогорку сапаттуу үрөндөрдү өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыздоону, 20 млн сапаттуу көчөттөрдү даярдоону, 2025-жылга чейин 5 жаңы питомниктерди уюштурууну колго алдык. Өлкөнүн климатына ылайыкташкан ар бир өсүмдүктүн 10 сортун өстүрүү менен малдын 10 породасын аныктап, аларды лизинг программасына жеңилдетилген шартта сатып алууну киргизүүнү негизги приоритетибизге айланттык. 200 миң уйду жасалма жол менен уруктандырып, 2030-жылга чейин ар бир уйдан 5000 литрден сүт саап алуу, ар бир райондо чыктуу тоют даярдоо базаларын уюштуруу биздин негизги максаттарыбызга айланды. Үчүнчүсү, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, кооператив, МТС болуп эсептелет. 2040-жылга чейин өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн 50%га жеткирүү, 20 соода-логистикалык борборлорун түзүү, эл аралык стандартка ылайыкташкан 20 мал союу түйүндөрүн уюштурууну максат кылуудабыз. 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен өлкө калкын толук камсыздоо жана 424 кооперативдерди уюштуруу, аларга 13,6 миң гектар мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү негизги иш-пландарыбыздын бирине айланды. Учурда райондордо 40 МТС уюштуруу пландалууда. Техниканы лизингге берүү багытында 45 млн доллар Ислам өнүктүрүү банкынан бөлүнүп жатат. Төртүнчү багытыбыз экспортко байланышкан. 2030-жылга чейин айыл чарба азыктарынын экспортун 2 эсе көбөйтүү, жогорку кирешелүү 60 продукцияны экспорттоо, эл аралык стандартты киргизген өндүрүштүк ишканаларды 2 эсеге көбөйтүү, 650 балык өнөр жай ишканаларын түзүү жана балык продукциясынын экспортун 105 миң тоннага жеткирүүнү мерчемдеп турабыз. Азыктарды таңгактоо, маркировкалоо иштерин жана өлкөлөр ортосунда мультимодалдык ташууларды уюштурууну колго алалы дедик. Акыркы бешинчи багытта – илим, окутуу, тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды киргизүү жаатында алдыңкы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү, азыктарды даярдоо, таңгактоо, сертификаттоо, сактоо процесстерин жакшыртуу, азыктарды бирдей формада жана көлөмдө даярдоо, малды уруктандыруу адистерин даярдоо боюнча окутуу иштерин туруктуу жүргүзүүгө олуттуу маани берилип, үзгүлтүксүз иштер алып барылат.
— Жарлыкты ишке ашырууда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу?
— Албетте, Жарлыкты ишке ашыруу айрым бир өзгөрүүлөрдү камсыздайт. Тагыраагы, ирригация тармагында суу топтоочу бассейндер ишке берилет, скважиналар калыбына келтирилип, насостук станциялар оңдолот жана сугат жер аянттарын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Айыл чарба тармагында сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, асыл-тукум малдын уруктары менен камсыздоо жакшыртылат, өндүрүш көрсөткүчтөрү өсүү жолуна түшөт. Кайра иштетүү ишканалары, жаңы кооперативдер, МТС жана жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Продукцияны кайра иштетүүнүн көлөмү көбөйөт, ирилештирүү процесси жүргүзүлүп, ири-товардык өндүрүш калыптанып, өндүрүшкө алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологиялар киргизилет. Окуулар өткөрүлүп, дыйкан-фермерлердин билим деңгээли жогорулайт.
— Кооператив жана кайра иштетүү өнөр жайындагы абалга токтоло кетсеңиз. Үлүш жерлерди ирилештирүүдө дыйкандарга колдоо же жеңилдиктер каралганбы?
— Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары кимдин 1 млн сомго чейин насыясы болсо, мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Бирок жөн эле жоюп бербейт. Ал үчүн атайын талаптар бар. Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Мамлекеттик фондунун жерлерин түз жолу менен ижарага 20 жылга чейин берүү, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жеңилдетилген шартта берилет. Ушул жол менен майда дыйкан чарбаларды 2030-жылга чейин 424 ири кооперативге бириктирүү пландалууда. Мындай бириктирүүнү кызыктыруу үчүн “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору иштелип жатат. Ага ылайык жеңилдетилген насыя каражаттарын 6% эсебинде 5 жылга берүү каралууда. Азыр акча каражаттары бар. Алсак, 70 кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачууга Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 40 млн доллар берилип жатат. Дүйнөлүк банк 35 млн доллар акча каражатын аймактарда (Жалал-Абад, Нарында) багбанчылыкты өнүктүрүү, сүт өндүрүүчүлөрдү (Ысык-Көл, Талас, Чүй) колдоого бөлүүдө. Мындан сырткары региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 50 миллион сом койдун жүнүн кайра иштетүүгө бөлүнгөн. Акимдердин фондундагы 30 млн сомдун 5 млн сому айыл чарба багытындагы долбоорлорго каралган. 2025-жылы айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү жана каржылоо үчүн республикалык бюджеттен “Элдик Банк” жана “Айыл Банкка” ар бирине субсидия үчүн 700 млн сом кароо пландалууда. Анын ичинен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбооруна 300,0 миллион сом, “Айыл чарбасын каржылоо” долбооруна 400,0 миллион сом каралат. Долбоорлордун алкагында каржылоо “Мал чарбачылыгы”, “Өсүмдүк өстүрүү”, “Кайра иштетүү” багыттарына бөлүнөт.
— МТСтерди уюштуруу боюнча да айтсаңыз…
— Учурда өлкөбүздө 152 МТС уюшулган. Тагыраагы, 55 муниципалдык, 97 жеке менчик ишкана. Алардын карамагында 3000ден ашык айыл чарба техникалары бар. Мындан тышкары, 10 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканалар уюшулган, анын экөөсү муниципалдык жана сегизи жеке менчик. Учурда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аймактарда МТСтерди уюштуруу тапшырмасы коюлуп, иштер жүрүүдө. Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында 2040-жылга чейин өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн 50 %га жеткирүү үчүн 25 ири кайра иштетүү ишканаларын, 20 чоң соода-логистикалык борборлорун түзүү, эл аралык стандартка ылайыкташкан 20 ири мал союу пункттарын уюштуруу пландалууда. 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен өлкө калкын толук камсыздоого жетишүү каралууда. Бүгүн өлкө аймагында 413 орто кайра иштетүүчү ишканалар, 10809 майда ишканалар, 249 мөмө-жемиш кампалары, 33 соода-логистикалык борборлор, 104 мал союу түйүндөрү иштеп жатат.
— Суу менен айыл чарбасы бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр эмеспи. Суу тармагында кандай реформалар жүрүп жатат?
— Өлкөдө 1 млн 023 миң гектар сугат аянттары бар. Учурда бул аянттарга суу жеткирген ирригациялык инфраструктуралардан чарба аралык ири каналдар мамлекеттин, ички чарбалык каналдар айыл аймактарынын жана суу пайдалануучулар ассоциациаларынын карамагында турат. Суу менен камсыздоодогу негизги көйгөйлөр ирригациялык инфраструктуранын эскилигинен, ички чарбалык каналдарда тейлөөнүн начардыгынан сугат суулары коромжу менен пайдаланылууда. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин чечими менен ички чарбалык ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктураларды мамлекеттин карамагына алуу иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында сугат сууларын тейлөө толук суу чарба башкармалыктары аркылуу жүргүзүлүп, суу пайдаланууда көзөмөл күчөтүлөт. Учурда суу чарба башкармалыктарынын механикалык паркын күчтөө менен каналды оңдоп-тейлөөнү жакшыртуу боюнча быйылкы жылы 104 атайын курулуш техникалары алынат. Кийинки жылдарга дагы кошумча 670 техника алуу пландалууда. Мындан сырткары күзгү жана жазгы ным топтоо сугаттарын толук кандуу жүргүзүү үчүн жеринде жумуштар күчөтүлөт. Суу үнөмдөөчү алдыңкы технологияларды жайылтуу боюнча жумуштардын алкагында быйыл тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу үчүн 400 миллион сом каралып, 2 миң гектар жерге орнотуу иштери аткарылууда. Ал эми 2025-жылга 23 миң 926 гектар жерге орнотуу пландаштырылууда. Буга 1 миллиард сом бөлүүнү карап жатабыз. Жыл сайын бул аянттарды көбөйтүү менен 2028-жылга 120,0 миң гектарга жеткиребиз.
