Алтынбек Калдарович жаштайынан мамлекеттик кызматтарда бышып жетилген. Бүгүн тоолуу Теңир-Тоо аймагын жетектеп, облустун кожоюну катары алынын жетишинче аракет кылып жаткандыгын жергиликтүү тургундар маалымдашты.
— Алтынбек мырза, айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жараяны Нарын облусунан башталды эле. Бул аракет ийгиликтүү жыйынтыкталдыбы? Дегеле мындай саамалыктан мамлекеттик казынабыз канча каражатка үнөмдөлөт экен?
— Ооба, өлкөбүздө алгачкылардан болуп Нарын облусунда айыл аймактарын ирилештирүү пилоттук долбоору ишке ашып жатат. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин Нарын облусун дотациядан чыгаруу тапшырмасын аткаруу алкагында ушундай жаңыча кадамдарга бардык. Бүгүн бул долбоор аягына чыкты десем болот. Негизги жумуштардын бардыгы жасалды. Облустагы 63 айыл аймагы ирилештирилип, 27 ири, күчтүү айыл аймак түзүлдү. Административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн эң биринчи максаты – ири экономикалык бирдиктерди түзүү болуп саналат. Облуста ишке ашкан айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун негизинде айыл аймактары 2-3 эсеге азайды. 63 айыл өкмөтүндөгү 890 штаттык бирдиктин 245и кыскарды. Натыйжада айлык акыдан 89,5 миллион сом, транспорттук, командировкалык жана башка чыгымдардан 39,4 миллион сом үнөмдөлөт. Ошондо жалпы 129 миллион сом жергиликтүү казынадан үнөмдөлөт. Мурда 1000 түтүнгө жетпеген калкы бар айыл өкмөттөрү дагы 10- 12 штаттык бирдик менен иштеген. 49 айыл өкмөтү өзүнүн айлык акысын да жаппай келген. Ушундай айыл өкмөттөрдүн бардыгы ирилештирилип, айыл башчынын гана штаттык бирдиги калтырылды. Ошондой эле 36 айыл өкмөтүнүн имараты бошоду. Аларды муктаждыгына жараша бала бакча, ФАП, ҮДТ, кризистик борборлорду, маданий мекемелерди ж.б. ачууга сунуштар түшүп жатат. Үнөмдөлгөн каражатты 3-5 жылга чейин ирилештирилген айыл өкмөттөрүндө калтырууну суранып жатабыз. Мындай шартта жакынкы мезгилдерде көп айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгарып алаарыбызга толук ишенем. Айыл өкмөт башчылары ошол каражатты көбөйтүүгө, жок дегенде жоготпой сактап калууга милдеттүү. Бул жагы биздин көзөмөлүбүздө болот. Негизинен бул реформаны эл колдоду. Айрым айылдарда “жаңы айыл өкмөттүн борбору кайсы айыл, аталышы кандай болот?” деген суроолор болду. Бул жерде эң негизгиси экономикалык ыңгайлуулугу биринчи орунда болушу керек. Андан башка эч кандай саясат жок. Айылдарды ирилештирүү реформасы менен Министрлер Кабинетинин №713-токтому аркылуу ишке ашып жаткан айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоору абдан шайкеш келип, эки пилоттук долбоор удаалаш ишке ашырылып жатат.
— Быйыл жаз катаал, анан да кеч келди. Мал-жандыктан өлүм-житим көп болду. Төрт түлүк менен жан сактаган тоолук элдин мал-жанына болгон тоют маселесин эмитен ойлонуштуруп жатасызбы?
Дегеле бул көйгөйдү күзгө карай кантип чечсем дейсиз? — Туура, быйыл жаз кеч келди. Жаанчыл аба ырайына байланыштуу алыскы, жакынкы жайыттарга кар түштү. Мындайда элдин биримдиги, тийиштүү кызматтардын аракети менен мал-жаныбызды кырдаалдан чыгарып алдык. Жаздоого эрте чыгарылган арык малдан бир аз чыгым болду. Бирок, массалык түрдө көп чыгым болгон жок. Жаз кечигип келгенине карабай жазгы талаа иштери аяктап калды. Быйыл тоют маселесин чечүү максатында жүгөрүнүн аянтын көбөйтүп, 135 гектарга жүгөрү эктик. Себеби, башка өсүмдүктөргө караганда жүгөрүнүн түшүмү эки эсе көп болот. Учурда долбоорлор аркылуу техника алуу иштери жүрүп жатат. Быйыл облуста 39405 га жер айдоо пландалган. Мунун ичинен дан эгиндери 29100 гектар (7000 гектар буудай, 21800 гектар арпа, 100 гектар жүгөрү, 10 гектарга таруу), 800 гектарга сафлор, 6300 гектар картошка, 500 гектар жашылча, бир жылдык чөп өсүмдүктөрү 2705 га. Ал эми чөп өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 75200 гектарды түздү. Учурда жалпы аянттын 37952 гектары же 96,3 пайызы айдалып бүттү.
