"Эркин-Тоо"

КР Улуттук банкынын Санарип сом долбоордук тобунун жетекчиси Айгүл Бакесариева: “Санарип сом улуттук валютанын бир түрү болмокчу”

Санарип технологиялар жарандар төлөм жүргүзүү, акча каражаттарын алуу жана жөнөтүү үчүн пайдаланган ыкмаларды улам өзгөртүүдө. Дүйнөлүк финансылык тармакта борбордук банктардын санарип валюталарын (ББСВ) ишке киргизүү багыты туруктуу тенденцияга айланып келет. Эл аралык эсептешүүлөр банкынын (BIS) маалыматына ылайык, дүйнөнүн 130дан ашуун мамлекети өз финансылык системаларын заманбап шарттарга ыңгайлаштыруу максатында улуттук санарип валюталарын изилдеп чыгып, сыноо иштерин жүргүзүүдө, мында ишти ар башка этаптарда, б.а. концепциялардан баштап пилоттук долбоорлорду иштеп чыгышууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомдун прототибин апробациялоого даярдык көрүү боюнча комплекстүү иштерди алып барууда. Бүгүнкү күндө укуктук жана техникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жактырылып, долбоорду ишке ашыруунун негизги параметрлери аныкталды. Албетте, санарип сом боюнча эл арасында суроолор жаралбай койбойт. Ошондуктан санарип сом тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Улуттук банктын Санарип сом долбоордук тобунун жетекчиси А.Б. Бакесариевага кайрылдык.

— Айгүл Таабалдиевна, Борбордук банктын санарип валютасы (ББСВ) деген эмне?

— Борбордук банктын санарип валютасы (ББСВ) – бул борбордук банк тарабынан гана чыгарылуучу улуттук валютанын санарип түрү. Ал мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ жана жарандар ортосунда сыяктуу эле, уюмдар ортосунда да бардык эсептешүүлөрдө накталай же накталай эмес акча сыяктуу кабыл алынат.

Эл аралык тажрыйбада санарип валюталар колдонуу максатына жараша айырмаланат. Алардын бири – чекене модель. Бул моделде адаттагы банк системасы жана эсептешүү тартиби сакталат, ал эми анын адаттагы моделден айырмасы – технологиялык чечим.

Экинчи модель – дүң модель, ал финансылык уюмдар ортосунда гана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Бул модель, негизинен банктар аралык акча которууларда, баалуу кагаздар менен операцияларда жана финансылык инфраструктуранын алкагында ири эсептешүүлөрдө колдонулат.

Кыргыз Республикасында санарип сомду ишке киргизүүнүн алкагында жарандар менен бизнес субъектилеринин күнүмдүк муктаждыктарын канааттандырууга багытталган чекене модель тандалды.

— Санарип сом деген эмне жана ал эсептешүүлөрдүн башка формаларынан эмнеси менен айырмаланат? Аны киргизүү жарандарга, бизнеске жана жалпы коомго кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

— Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы накталай, накталай эмес жана санарип акча белгилери (санарип сом) түрүндө болушу мүмкүн.

Накталай акча белгилери 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор, ошондой эле 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5, 10 сом номиналындагы тыйын түрүндө чыгарылат.

Накталай эмес акча каражаттары (банктык эсептер) жарандардын жана юридикалык жактардын коммерциялык банктардагы эсептеринде сакталат жана коммерциялык банктардын ошол банктык эсеп ээлери алдында милдеттенмеси болуп эсептелет. Эсептерди жүргүзүү жана алардын абалы үчүн, ошондой эле эсептерде жазууларды жүргүзүү менен операцияларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик ошол эсепти жеке адам же юридикалык жак үчүн ачкан коммерциялык банкка жүктөлөт.

Электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыктарды кошо алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталып турган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.

Санарип сом – бул ошол эле сом, анын эмитенти катары Улуттук банк саналат жана колдонуудагы акча түрүнө кошумча санарип формадагы акча. Жарандар санарип сомду мобилдик түзүлүштөр жана башка каражаттар аркылуу онлайн режимде сыяктуу эле, интернет же мобилдик байланыш жок учурда да өз санарип капчыктарына чегерүү жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мында, офлайн режиминде колдонгондон кийин интернет байланышы кайра калыбына келтирилген шартта капчыкка тиешелүү маалыматты актуалдаштыруу талап кылынат. Жеке адамдар жана юридикалык жактар өз муктаждыктарына жараша акча каражаттарын бир формадан экинчи формага эркин которуу, б.а. санарип сомду нак акчага же банктагы эсепке которуу же болбосо кайрадан банктык эсептен нак акчага которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мында, санарип сомду офлайн режимде да колдонууга мүмкүнчүлүк берген атайын технологияларды иштеп чыгуу зарыл. Санарип сом өзүндө накталай сыяктуу эле, накталай эмес акчанын артыкчылыктарын камтый алат.