— Таза суу маселеси Кыргызстандын бардык аймактарында биринчи кезекте көңүл бурулуучу көйгөйлөрдүн бири. Таза суу менен калкты камсыз кылуу жаатындагы иштерге да токтоло кетсеңиз.
— Учурда өлкө боюнча калктуу конуштардын саны 1906 түзөт. Анын ичинен 835 айылда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана калыбына келтирүү жумуштары аткарылган. Азыр 1071 калктуу конушта ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн 946 млн доллар талап кылынууда. 2016–2026-жылдарда Өнүктүрүү программасынын алкагындагы жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмү 576,8 млн долларды түзөт. Дагы 305,44 млн долларды түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана калыбына келтирүү долбоорлору башталуу этабында турат. Учурда өлкө казынасынан 85 объектти 3242,7 млн сомго куруу каралган. Анын ичинен 537,8 млн сом бөлүнүп берилген, 44 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Донорлордун эсебинен 24 шаарда, 459 айылдык конуштарда 875,8 млн долларга таза суу объекттерин орнотуу иштери жүрүүдө. Таза суу тармагында 6 долбоорду 3 шаарда жана 210 айылдык конушта 305,4 млн долларга ишке ашыруу пландалып, техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдоо иштери аткарылууда.
— Бизде ар жылы кайсы бир белгилүү продукцияны экспортко чыгарууда көйгөй жаралат. Дыйкан өндүргөн продукциясын кантип тоскоолдуксуз сата алат?
— Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз кылууда жана органикалык сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүп, экспортко чыгарууда ички-тышкы базар наркын анализдеп, экспорт менен алектенген ишкерлер менен алдын ала келишимдерди түзүп иш алып барган өз жемишин берет. Учурда жер бош жаткандан көрө буудай, арпа же дагы башка нерсени айдап коёюн деген болбойт. Эмгек кылганга жараша киреше алууну ойлонуш керек. Себеби, ар жылы өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү, баасы туруктуу бир өлчөмдө кармалбайт. Бир жылы жогору болсо, кийинки жылы төмөн болуп өзүн актабай калышы мүмкүн. Буга өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн талап кылынган өлчөмдөн көп болушу же тескерисинче аз болушу базар баасына түз таасирин тийгизет. Ошондой эле өндүрүлгөн азыктын сапаты дагы чоң роль ойноорун белгилеп кетким келет. Ушундай факторлорго жараша баа аныкталат. Андыктан ким кандай айыл чарба багытындагы продукцияны өндүрүүнү максат кылбасын, алынган түшүмдү сатып пайда көрүү үчүн базар наркын түшүнгөн, экспорт менен алектенген ишкерлерден, адистерден кеңеш алып, алдын ала келишим түзүп, өнөктөш таап, ошого ылайык эмнени көп, эмнени азыраак айдаш керектигине анализ жасап алуу максатка ылайык болот. Өлкө жетекчилигинин саясаты – айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү. Ал үчүн дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү багытында экспорттун көлөмүн арттырууга маани берилип жатат. Ар бир аймактын климаттык шартына жараша өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынан дүйнөлүк стандартка шайкеш кайра иштетилген даяр азык-түлүктөрдү чыгаруу колго алынууда. Заманбап кайра иштетүү өнөр жайларын куруп, аларды өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалууда. Бүгүн Кыргызстан – Кытай кызматташтыгы өркүндөп, Кытайга жеткирилүүчү айыл чарба продукциясыннын түрүн кеңейтүү боюнча активдүү иш жүрүүдө. Ушуга байланыштуу Кытайдын башкы бажы башкармалыгына 38 түрдөгү айыл чарба продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн арыздар жиберилди. Азыркы учурда тараптар 13 протоколго кол коюп, макулдашышты. Ал эми дагы 6 протоколдун долбоорлору акыркы макулдашуу баскычында турат.
