"Эркин-Тоо"

“КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине, КР Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. КР президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган жарлык менен бекитилген КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
– 221-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“221. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, анын ичинде калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим КР Президенти тарабынан кабыл алынат”.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!