Мамлекетти башкарган эки ажого кеңешчи болгон биздин кесиптешибиз Чолпонбек Абыкеев менен бир катар маселелердин тегерегинде кеңири маанайда баарлаштык. Кыргыздын кыйырына белгилүү калемгер айрым соболдорубузга агынан жарылып, жасалмасыз нукта жооп узатып жатты.
— Чолпонбек Абыкеевич, жакында Президент Садыр Жапаров өзүнүн айланасындагы коомдук башталыштагы бир катар жардамчы, кеңешчилерин кызматтан бошотту. Өлкө башчыбыздын мындай жүрүшүн сиз кандай кабыл алдыңыз?
— Муну эми мамлекеттик кызматтагы мыйзам ченемдүүлүк катары караган туура. Мамлекеттик кызмат эч кимге түбөлүк берилбейт. Ал эми коомдук башталыштагы кызмат болсо маяна албаган кызмат катары каралгандыктан бат-бат оош-кыйыш боло берет. Коомдук башталыштагы кеңешчилердин бир тобунун бошотулушу алардын ишмердүүлүгүнө да байланыштуу болсо керек. Баарыңар байкап жатасыңар, мамлекетте башталган реформа улам күч ала баштады. Өлкөдө мыйзамдуулук ордуна келүү жолуна түштү. Бир учурда айрымдар “мамлекеттик чоң кызматтагыларга жакынмын” деген сөз менен өз кызыкчылыгын ишке ашырган заман артта калды. Антип Президенттин, Министрлер Кабинетинин же кайсыл бир барктуу министр жетекчинин атына жамынып иш кылууга мындан ары жол берилбейт. Президенттин айланасын тазалап, тартипке келтире баштаганы ошондуктан болсо керек. Мен жеке баамымда Президенттин коомдук башталыштагы жардамчы, кеңешчилери боюнча кабыл алган чечимин туура кадам катары кабыл алдым.
— Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына ачылган жүздөгөн жаңы ишканаларды көрүп, өлкөбүздүн канчалык деңгээлде өргө карай өсүш алганын көрдүк окшойбуз. Айтыңызчы, биздин жогорку бийлик мындай ийгиликке кандай жол менен жетти жана келечекке карай кайсы жолду тандашы керек?
— Окурмандардын эсинде болсо керек, Президентибиз Садыр Нургожоевич жаңы шайланып келген алгачкы жылы өтө оор болду. Мамлекеттин казынасы курук эле. Өнүгүүнү мындай кой, пенсия, жөлөк пул, маяналарды кантип беребиз деген көйгөй биринчи орунда турган. Эл болсо “Кытайга болгон карыздан кантип кутулабыз? Жерибизди алдырып жиберебизби? Каражат чогултпайлыбы” — дей башташкан. Ушундай кырдаалды көрүп туруп “Президенттин бүгүнкү абалын душманыма да каалабас элем” — деп жазганым бар. Бирок Садыр Нургожоевичтин иш-аракетин, ички демин, “элим, жерим” деген таза ишенимин жанында жүрүп көрүп туруп менде да келечекке болгон чоң ишеним пайда болгон эле. Ошондуктан, байма-бай маалымат каражаттары аркылуу “эки эле жыл чыдап бергиле. ¯чүнчү жылы чоң өзгөрүүлөрдү өз көзүңөр менен көрөсүңөр” — деп кайта-кайта айтып жүрдүм. Көптөрү мени шылдыңдашты. Экономикалык жактан ушундай абалга кептелген мамлекетти үч жылда эмне кылып оңдоп жибермек эле дегендер болду. Чынымды айтайын, бүгүнкүдөй жетишкендикти мен өзүм деле күткөн эмесмин. Көрсө, биздин мамлекетти чынында эле бийлик башына келген жемкорлор, уюшкан топ талап-тоноп, жеп келишкен тура. Садыр Нургожоевич биринчи күндөн баштап ошол жемкорлордун кекиртегине кеткен каражатты мамлекетке бурду. Президент өжөрлөнүп, беттегенинен кайра тартпай, күнү-түнү тыным албай иштеди. Өзүнүн жеке тазалыгы, керек болсо мамлекет үчүн өз үйүн да өткөзүп берди. Болгон күчү менен мамлекеттин кызыкчылыгы гана деп аракеттенгени, айланасына күчтүү команда топтогону жана алардын күнү-түнү тынчын койбой иштеткени ушул ийгиликтерге жеткизди. Болбосо быйылкыга чейин салыктан түшкөн каражатты көбөйтүүчү чоң ишканалар жок эле. Атамбаев, Жээнбеков Президент болуп турганда кандай салык төлөөчүлөр болсо, ошолор эле болчу. Бирок мамлекеттин казынасына түшкөн каражат үч эсеге өстү. Демек, ошончо каражат жемкорлордун чөнтөгүнө кетип жүргөн. Келечектин жолу болсо айкын көрүнө баштады. Быйылкы жылда ачылган элүүдөн ашык завод-ишканалар мамлекеттин каржы булактарын дагы көбөйтөт. Мен бул жагын мурдагыдан да ишенимдүү айта алам. Он жылдан кийин Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн 30 мамлекеттин катарында болобуз. Он жылдан кийин бүгүнкү Кыргызстанды тааныбай каласыздар.