— Дыйкан-фермерлерибизди жогорку кирешелүү, сапаты мыкты көчөттөр менен камсыз кылуу иштерине көңүл бурулуп жатабы?
— 2023-2024-жылдар аралыгында өлкө аймагындагы питомниктерге инвентаризациялоо жүргүзүп, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өндүрүү жана көбөйтүү менен алектенген 15 чарбага тиешелүү статус бердик. Муну менен жогорку сапаттагы, сорттун тазалыгы тастыкталган көчөт материалдары менен багбандарды, фермерлерди камсыздоо мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз. Статус алган питомниктерде 2025-жылы багбандарга сунуштоого 11 млн 868 миң 703 даана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү даяр болуп калды. Учурда сапатка терең маани берилип жаткандыктан, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы, экспорттоого багытталган сортторунун түрлөрүнө талдоо жүргүзүлүп, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого токтом менен чектөө киргиздик. Бул кадамыбыз бирдей сорттогу, баалуулугу жогору мөмө-жемиш сортторун өстүрүүгө жол ачып, өлкөнүн экспорттук потенциалынын жогорулашына шарт түзөт. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар дыйкан-фермерлердин сапатсыз көчөт алуусун, каржысын текке кетирүүсүнүн алдын алат. Маселен, сарымсакты (чеснок) өстүрүүдө, жер айдоо, урук, тамчылатып сугаруу, азыктандырууга кеткен жалпы чыгымы бир гектарга 345 500 миң сом сарпталса, түшүмүн гектарына 13 тоннага чейин алууга мүмкүн. Бүгүнкү баасы 240 сомдон болгондо 3 120 000 сом киреше алса болот. Ошол эле брокколи, түстүү капуста, чычырканактан дагы жогору киреше алууга жакшы мүмкүнчүлүк бар.
— Малдын асылдуулугун арттыруу учурдун орчундуу талабы болуп жатпайбы. Дегеним, малдын эттүүлүгү жана сүттүүлүгү төмөндөп кетти. Мындай шартта малды жасалма жол менен уруктандыруу жагын жолго коюуда кандай иштер аткарылууда?
— Бүгүн өлкө аймагында 264 жасалма уруктандыруу түйүндөрү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. 2024-жыл ичинде 44642 баш уй-кунаажындар уруктандыруудан өткөрүлдү. Учурда мамлекеттик “Элита” станциясы 6535 кг суюк азот өндүрүп, аймактардагы техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келүүдө. Малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында 2024-жылга дистрибьютордук борборлор тарабынан чет өлкөлөрдөн ташылып келинген асыл тукум уруктук материалдар 52 330 дозаны түздү. Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту 30 500 доза өндүрүп (баасы – 150 сом) республиканын техник уруктандыруучуларын камсыздады. Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун базасын жакшыртуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан токтом кабыл алынып, 17,6 млн сом акча каражаты асыл тукум малдын сапатын жакшыртуу максатында бөлүнүп берилди. Бул каражатка Европа өлкөлөрүнөн, сапаттуу геномдук баасы койулган, 4-муунга чейин изилденген 9-12 айлык асыл тукум өндүргүч букачарлар сатылып алынат. Алынып келген асыл тукум букачарларды институттун биоборборунда өстүрүп, жогорку сапаттагы уруктарды алып, тоңдурууга үйрөтүлөт. Жогорку сапаттагы букалардан тоңдурулган уруктары алынып, фермерлерге таратылат. Кой чарба багытында асылдандыруу иштерин колго алып, “АРАШАН” породасындагы эң сапаттуу асыл тукум өндүргүч кочкордон урук алынып тоңдурулууда. Институттун базасында адистердин коштоосунда 5000 доза урук тоңдурулуп Генбанкка жайгаштырылды. Ар тараптардан учурда сатып алууга арыздар түшүүдө.
