— Уланбек Эшенович, 18-августта Темир, Булан-Сөгөттү баштаган айылдардагы селдин кесепеттерин жоюу иштери кандай нукта жүрүүдө? Кырсыктан жабыркагандардын бардыгынын чыгымдарынын эсеп-кысаптары такталдыбы?
— Ушул жылдын 18-августунда саат 21:30 чамасында башталган нөшөрлүү жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында катуу сел жүрүп, Темир, Корумду, Кашат жана БуланСөгөттү айылдарын суу каптаган. Ошондой эле Тоң районунун Ак-Сай айылында дагы сел жүрүп, турак үйлөрдү каптап, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иш-чаралары ошол эле күнү жүргүзүлүп, суу каптаган турак үйлөр тазаланган. Табият кырсыктары биздин облустун аймагында болгон соң Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары №218 “Ысык-Көл облусунун аймагында “жогорулатылган даярдык режимин” киргизүү жөнүндө” тескемемди чыгардым. Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу ишчаралары боюнча 19-августтан бери тазалоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтен, облустун аймагындагы мекемеишканалардан жана ыктыярчылардан 2800 адам тартылып, 100дөй техника селдин кесепеттерин жоюуга катышып, табият кырсыгынан жабыркаган 331 турак үйдүн ичи, короолору тазаланды. Жалпы 159 475 м/куб сел калдыктары чыгарылган. Бүгүнкү күнгө карай Садыр Аке айыл аймагынын Корумду, Кашат, Булан-Сөгөттү айылдарында тазалоо иштери толугу менен бүттү жана ӨКМдин атайын техникалары сел каналдарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө пландалууда. Ал эми Темир айылында турак үйлөрдүн ичи толугу менен тазаланып бүтүп, учурда тургундардын жашылча өсүмдүктөрү эгилген жерлерин толук тазалап чыгуу маселеси бар. Жалпы селдин кесепетинен авариялык абалга келген 27 турак үй, капиталдык оңдоого муктаж 51 турак үй аныкталган. Мындан сырткары санитардыкэпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 238 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Учурда тазалоо иштери дагы да болсо улантылууда.
— Ысык-Көлдү кыйгап өткөн сел кырсыктары эс алуу мезгилине, дегеле аймакка келген эс алуучулардын санына таасир эткен жокпу?
— 18-августта жана жалпы эле жайында жааган жаандын кесепетинен болуп өткөн сел кырсыгы облустагы туристтик мезгилге таасирин тийгизген деле жок. Учурда аба-ырайынын өзгөрүшүнө жана абанын басымынын төмөндөшүнө байланыштуу көлдүн жээгинде эс алуучулардын саны азайганы менен чет элдик жана ички эс алуучулардын саны дагы эле жогору экендиги байкалууда. Облустун аймагында бардык ички, эл аралык жана алыскы жайыттарга бара турган жолдор ачык. Электр энергиялары, ичүүчү суулар үзгүлтүксүз берилип келүүдө жана бардык эс алуу жайлары штаттык тартипте иш алып барышууда. Ички иштер органдары тарабынан эс алуучулардын коопсуздук маселеси тыкыр көзөмөлгө алынып, ар бир эс алуу имараты көзөмөлгө алынган. Облустун аймагында катталган жаратылыш кырсыктары алысжакындан келишкен жана келе турган меймандардын санына анчейин деле таасирин тийгизген жок.
— Мамлекет тарабынан жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган облус тургундарынын бардыгына кенемте төлөнөөрүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбекович өзү да айтып кетти. Учурда жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатат?
— Облустун аймагында селдин кесепетинен Ысык-Көл районунда жалпы 331 турак үйдү жана Тоң районунда 22 үйдү суу каптаган. Анын ичинен авариялык абалга келген 27 турак үй, капиталдык оңдоого муктаж 51 турак үй атайын түзүлгөн райондук комиссиялар тарабынан аныкталды. Бул маселе боюнча мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар тегиз бөлүнүп берилет. Мындан сырткары Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүндө атайын эсеп ачылып, селдин кесепетинен жабыркагандарга жардам берүү боюнча акча каражаттар которулууда. Бул маселени колдоо максатында биз тараптан облустагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге кат жолдонуп, кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акылары которулуп берилмей болду.
