Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусун ачып жатып: “Борбор Азия менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу дараметке ээ”, — деп белгиледи.
Мамлекет башчысы Астанадагы биринчи жолугушуудан бери Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында бир нече маанилүү иш-чаралар болуп өткөндүгүн белгиледи.
Алар Өз ара байланыш боюнча Самарканд конференциясы, жакында Алматы шаарында өткөн экинчи Экономикалык форум, ошондой эле Айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча жогорку деңгээлдеги конференция.
“2021-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн биринчи Европа Бирлиги — Борбор Азия экономикалык форуму биздин соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн инновациялык жана прагматикалык жолдорун иштеп чыгуу үчүн, ишкер чөйрөлөрдүн жакындашуусу жана иштешине шарттарды түзүү үчүн көп тараптуу кызматташуунун жаңы платформасын ийгиликтүү баштап бергенин баса белгилөө мен үчүн жагымдуу. Жалпысынан биздин Борбор Азия чөлкөмү жөнүндө, анын зор потенциалы жана эң сонун өнүгүү перспективалары жөнүндө сөз кылып жатып, мен төмөндөгү жагдайларга көңүл бургум келет. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптандыруу чоң артыкчылыкка ээ болот”, — деди Садыр Жапаров. Ал Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү эсептелерин белгиледи.
Президент дал ушул аракет дүйнөлүк экономикага интеграция болууга түрткү болорун, аймактагы ички байланышты камсыз кыларын баса белгиледи. Биздин өлкө жана региондогу башка коңшу өлкөлөрү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоор өзгөчө мааниге ээ.
“Бул мега-долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш регионуна, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жүк ташуу географиясын кеңейтет. Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен биздин аймактын дүйнөлүк таасир этүүчү борборлордун өз ара жагымдуу аракеттенүүсүн жүзөгө ашырылуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Борбор Азия менен Европа бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүдө Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясы жана ЕБдин “Global Gateway” демилгеси негиз боло алат”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук коридорлор боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгаары күтүлүп жатканын, ал дагы жакынкы жылдарда тыгыз иштөөгө негиз боло тургандыгын кошумчалады.
“Борбор Азия стратегиялык жайгашуусу менен Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн чоң потенциалга ээ, муну менен Европа менен Азияны бириктирүүчү хаб болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул эки регионго тең пайда алып келеринде шек жок. Туруктуу транспорттук байланыштар боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Алматыда өткөн форумда европалык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн финансылык дараметин активдүү тартуу менен транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча биринчи кезекте жол картасын макулдашуу жөнүндө өз ара түшүнүүгө келишкен.
Ушуга байланыштуу, бул чөйрөдө кызматташууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформаны түзүү сунушун киргизип жатам. Дүйнөдөгү азыркы курч геосаясий кырдаалга жана жаңы чакырыктардын пайда болушуна карабастан, Борбор Азиянын экономикасы кыйла туруктуу болуп чыкты жана өнүгүүсүн улантып жатат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү боюнча мурдагы божомолдор жогорулатуу жагына кайра каралууда”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал жаңыланган божомолдор боюнча быйыл региондун экономикасы 4,8% өсөөрү күтүлүп жатканына басым жасады. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыркы 20 жыл ичиндеги орточо жылдык экономикалык өсүш темпи 6,2% түздү. Региондогу өлкөлөрдүн өз ара соодасы тышкы соодага караганда тез темп менен өнүгүп жатат.
“Биз Европа Бирлиги менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да кеңейтүүгө бекем ниетибиз бар, анын потенциалы толук колдонула элек, ВСП+ программасы аны бекемдөө жана өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири болуп саналат. Европа Бирлигиндеги продукцияга коюлган жогорку стандарттарды жана талаптарды эске алганыбызда бизге алдыңкы тажрыйба, технология жана билим зарыл. Бул жагынан алганда, техникалык колдоо көрсөтүлүшү менен бирге, биз Эразмус+ сыяктуу программалар аркылуу билим берүү жаатындагы көп жылдык кызматташууга ыраазыбыз. Ушул программанын алкагында техникалык адистиктерге көбүрөөк көңүл бурулса дейт элем.
