"Эркин-Тоо"

КР ТИМ башчысы Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту

24-июлда Будапешт шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парагг менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министр жана палатанын башчысы 2023-жылдын 13-14-февралында Будапештте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын алкагында өткөн кыргыз-венгер бизнес-форумунун, Кыргызстан жана Венгриянын Соода-өнөр жай палаталарынын деңгээлиндеги Кыргыз-Венгер ишкерлер кеңешинин 3-отурумунун жыйынтыктарына оң баа беришти.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ишкер чөйрөлөрүнүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, фармацевтика, гидроэнергетика, туризм жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү тармактарына жаңы технологияларды киргизүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүсүн мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парагг Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн талкуулап, Өнүктүрүү фондунун алкагында натыйжалуу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кулубаев, Кыргызстандын экспорттук потенциалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле туристтик потенциалы тууралуу кыскача маалымат берди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!