— Жайкы эс алуу мезгили соңуна чыгууда. Алысжакындан келишкен эс алуучулар аркылуу тирилигин тыңдашкан көлдүктөр үчүн алдыдагы күзгү-кышкы мезгилдерде да туристтерди тартуу боюнча кандай аракеттериңиздер бар?
— Ысык-Көл облусунун аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге туристтерди тартуу максатында күз мезгилинде эл аралык форумдар уюштурулат. Мисалы, сентябрь айына “Эконом форум Ысык-Көл–2024”, “Кыргыз-Орус форуму” сыяктуу бир катар эл аралык форумдарды өткөрүүнүн алдында турабыз. Ал эми кыш мезгилинде өзүңүздөргө белгилүү болгондой Каракол шаарында тоо лыжа туризми жакшы өнүгүп, туристтердин агымы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындан тышкары, биздин аймакка туристтерди 4 мезгил бою тартуу максатында эс алуу жайлары (саноторийлер, пансионаттар, курорттор ж.б.) иш алып барып, меймандарды кабыл алышат.
— Ысык-Көл облусунун тургундарынын дагы бир киреше булагы өрүк өстүрүү. Акыркы жылдары өрүктүн баасы өтө төмөн түшүп кетип дыйкандардын эмгеги акталбай калып жатат. Бул маселени чечүү үчүн сиздер тараптан кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Биздин облустун аймагында быйыл өрүктүн түшүмдүүлүгү жогору болуп, өрүктүн баасы адеп 35-40 сомдон башталган. Кийин өрүк жалпы сатылып баштаганда баасы түшүп, дыйкандардын нааразычылыктары жаралып, чыгымдарын актабай жаткан көйгөйлөрүн айтышкан. Учурда кеч быша турган өрүктөрдүн баасы 20-30 сомдон өткөрүлүүдө. Бул боюнча өрүктү экспортко чыгаруу, атайын логистикалык борборлорду куруу маселесинин үстүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Эгерде логистикалык борборлор курулуп, экспортко чыгаруу боюнча келишимдер түзүлсө, дыйкандардын маселеси толугу менен чечилет. Бул боюнча колдон келген аракетибизди көрүп жатабыз.
— 31-август Эгемендүүлүк майрамын Ысык-Көл өрөөнүндө кандай өткөрүүнү пландап жатасыздар?
— 31-август Эгемендүүлүк майрамы өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүндөгү маанилүү болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаралар менен коштолот. 2023-жылдын 21-ноябрында “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №488 жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү максатында 2024-жылдын 30-мартында №63 тескемелери кабыл алынган. Ушундан улам жогорудагы аталган эки маанилүү иш-чараны жер-жерлерде татыктуу деңгээлде өткөрүү милдеттендирилген. Район, шаарлардын аймагында ишембиликтерди өткөрүү менен коомдук жайларды ирээтке келтирүү, санитардык жактан тазалоо, административдик имараттардын жана ведомстволук мекемелердин сыртын оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Салтанаттуу майрамдык иш-чаралар өтүүчү аянттарды майрамдык жасалгалоо, айлана-тегерегин ирээтке келтирүү, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Өлкөбүздүн көз карандысыздык күнүнө арналган баннерлерди илүү, район, шаарлардын борборлорундагы эс алуу бактарында майрамдык иш-чараларды уюштуруу 31-август күнү райондун борборлорунда жана шаарларда салтанаттуу иш-чара өтүү менен театрлаштырылган көрсөтүүлөр, концерттер, спорттук мелдештер, айыл чарба, кайра иштетүүчү, кол өнөрчүлөрдүн продукцияларынын жарманкелери уюштурулат. Облустун аймагындагы мекемеишканаларда (менчигинин түрүнө карабастан) салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу менен ардагерлерди, эмгек сиңирген адамдарды чакырып, аларга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү түзүмдүк мекемелер менен биргеликте салтанаттуу ишчаралар өтүүчү күндөрү коомдук тартип, өрткө каршы коопсуздуктарды камсыздап, электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилүүсүн көзөмөлдөө менен майрамдык иш-чаралар өтүүчү жерлерге медициналык жактан жардам берүүчү Тез жардам кызматтарын уюштуруу иштери алып барылат. Жогорудагы маанилүү иш-чараларды жержерлерде уюшкандыкта, татыктуу деңгээлде өткөрүү милдети район, шаарлардын жетекчилерине жүктөлгөн.
Калыгул Бейшекеев