— “Тамарка” деген кызыктуу долбоор тууралуу айтып берсеңиз.
— Өлкөбүздүн айылдарында 2016-жылдагы каттоодо аныкталган 843 000 кожолук бар экен. Анын ичинен 598 000 кожолуктун короо жайында бак тигип, эгин эксе боло турган 10-50 сотых короо-жай участогу — тамаркасы бар. Социалдык-экономикалык маани-маңызы чоң экендигин көңүлгө тутуп, министрлик “Бай багбан” ассоциациясы менен биргеликте “Тамарка” улуттук программасынын долбоорун сунуштап жатат. “Тамарка” аймактарга, ар бир айылга арналган, “Бир айыл — бир продукт” формуласына төп келген агротехникалык моделин түзүү, өсүмдүктөрдүн ар түрлөрүн жайылтуу жана көбөйтүү болуп саналат. Биз өсүмдүктөрдү каныктырып сугаруу үчүн заманбап тамчылатып сугаруу системаларын орнотобуз. Бул сууну үнөмдөөгө жана экологиялык стандарттарга ылайык өсүмдүктөрдү керектүү өлчөмдө нымдуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 2025-жылдын жаз айларынан баштап пилоттук негизде 2-3 жеке менчик үйлөрдүн короо жайларына жогоруда айтылган “Тамарка” долбоорун уюштуралы деп жатабыз. Андан кийинки кадамдарыбыз ар бир облустан 100дөн үй-бүлөгө жайылтуу пландалууда. Долбоордун негизги максаты элдердин иштетилбей жаткан короо жайларынан кирешелүү булактарды түзүп берүү болуп саналат.
— Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетип жатасыздар. Жыйынтыгы кандай?
— Министрлик учурда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда. Алсак, балык чарбасы боюнча – 14, канаттуулар чарбасы – 12, ТЛЦ жана кампалар – 13, питомниктер – 11, мал чарбасында – 8, жүндү кайра иштетүү – 5, сүт багыты – 5, машина-трактор станциялары – 3, айыл чарба өсүмдүктөрү – 18, илимий-агартуу демилгелери – 7 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. Алардын ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат. Азыр 96 долбоордун ичинен 20сы 1,072 млрд сом суммасында каржылоо алган. Алар – соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү багыттарын камтыган долбоорлор болуп саналат. Долбоорлордун каржылоосу мамлекеттик бюджеттен, агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасынын алкагында “Айыл Банк” жана “Элдик Банк”, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Дүйнөлүк банк, ФАО сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу каралган. Дагы 8 долбоорду 760 млн сомго каржылоо жактырылган. Зарыл болгон талаптар аяктагандан кийин ишкерлер бул каражаттарды ала алышат. Калган 68 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жерге уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлгөндөн кийин чечилет. “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору менен өсүмдүк өстүрүү тармагына 1301 насыя 424 млн сом, мал чарба тармагына 8301 насыя 3 млрд 369 млн сом, жалпы 9602 чарба жүргүзүүчү субъекттерге 3 млрд 793 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору менен 17 млрд сом берүү каралып, 18 кластердик бирикмелерге 12 млрд 245 млн сом насыя берилди.
Калыгул Бейшекеев