Европа бирлиги менен соода кызматташтыгы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 76,1%га өсүп, 603,1 млн долларды түзгөнүн, анын ичинде экспорт 60,6%га көбөйүп, жалпысынан 75,8 млн долларды түзгөнүн, ал эми импорт 78,6%га көбөйүп, бул 527,3 млн долларды түзгөнүн белгилегим келет. Жакынкы келечекте биз соода жүгүртүүнү гана көбөйтпөстөн, соода балансын теңдештирүүгө да аракеттенип жатабыз.
Ошол эле учурда биз санкцияларга дуушар болгон товарлардын белгилүү бир тобуна байланыштуу европалык өнөктөштөрүбүздүн кооптонуусу менен өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз, бул маселе боюнча ЕБ менен диалогду улантууга даярбыз”, — деди Президент.
Садыр Жапаров белгилегендей, Европа Бирлигинин долбоорлору өлкөнүн өнүктүрүү жаатындагы улуттук приоритеттери менен тыгыз байланыштуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча аракеттерибизге олуттуу салым кошууда.
Мамлекет башчысы Астанадагы биринчи жолугушууда Регионалдык индикативдик программанын алкагында Евробирликтин аймактык долбоорлорунун маанилүүлүгү жөнүндө айтканын эске салды.
“Бүгүн Европа Бирлигинин «Европа командасынын» санариптештирүү, суу, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы демилгелерин колдообузду белгилегим келет. Санариптик трансформация акыркы жылдары өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп калды. Биз келечегибизди кайра карап чыгууга жана мындан да жакшы түзүүгө умтулабыз. Инклюзивдик, туруктуу, стабилдүү санариптик трансформация бизге акыркы технологиялык жетишкендиктерден артта калбоого, атаандаштыкка мындан да жөндөмдүү болууга жана өнүгүүнүн тездетилген жолуна түшүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Мындай умтулууларыбыз концептуалдык мамлекеттик документтерде дагы чагылдырылган. Санариптештирүү жана спутниктик байланышты кеңейтүү жаатындагы колдо бар долбоорлордун алкагында Европа тарап менен биргеликте мындай ийгиликтердин көбөйүшүнө ишеним артып турабыз.
Биздин дагы бир приоритетибиз — бул энергетика. Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы Борбор Азия чөлкөмүндөгү дарыялардын башатында турат. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 миллиард кВт саатты түзөт. Анткен менен учурда жалпы потенциалдын 13%ы гана өздөштүрүлгөн.
Кайра жаралуучу гидроресурстардын эсебинен Кыргызстандагы ири ГЭСтер “жашыл” электр энергиясынын 90%дан ашыгын өндүрөт. Биз суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ошону менен бирге Президент белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнүн жана демографиялык өсүштүн фонунда региондо суу-энергетикалык ресурстар акырындык менен түгөнүп баратканы байкалууда. Ошентип, энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык натыйжалуулук маселелери региондо гана эмес, дүйнөлүк масштабда дагы актуалдуу жана курч маселелердин бири болуп калды. Бүгүнкү күндө өлкөдө ондогон чакан ГЭСтердин курулушу башталды. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте 1860 МВт кубаттуулуктагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу менен үч өлкөнүн тең энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзүлөт.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров бардык инвесторлорду жана өнөктөштөрдү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын обьектилерин куруу боюнча долбоорлорду жана башка “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырды.
“Биз Австриянын, Франциянын, Венгриянын, Россиянын жана башка мамлекеттердин айрым ири компанияларынын кызыгуусун байкап жатабыз. Жакын арада конкреттүү долбоорлорго чыгабыз деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле бизге жаңы суу үнөмдөөчү технологиялар, инновациялык ыкмалар жана Европада окуудан өтүп келе турган квалификациялуу адистер керек”, — деди ал.
Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылдан бери өлкө калкына жана жаратылышка дагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири сезилип жатканын баса белгиледи. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын суу ресурстарынын негизги булагы болгон кылымдарды карыткан мөңгүлөр калыбына келгис болуп эрип жатканы байкалууда.
Кыргыз Республикасы глобалдык экологиялык коркунучтарды алдын алуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иш-чараларында жигердүүлүгүн көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык экологиялык процесстерге активдүү катышууда, анткени биздин тоолуу өлкөдө климаттын өзгөрүүсү катуу сезилип жатат.
“Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер өзгөчө макамга ээ болуп, кайсы мамлекеттин болбосун эң маанилүү капиталы болуп калды. Бүгүнкү күнүбүздө өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү көбүнчө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуудан жана экологиянын туруктуулугун камсыз кылуудан, ыш-түтүндөрдү азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруудан, биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш ресурстарын сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн ийгиликтүү чечилишинен көз каранды экенин белгилегим келет. БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча бул резолюциянын негизинде 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы»деп жарыяланган. “Беш жылдыктын” жарыяланышы тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына гранттык жардамдарды жана инвестицияларды тартууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Быйыл биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоого “жашыл экономика” долбоорлоруна алмаштыруу механизмин колдонуу демилгеси менен да чыктык”, — деп билдирди Садыр Жапаров.
Бул демилгени ишке ашыруу үчүн учурда донорлор менен “Өнүгүү программаларына карызды алмаштыруу жана “жашыл экономика” чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу” механизмдерин колдонуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз
Бүткүл региондун экологиялык проблемаларынын актуалдуулугун эске алуу менен Президент климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча консолидацияланган чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, Европа Бирлиги Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири катары кыргыз тараптын күч-аракеттерин колдооруна үмүт артарын айтты.
“Кыргыз Республикасы Борбор Азия менен Европа Бирлигинин ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты жактайт жана бардык жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө биргелешип мамиле кылуу зарылдыгын түшүнүп турат. Борбор Азия, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңги аткезчилиги жана чек ара коопсуздугу сыяктуу коопсуздук көйгөйлөрүнө туш болууда. Ушуга байланыштуу биз Борбор Азиядагы чек аралар, баңгизатка каршы күрөш жана укук коргоо жаатындагы БОМКА, КАДАП и ЛЕЙКА программаларын активдүү ишке ашырууну улантууну маанилүү деп эсептейбиз. Европа Бирлиги менен саясий кызматташтыкты чыңдоо менен биз аталган коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча жамааттык күч-аракетибизди бекемдей алабыз. Ушуга байланыштуу, саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун алкагында Борбор Азия – Европа Биримдиги форматындагы ырааттуу жолугушууларды, ошондой эле Борбор Азия — Европа Бирлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушууларын колдойбуз. Биздин аймак үчүн Афганистандагы туруктуулук жана коопсуздук маселеси курч бойдон калууда.
Кабул бийлиги өлкөнүн толук кандуу аймактык экономикалык өз ара аракеттенүү системасына интеграцияланышы үчүн күн тартибинде турган аймактык жана эл аралык бир катар маселелер боюнча дүйнөлүк коомчулук менен консенсуска келе алат деп үмүттөнүп жатабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстан гуманитардык катастрофанын алдын алууда эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Евробирликтин афган элине колдоо көрсөтүү аракеттерин кубаттай тургандыгын кошумчалады.
“Биз Афганистандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Афганистандын азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы афган аялдарынын Ислам дининин жана шариаттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийликтери менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз.
Биз азап тарткан афган элине тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү чын дилибизден каалайбыз жана алар өздөрүн кароосуз калгандай сезбеши керек деп эсептейбиз. Гуманитардык аспект өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан эл аралык коомчулуктун гуманитардык миссиясын улантуу зарылдыгын белгилегим келет”, — деп баса белгиледи Президент.
Ошону менен бирег эл аралык коопсуздук маселелери тууралуу айтып жатып Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалга токтолду. Кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.
“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт. Биз бүгүн эл аралык мамилелердин жана коопсуздуктун дүйнөлүк архитектурасында болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат. Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз. Бүгүнкү басма сөзгө жасай турган биргелешкен билдирүүбүздө Тышкы иштер министрлерине жана Евробирликтин Жогорку өкүлү Барель мырзага Европа Бирлиги менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча Биргелешкен жол картасын ишке ашырууну жол-жоболоштуруп, алдыга жылдырууну тапшырабыз. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча менин сөзүмдө айтылган сунуштар бул документте эске алынат деп ишенем”,- деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.