— Жээнбек Молдоканович, өткөн жылы Президент Садыр Жапаров көптөгөн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө расмий сапарлар менен барды. Бул жыл да жемиштүү иш чараларга бай болсо керек…
— Ооба, былтыркы жыл жогорку деңгээлдеги тышкы саясий ишмердүүлүккө жана Өлкө башчысынын чет өлкөлөргө болгон сапарларына бай болду. Үстүбүздөгү жылы деле ушундай жагдай күтүлүүдө. Биз эл аралык байланыштарды чыңдоого жана улуттук кызыкчылыктарды алга жылдырууга багытталган активдүү тышкы саясий иштерди улантабыз. Быйыл Президент С.Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барып, казак кесиптеши К.Токаев менен саясат, соода, экономика, суу-энергетика, транспорт, чек ара кызматташтыгы жана маданият жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Сапардын жыйынтыгында 2 тараптуу 7 документке кол коюлду. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Президент С.Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары дагы жемиштүү болду. Сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири эки мамлекет башчыларынын Кыргызстан менен Азербайжандын тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүгүнүн мүнөзүн аныктаган биргелешкен декларацияга кол коюусу болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 млн доллардан 100 млн долларга чейин көбөйтүү каралган кошумча макулдашууга кол коюлду. Эки тараптуу иш чаралардан тышкары, 2024-жылдын июлунда Президент С.Жапаров ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышуусу күтүлүүдө. ШКУнун Астана саммитинде уюмдун алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат. Ошондой эле жайында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Андан сырткары ТМУ, ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ ж.б. алкагында эки тараптуу иш сапарлар планда бар. Ошентип, быйылкы жылы биздин тышкы саясий активдүүлүгүбүз мурдагыдан кем эмес интенсивдүү болот. Бул албетте, эл аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
— Соңку жылдары АКШга кетүүнү көздөп, океандын ары жагы “көзүнөн учуп” жаткан кыргыздардын саны көбөйдү. Айтыңызчы, АКШ менен жакынкы келечек тагдырыбыз кандай нукта, кандай деңгээлде уланат?
— Туура, соңку жылдары АКШга туруктуу жашоого көчүүнү, анын ичинде “Грин-карта” алууну көздөгөн жарандарыбыздын саны кыйла өскөндүгү байкалууда. Бирок, “Грин-карта” алган жана АКШда жүргөн жарандардын так саны белгисиз. Анткени, иммиграция жана виза жазуулары, жарандык маселелери АКШнын мыйзамдарына ылайык купуя маалымат болуп саналат. Компетенттүү органдары өздөрүнүн жана чет өлкөлүк жарандардын жеке маалыматтары боюнча маалыматты берүүгө же жарыялоого укугу жок. Бүгүн КРнын АКШдагы элчилигинде жана башкы консулдугунда “консулдук каттоодо” 4804 жаран турат. Бирок, каттоодон өтпөгөн кыргыз жарандарынын саны көп. Биздин министрликтин АКШ тарап менен жетишилген макулдашууларына ылайык, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2024-жылдын 4-мартынан тартып 10 жылга чейинки мөөнөткө кыргыз жарандарына туристтик жана жумушчу визаларын тариздей баштады. Министрлик Кыргызстандын жарандары үчүн АКШнын студенттик визаларын берүү мөөнөтүн 1 жылдан 3 жылга чейин узартуу маселеси боюнча америкалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Учурда кыргыз-америка мамилелер системасында Кыргызстан АКШ менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2022-жылга салыштырганда 2023-жылы эки эсеге жогорулап, 437,81 млн долларга чейин жетти (2022-ж. $ 246,83 млн доллар болгон). Ошентип, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жакшы потенциалга ээ.
— Аныгында тышкы саясат ички саясаттын туундусу катары айтылат. Азыркыдай шартта, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөн өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктары менен улуттук коопсуздугу канчалык деңгээлде корголуп жатат десек болот?
— Мамлекетибиздин тышкы саясат концепциясында белгиленгендей өлкөбүз ачык жана көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүүдө. Ооба, сиз айткандай тышкы саясат ички саясатты улантып, мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого, элдин бакубаттуулугун андан ары жогорулатууга, улуттук жана аймактык коопсуздукту чыңдоого, чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, эл аралык аренада өлкөнүн позитивдүү кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган. Биздин тышкы саясий ишмердигибиздин негизги багыттарынын бири – улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул саясий-дипломатиялык инструменттер, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташуу аркылуу ишке ашырылат. Ачык, көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүү БУУнун бардык мүчө-мамлекеттери жана эл аралык уюмдар менен ак ниет, өз ара түшүнүшүүнүн жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун негизинде өнүктүрүүнү билдирет. Өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатынын алкагында жасалган бардык тышкы саясий аракеттер чет мамлекеттер менен саясий-экономикалык, соода, маданий-гуманитардык жана башка байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган. Ошол эле учурда биздин сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө темасы болуп актуалдуу глобалдык жана регионалдык маселелер саналат. Кыргызстан биринчи кезекте өзүнүн жакын өнөктөштөрү жана коңшу мамлекеттер менен мамилесин өнүктүрүүдө.