— Элдик Курултай институтунун ишке киришине олуттуу салым кошкон ишмер катары айтыңызчы, өткөн жылдагы Элдик жыйында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин канчасы ишке ашырылды? Алдыңкы айларда өтө турган Элдик жыйынга болгон даярдыктар кандай?
— Элдик Курултайдын иши барган сайын өз нугуна түшүп, өз жолун таап келе жатат. Өткөн жылдагы Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелердин дээрлик көпчүлүгү ишке ашты. Аны курултайдын катчылыгы териштирип, кезектеги курултайга маалымат даярдап жатышат. Көпчүлүк суроо-талаптар жол, мектеп болгондуктан, мамлекет ал ишти курултайдын делегаттары айтпаган күндө да жасамак. Анткени, айрым бир президенттер иштеп турган мөөнөттө мамлекетте болгону он мектеп курулса, Садыр Нургожоевич иштеген үч жылда үч жүздөн ашык мектеп салынды. Жакынкы эки-үч жыл аралыгында өлкөдө мектеп таңкыстык маселеси чечилип бүтөт. Жолдор да алыскы айылдарга чейин асфальтталат. Элдик Курултай келечекте мамлекеттин келечегин аныктаган ири долбоорлорду сунуштаганга өтөт.
— Көп убактысы чыгармачылык түйшүк менен өткөн, өзүн ар убак эркин сезген сиздей калемгерди мамлекеттик кызмат чектеп койгон жокпу?..
— Туура, мамлекеттик кызмат убакытты алаары чын. Өзгөчө Садыр Нургожоевичтин ыргагында иштеш, ага жетишиш үчүн кичине да бош убакыт калбайт. Ошондой болсо да бүгүнкү жаңы Кыргызстан курулуп, улуу тарыхый бурулуш болуп жаткан мезгилде Садыр Нургожоевичтин командасында иштеп жатканым үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Кыргыз мамлекети, кыргыз улуту үчүн тарыхый улуу бурулуштун босогосунда турабыз. Ал келечектеги бардык жагынан күчтүү өнүккөн Кыргызстан болмокчу.
— Чыгармачылык кишинин жан дүйнөсү башкача болоору баарыбызга маалым. Жан дүйнөңүздү жабыркаткан коомдогу кай көйгөйлөр жүрөгүңүздү аралай чаап, Президентке жеткен учурлар болот?
— “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кыргыздын жакшы баалуулугу бар. Мен өз кесибим боюнча идеолог, жазуучу, маданий тармакка, рухий дүйнөгө жакын адам катары өз тармагым боюнча колумдан келишинче аракеттенип келе жатам. Садыр Нургожоевичтин бир сапаты мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына туура келген, анын келечегине жакшы таасир берүүчү идеясунуш болсо ошол замат колдойт. Мурдагылардай экономика оңолсун, каражат табылсын дебейт. “Канча каражат болсо да табабыз” — дейт. Ошондуктан, улуттун руханий багытындагы иштерде кандай жылыштар болгонун көрүп жатасыздар го. Бирин эле айтайынчы, “Манас” театры ачылып, канчалаган манасчылар, акындар айлык алып жатышат. Канча жылдап чыкпай калган көркөм адабий чыгармалар кайра басылып чыга баштады. Бул эми башталышы гана…
— Чыгармачылык чыйырда жүргөндөр, маданияттын, дегеле искусствонун бардык тармактарынын өкүлдөрүнүн наам-сыйлыкка жутунган “бир оорусу” бар экенин билесиз. Ушул жагынан сизге таарынгандар болсо керек. Дегеле бул маселени тескөөнү Президент менен сүйлөшө алдыңызбы?
— Сыйлык, наам берүү маселеси да өз жолу менен тартипке түшө баштады. Атамбаевдин учурунда сыйлык, наам берүү 6-7 жылдай берилбей токтоп калып, алуучулар көбөйүп кеткен экен, биринчи жылдарда сүрмө топ болуп көп берилгени ошондон. Эми сыйлык берүүнүн жобосу менен талабы өзгөрүп, башкача боло баштады. Ал эми нааразычылык же таарыныч тууралуу айтсам, бул жашоодогу катардагы көрүнүш, көрпендечилик, мыйзам ченемдүүлүк. Андай таарыныч же нааразычылык дегендер тигил коммунисттик доордо деле көп болчу. Кыймыл жасагандан коркуп, ар бир жасаган кадамын эсептеген Сталиндин учурунда деле “бул мындай, тигил-тигиндей” — деген сөздөр болгон. Бардык адамга бирдей жагуу кыйын, мүмкүн да эмес. Атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовду деле өзүбүздүн айрым “азаматтарыбыз” сындап жүрбөдүбү. Ошондуктан, бул маселеде “ушул жолу берилген бүт сыйлыктар же наамдар туура болду” — деген пикирди күтүп деле кереги жок. Мезгил өзү тараза. Ким канча эмгек кылды мезгил аныктайт. Аалыкем (Аалы Токомбаев) “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” — деп айткандай, келечек бардыгына өзү баа берет…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