"Эркин-Тоо"

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева: “ДАРЫГЕРГЕ ӨЗ УБАГЫНДА БАРУУ – БАРДЫК ТАРАПТАРДЫН ЖЕҢИШИ”

— Раиса Бейшеналиевна, өлкө ичинде акыркы айда эле  төрөттөн эки —  үч эне өмүр менен коштошту, балдар апасыз калышты. Мындай учурларга жол бербөө үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Албетте, абдан өкүнүчтүү. Саламаттыкты сактоо багытында бардык аракеттер көрүлүп жатат. Ага карабастан эненин өлүмү менен аяктаган учурлар тилекке каршы кездешүүдө. Катталган  окуялар боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Айрым төрөт бөлүмдөрүнүн башкы дарыгерлери иштен алынды. Бейтаптар да дарыгерлер да өз милдеттерин так аткаруусун өтүнөм.  Негизги көйгөй аялдардын экстргениталдык оорусу. Бул дарттар кош бойлуу, төрөт учурунда козголот. Бөйрөк, кан агуу, жүрөк кан тамыр оруулары, аз кандуулук дарттары себеп болууда. Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көйгөйү комплекстүү мүнөзгө ээ. Ага медициналык мүнөздөгү себептерден тышкары социалдык жана экономикалык себептер  да таасир этет. Кош бойлуу аял медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, дарыгер айткан эрежелерди сактоосу зарыл.  Дарыгер бейтап кайрылган кезде кечиктирилгис бардык жардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү.

— Айрым учурда бейтаптын дартын этибарга албаганы, аны менен катар эле кабыл алуу бөлүмдөрүндө убакыт созулуп же дарыгер өз убактысында жардам бербей койгон учурлар айтылып келет, мындай кырдаалды кантип жойсок болот?

— Бардык жерде адамдардын укуктары сакталышы керек. Министрлик бул багытта иштерди дайыма көзөмөлгө алат. Бардык тараптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

— Негизинен өлкөдө калктын репродуктивдик ден соолугу жаатында абал кандай?

— Өлкөдө саламаттыкты сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — өлкө калкынын репродуктивдик ден соолугун коргоо болуп саналат. Анын эң биринчи -максаты кош бойлуулук учурунда  тобокелчиликти азайтуу, коопсуз төрөттү камсыздоо милдети бар.  Бул багытта министрлик тарабынан 2030-жылдын соңуна чейин  репродуктивдик ден соолук кызматтарын жакшыртуу иштери аткарылууда. Мында  үй-бүлөнү пландаштыруу, эрте никеге туруунун, кыз ала качуунун алдын алуу, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар боюнча  маалыматтарды жайылтуу жана иш-чараларды аткаруу. Үй- бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иштери камтылган. Калктын жогорку сапаттагы контрацептивдерди эркин тандоо, алуу жана пайдалануу укуктарын камсыз кылуу дагы эле жетишсиз. Минстрлик үй-бүлөнү пландаштыруунун Глобалдык Катчылыгы менен бирге жаңы милдеттенмелерди түздү.

— Аймактардагы төрөт үйлөрү, төрөт бөлүмдөрүнүн абалы кандай? Дени сак баланы жарыкка алып келүү ата – эненин милдети. Бизде бул жоопкерчиликти анча сезе беришпегендей…

— Республика боюнча 2 төрөт үйү, 1 перинаталдык борбор, 1 гинекологиялык больница бар. Ал эми облус, райондук ооруканалардын алдында төрөт бөлүмдөрү бар. Акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагында бир канча иштер жасалууда. Мисалы, өлкөдөгү жалпы ооруканаларда, анын ичинде төрөт үйлөрү медициналык жабдыктар менен толукталууда. Мисалы,  МРТ, компьютердик томография жана башка керектүү медициналык жабдыктарды атоого болот. Бул шарттар  жарандардын ден соолугуна оң таасирин тийгизет. Дартка диагноз коюу иштери жеңилдеп калганын байкоого болот. Мурда бейтаптар ооруларын аныктоо үчүн борборго келсе, акыркы кездери облустук ооруканалардын чегинде гана текшерилүүдө. Аймактардагы төрөт бөлүмдөрүндө да өзгөрүштөр бар. Жакында  Бишкекте Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун перинаталдык ооруканасы кыргыз — герман эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоордун алкагында курулуп, ишке берилди. Бул перинаталдык  ооруканага өнөкөт дарттары бар же  кош бойлуулугу оор  айымдар кабыл алынат. Аны менен катар медициналык тармакта электрондоштуруу системасы жүрүүдө. Кош бойлуулукту тастыктаган алмашуу картасын  санариптештирүү иштери жүрүүдө. Бул бейтап, дарыгер үчүн ыңгайлуу. Дарыгерге өз убактысында барып, дарылануу бардык тараптардын жеңиши.

Кыргыз республикасында аялдар 7, 035 млн калктын 51,2 пайызын түзөт. Орто эсеп менен бир үй-бүлөдө 3 төн көп балдар төрөлүп жатат. 1 жылда 147 миңден ашуун төрөт  катталууда. Мониторинг ар түрдүү, бул сандар өзгөрүп турат. Күтүүсүз кош бойлуулук да бар. 1 жылда 2 жолу кош бойлуулук, энеге кооптуу. Колунда бир, курсагында да бир баланы көтөрүү бул аялдын саламаттыгына  кооптуу жана оор. Мында   баланын да, эненин да, ден соолугу жабыркайт.  Эне чарчайт, эс албайт. Түйүлдүктөгү балага эненин ар бир деми, энергиясы, жашоо абалы түздөн-түз таасир тийгизет. Коомдун көйгөйү дейбизби, учурда  балдарын көчөгө таштаган энелер да кездешет. Бул маселеде аталардын да милдети эбегейсиз чоң, экөө тең бирдей жоопкерчиликти сезиши абзел. Бала оюнчук эмес, бул көйгөйдөн чыгышыбыз керек.  Ал эми  келечектеги  ата-эне, баарын  пландоосу зарыл. Бала жылуу мамиле,  мыкты атмосферада чоңоюшу керек. Коом астында эркек же аялбы, бирдей жоопкерчилик болушу керек, ошондо гана бактылуу балдар тарбияланат.

Учурда саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун медициналык адистери жана төрөткө жардам берүүчү уюмдар үчүн кечиктирилгис акушердик жардам  боюнча окуу программаларын институтташтыруу боюнча иштер улантылууда. Практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү үчүн клиникалык протоколдор жана колдонмолор иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУнун колдоосу, Россия Федерациясы менен биргеликте эненин жана баланын ден соолугун коргоо, сапатын жакшыртуу, инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

— Өлкөдө акушер гинеколог дарыгерлер жетиштүүбү?

— Жаш дарыгерлер да жумушка тартылууда. Мамлекеттин  медицина тармагында  жакшы  шарттарды түзүп жатканы дарыгерлерди сүйүнтөт.

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№17 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 1-марты

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!