— Учурда ТИМге сынактык негизде жумушка кабыл алуунун шарттары татаалдашып, өтө оорчулукту жаратып жаткан жокпу? Сынакка болгон талапты жеңилдетүү менен жаш дипломаттардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берсек болот беле?
— Негизи, буга чейин 3-4 жылда бир жолу ТИМге ачык сынак өткөрүлүп турчу. Акыркы 3 жылда жыл сайын 1 жолу сынак өткөрүлүп жатат. Бул өлкөбүздүн жетекчилиги тараптан коюлган жаш муундарды мамлекеттик кызматка тартуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча талаптар менен байланыштырсак болот. Анткени, азыркы жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, тышкы саясатыбыздын дүйнөлүк коомчулуктагы салмактуулугун сактоо боюнча чоӊ салым кошууга аракет кылууну каалап келет. Жаш адистерди тартуу жана дипломатиялык кызматка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында 2024-жылдын 9-февралынан 17-апрелине чейин биздин министрликтин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө пайда болгон бош кызмат орундарына жарыяланган ачык сынак аяктады. Жыйынтыгында 12 дипломатиялык кызматка 254 талапкерден 756 арыз кабыл алынган. Сынак 5 этапта өттү: документтерди кароо, өлкөбүздүн мыйзамдарын билүү боюнча тестирлөө, чет тил боюнча тестирлөө, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо жана аңгемелешүү. Мындай тартиптин орнолушу тышкы иштер министрлигинде татыктуу, компетенттүү, билими терең, чет тилдерин жана кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн кызматкерлердин келип иштешине мүмкүнчүлүк түзөт. Быйыл бош кызмат орундарын ээлөөгө болуп өткөн сынактын 5 этабынын жыйынтыгы боюнча — 12 кызмат орундары дайындалып, 22 адам дипломатиялык кызмат органдарынын кадрдык резервине алынды.
— Ушул күндөрү Россияда жүргөн мекендештерибиздин саны Кыргызстандагы эки облустун элинен да көп экени баарыбызга маалым. Элдин санына жараша көйгөйлөр да көп болоору талашсыз. Айтыңызчы, Орусиядагы элчилик менен консулдуктар мекендештерибиздин көйгөйлөрүн канчалык деңгээлде чечкенге жарап жатышат? Дегеним, ошончо мигрантыбыздын маселелери менен алпурушканга элчилик, консулдуктагы бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин саны жетиштүүбү?
— Учурда Россия биздин эмгек мигранттардын негизги кабыл алуучу өлкөлөрдүн бири бойдон калууда. Россиянын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Россия Федерациясында 450 миңдин тегерегиндеги жараныбыз болгон. Бул көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу (600 000 миң) биздин Россияда жүргөн жарандардын жалпы санынын азайгандыгын көрсөтөт. Өз кезегинде министрлик, өлкөбүздүн Россиядагы дипломатиялык мекемелери менен биргеликте чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тынымсыз тиешелүү иштер жүргүзүп келет. 2023-жылы Москва шаарындагы элчиликтин консулдук бөлүмүнө кошумча штаттык бирдик бөлүнүп, азыркы учурда 22 кызматкер иш алып барат. Учурда элчиликтин консулдук бөлүмүндө жарандарга 30дан ашык консулдук кызматтын түрлөрү көрсөтүлүп (паспорт, айдоочулук күбөлүк алмаштыруу, нотариалдык документтерди тариздөө ж.б.), бир эле учурда жарандарды 15 терезеден кабыл алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2023-жылга чейин Россиянын Красноярск, Сургут, Якутск, Иркутск, Южно-Сахалинск, Владивосток шаарларында элчиликтин кеңселери, ал эми Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында башкы консулдуктары иш жүргүзүп келишкен. Учурда Россияда болуп жаткан жагдайларга байланыштуу министрликтин, дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин негизги иши мекендештерибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
— Тармакта иштеп жаткан дипломаттардын кесиптик, иш билги сапаттары сиздин купулуңузга толобу? Баса, ТИМдеги бюрократияны канчалык деңгээлде жойдум деп ойлойсуз?
— Бүгүн министрликте иштеп жаткан дипломаттарга коюлган талап аябай күчтүү жана көп кырдуу. Дипломаттар тил билүүсүн арттыруучу курстарга катышып квалификациялык деңгээлин жогорулатып турушат. Ошол себептен ачык сынактын талаптары да КРдин Министрлер Кабинети тарабынан төмөндөтүлбөй, кайра кошумча сыноолор толукталып турат. Бүгүн өлкө жетекчилиги тараптан коюлган талаптар ушундай жогору. ТИМ башка мамлекеттик органдардай эле баардык багытта санариптештирүүгө жол алды. Көптөгөн консулдук кызматтар электрондук жана дистанциондук форматта биздин чет элде жүргөн жарандарыбызга көрсөтүлүп келет. Ички жана сырткы кат алышуу толук түрдө автоматташтырылган маалымат система “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” аркылуу жүрүп жатат. Бул кадамдар биздин ишибизде чечимдерди оперативдүү кабыл алууга, кат алмашууну жана мамлекеттик кызматты тездетүүгө, бюрократияны жоюуга алып келди. Ушундай кадамдар менен эле чектелип калбай, министрликте токтоосуз тиешелүү иштер жүрүп жатат.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№46 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 21-июну