"Эркин-Тоо"

КР Президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек ЭРГЕШОВ: “Быйыл инвестициянын көлөмүн 50 миллион долларга жеткизебиз”

Соңку жылдары Теңир-Тоо өрөөнүндө облус башчысы Алтынбек Калдаровичтин белсемдүү аракеттери менен кыйла иштер жүзөгө ашырылып, идеяга бай, иш билги жетекчи катары анын ишмердүүлүгү тоолук элдин арасында кызуу сөз болуп, бааланууда. Биз бул сапар облус башчысы менен шарты катаал аймактагы жаңылыктарды сурап, кеңири маанайда баарлаштык.     

— Алтынбек мырза, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылды инвестиция тартуу иши менен башталаарын жарыя кылган. Бул жаатта сиздерде кандай план бар?

— Инвестиция тартуу биздин негизги приоритеттүү багыттарыбыздын бири. Маселен, 2023-жылы Нарын облусуна 23 млн доллар же 2,5 млрд сом түз чет элдик инвестиция тартылды. Бул мурдагы жылга салыштырганда 168 эсеге көп же акыркы 5 жылда мындай көлөмдөгү инвестиция келген эмес. Келген инвестициялар менен Жумгал районунда кɵмүрдү брекеттөөчү, көмүрдүн кубатын жогорулатуучу фабрика куруу иштери башталып, кубаттуулугу 300 мегаваттан 500 мегаваттка чейинки жылуулук электр станциясын (ТЭС) куруу иштери пландалууда. Кочкор районунун Кочкор айылындагы бут кийим чыгаруучу фабрика кайрадан ишке кирип, 40 адам жумуш орду менен камсыз болду. Алдыдагы биздин максат — үстүбүздөгү жылы чет элдик инвестициянын көлөмүн 50 млн долларга жеткизебиз деп турабыз. Мындан сырткары Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынан 70 гектар жер трансформацияланып, Ислам банкы менен чоң эт комбинатын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоор экономика министрлиги менен биргеликте даярдалды. Учурда бизде 30дан ашык долбоор бар. Азыр ушул долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоорлордун жалпы наркы 500 млн доллардан ашат. Мисалы, энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу үчүн багытталган болжолдуу жерлердин саны жана орду такталып, ички жана тышкы инвесторлорго сунушталып, изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Нарын облусунун аймагына суу, шамал жана күн электрстанциялары курулса жалпы наркы 100 млн долларды түзгөн инвестиция тартылмакчы. Ат-Башы районунун Кара-Булак тилкесинде “Шаньси Коал Логист Инвестмент”, “Кара-Булак” жоопкерчилиги чектелген коомдору жана “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасы биргелешип “Кургак Порт” жана “Бондалык зона” долбоору ишке ашырылып жатат. Бул дагы инвестиция тармагындагы чоң жетишкендик болот. Облустун жана республиканын энергетикалык, экспорттук,  инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында “Датка-Кемин-Нарын-Торугарт-Кытай” 500 килловольттук ЛЭП долбоорун ишке ашыруу аракеттери дагы жүрүүдө.

— Ушул күндөрү сиздин демилгеңиз менен “Нарын – реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип, анын алкагында Нарын шаарында 10 долбоорду ишке ашырууну пландап жатыпсыз. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн реалдуу жагдайдагы каражатты таба аласызбы? Бул жагы көкүрөк какмай, куру пиар болуп калбайбы дегеним…

“Нарын – реновация” долбоорунун жалпы суммасы 2 млрд 242 млн сомду түзүп, 9 компоненттен турат. Алар: Нарын дарыясына көпүрө, ипотекалык турак жай, автобекет, панорамалык аттракцион, айнек асма көпүрө, балдардын эс алуу жайы, инновациялык креативдүү демилгелер борбору, Нарын шаарындагы фасаддарды оңдоо, “Теңир-Тоо Сити” турак жай комплексин куруу. Нарын шаарынын Городок аймагына 9 кабаттуу “Теңир-Тоо Сити” турак жай комплексин куруу долбооруна 1,5 млрд сомду жеке компаниялар менен бирге ишке ашырганы жатабыз. Андан сырткары, Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык турак жайдын курулушуна Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун 745 млн сом каржыланып, курулуш иштери башталганы турат. “Нарын – реновация” долбоорун толук ишке ашырууда калган каражатты табуу максатында ар кандай каржы моделдер иштелип,  аракеттер көрүлүүдө.

— Апрель айында Нарын облусунун мурдагы губернатору, кыргыз экономикасы үчүн кыйла күч берип келген Аскар Салымбековдун аракети менен Балыкчы шаарына эт комбинаты ишке кирээри маалым болду. Эгерде бул комбинат ишке кирсе мал киндиктүү өрөөндүн эли үчүн кандай пайда алып келет?

— Бул багытта Аскар Салымбеков менен башынан бери чогуу иштешип келатабыз. Нарын жана Ысык-Көл облустарынын этин Араб өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча кызуу аракеттер көрүлүп атат. Нарын облусунан койдун жана уйдун этин чыгаруу боюнча программа иштеп чыгып, фермерлер менен сүйлөшүп, канча малдын башы кетерин аныктап бергенбиз. Малды жыл бою байлап, семиртип бергидей программалардын үстүндө дагы иш алып баруудабыз. Кудай буюрса, бул эт комбинаты ишке кирсе, Нарын облусунун дыйкан-фермерлери үчүн чоң мааниге ээ болот.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№25 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-апрели

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!