— Теңир-Тоонун дээрлик ар бир районунда талаштуу жайыттар бар экени маалым. Натыйжада, айыл-айыл, район-район болуп жайыт талаш маселесинен чырлашып келишет. Облус жетекчиси катары ушул маселени чечүүнүн кандай жолун көрүп турасыз?..
— Облус боюнча 2 млн, 291 миң, 800 гектар жайыт жер бар. Анын ичинен пайдаланылганы 1 млн, 725 миң, 100 га же 77%, пайдаланылбаган аянт 566 миң 880 гектар. Учурда жайыт тартыш маселеси жок, себеби, УДП 2030-жылга чейин узартылган. Мындан сырткары жогоруда белгилегендей, Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен пилоттук долбоор ишке ашып жатат. Анын негизинде айыл аймактарындагы ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу иштери жүзөгө ашууда. Тагыраагы, жайыттарды, таза суудан, ички каналдарды пайдалануудан түшкөн акыларды чогултуу милдети айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилди. Натыйжада, жергиликтүү казынага түшө турган каражаттарды 61 миллион сомго чейин көтөрүү милдетин койдук. Алсак жайыт пайдалануудан 2016-жылдан бери жылына 24 млн сом гана чогултулуп келсе, быйылкы жылы 49 млн сомго чейин чогултууну пландадык. Бул каражаттар кайра эле жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Административдикаймактык реформаны ишке ашырууда жайыт карталары, жайыт тилкелери, жайыт маселеси таптакыр каралган эмес. Жайыт жерлер мурда кимге тиешелүү болсо, ошол боюнча калат. Буга чейин ким кайсы жайытка чыгып аткан болсо, мындан ары дагы ошол эле жайыттарды пайдалана берет. Жайыт жерлери боюнча эч кандай маселе жок.
— Борбордук бийликтин шарты катаал Нарынга болгон мамилеси кантип атат? Мамлекеттик казынадан каражат бөлүп берүү жагы канааттандырып жатабы?
— Нарын облусунун жалпы жергиликтүү казынасы 1 млрд, 53,7 млн сомду түзөт. Анын ичинен 574,9 млн сом киреше, 478,9 млн сом теңдештирүүчү грант. Бул каражат өз убагында берилип жатат. Мындан сырткары мамлекет тарабынан жылдан жылга ирригация, жол, таза суу, курулуш тармактарына жакшы көнүл бурулуп, каражат бөлүнүүдө. Мисалы, ирригация тармагында 2021-жылы 19 млн, 2022-жылы 104 млн, 2023-жылы 124 млн сом бөлүндү. Жолдор боюнча өткөн жылы Нарын облусунда 26,5 чакырым жол асфальтталса, быйыл Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен 103,5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Анын ичинен капиталдык салымдар беренесинен 50,9, титулдук тизмеден 34, демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жол оңдоптүзөөдөн өткөрүлөт. Президентибиздин тапшырмасынын негизинде Нарын шаарынын 51-көчөсүнө (капиталдык салымдар беренесинен 10,7, демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жолго) асфальт төшөө жумуштары башталды. Таза суу боюнча 32 млн долларлык долбоор ишке ашырылууда. Быйыл 43 айылдын ичинен 28 айылда курулуш иштери башталат. Курулуш тармагында 2022-жылы республикалык казынадан каржыланган 6 социалдык объект ишке берилди. Быйыл 8 имарат ишке берилери күтүлүүдө. Ал эми 2021-жылы 3 гана имарат берилген. Жылдан жылга мамлекет тарабынан социалдык имараттардын курулушуна жакшы көңүл бурулууда.
— Алдыдагы туристтик мезгил Нарын облусу үчүн кандай натыйжа берет? Облустук жетекчилик, жалпы эл күткөндөй жыйынтык береби?..
— Туризм тармагы Нарынга экономикалык киреше алып келе турган мүмкүнчүлүгү чоң тармактардын бири. Бул тармакта жасай турган жумуштарыбыз көп. Негизинен тейлөө системасын жакшыртуубуз керек. Буга чейин Нарын облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн чагылдыруу максатында видео-тасмалар, логотиби, сайты, бренди жана өнүгүү стратегиясы иштелип чыккан. Облуска келген туристтердин санын, кызмат көрсөткөн субъектилердин так эсебин тактоо иштери жүрүп жатат. “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо Фондунун” каржылоосунда облустун аймагына 13 Pest point куруу пландалып, учурда 3 объектиде (Нарын шаары, Кочкор району, Сары-Булак айылы) курулуш жүрүп жатат. Ошондой эле “Компаньон плюс” компаниясы тарабынан облустун 3 районуна (Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор) туристтик комплекстерди, жеңил конструкция менен глэмпингдерди куруу үчүн ылайыктуу жер тилкелерине келишимдер даярдалууда. Туристтердин коопсуздугу үчүн Нарын облусунда Экологиялык туристтик милицияны түзүүнү колго алып жатабыз. Статистикага ылайык, облуска 2022-жылы 34 415 турист (2021-жылга салыштырмалуу 12612 адамга көп) келген. Киреше 2021-жылга салыштырмалуу 4 млн 576 миң сомго көбөйгөн. Кудай буюрса, быйыл туристтер мындан да көп келет деген ниеттебиз.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№46 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 9-июну