Өзүндө улуттук валюта – сомдун үч түрүн – накталай, накталай эмес жана санарип түрүн бириктирген бирдиктүү акча жүгүртүү системасы экономиканын заманбап талаптарын толугу менен канааттандыра алат жана экономиканын финансы жана реалдуу секторлорунда тез арада инновацияларды ишке киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

— Санарип валюта жана криптовалюта ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

— Борбордук банктын санарип валютасы жана криптовалюта – бул санарип активдердин эки башка түрү, алар колдонуу максаты, технологиясы жана башкаруу ыкмасы боюнча айырмаланат.

Мисалы, санарип сом — бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан гана чыгарылуучу борборлоштурулган валюта. Ал эми Bitcoin, Ethereum жана башка криптовалюталар борборлоштурулбаган тармактарда түзүлүп, бирдиктүү эмиссия борбору жок жана мамлекет тарабынан камсыздалбайт. Мындан тышкары, криптовалюталар жогору өзгөрүүлөргө дуушарланып турат – башкача айтканда, алардын баасы кыска убакыт ичинде кескин өзгөрүп турушу мүмкүн. Б.а. алар туруксуз катары саналат жана эсептешүү каражаты катары колдонулушун чектейт.

Санарип валюта бөлүштүрүлгөн реестр технологияларын, анын ичинде блокчейнди да колдоно алат, бирок аны жөнгө салуучу орган тарабынан гана башкарууга жол берилет. Санарип валюталарда майнинг же стейкинг сыяктуу механизмдер колдонулбайт – анын ордуна операцияларды ырастоо укугу системадагы ыйгарым укуктуу катышуучуларга берилген ишенимдүү түйүндөргө (мисалы, Proof of Authority) негизделген ыкма колдонулушу мүмкүн.

Ошентип, криптовалюта жана борбордук банктын санарип валютасы – бул такыр эле эки башка инструмент. Кыргызстанда криптовалюталар виртуалдык актив катары жөнгө салынат, бирок расмий төлөм каражаты катары таанылбайт жана расмий валюта статусуна ээ эмес. Аларды чыгаруу жана жүгүртүү борбордук банктын системасынан тышкары жүргүзүлөт.

Борбордук банктын санарип валютасы, тескерисинче, расмий финансылык системанын бир бөлүгү катары түзүлөт, мамлекет тарабынан камсыздалат жана улуттук валютанын башка түрлөрү менен бирге эсептешүүдө колдонулат.

— Эл аралык тажрыйбага кайрылсак, санарип валюталар түзүлүшү жана дизайны боюнча айырмаланат. Санарип сом кайсы модель боюнча ишке ашырылат?

— Эл аралык тажрыйбада санарип валюталардын түзүлүшү катары платформанын технологиялык түзүмүн түшүнүү зарыл: ал толугу менен борборлоштурулган, борборлоштурулбаган же гибриддик болушу мүмкүн. Ал эми дизайны – борбордук банк, коммерциялык банктар жана акыркы колдонуучулар ортосунда өз ара иш алып баруу моделин аныктайт. Бул параметрлерге жараша ар бир өлкө өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө, мыйзам ченемдерине жана ишке киргизүү максаттарына ылайык келген чечимдерди тандап алышат.

Бекитилген Санарип сом концепциясына ылайык, Кыргызстанда эки деңгээлдүү чекене модель тандалган. Бул моделге ылайык, Улуттук банк санарип сомду чыгарат жана коммерциялык банктар үчүн санарип эсептерди ачат, ал эми коммерциялык банктар өз кезегинде өз кардарлары – жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн санарип сом платформасында санарип капчыктарды ачып, аларды жүргүзүшөт.

Мындай ыкма финансылык системанын учурдагы түзүмүн сактоого жана санарип сомду учурда иштеп жаткан банктык тейлөө каналдары аркылуу жеткиликтүү кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Санарип сом платформасынын прототибин жана анын түзүмүн иштеп чыгуунун алкагында төмөнкү ишке ашыруу варианттары каралган:

—    борборлоштурулган система;

—    бөлүштүрүлгөн реестрлерге негизделген борборлоштурулбаган тармак;

—    гибриддик түзүм – бөлүштүрүлгөн реестр элементтери колдонулган борборлоштурулган система.

Мында, гибриддик түзүмдү колдонуу сунушталууда – бул санарип сомду санарип капчыкта сактоо, башкаруу, транзакцияларды ишке ашыруу жана алардын эсебин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген, бөлүштүрүлгөн реестр элементтери колдонулган борборлоштурулган санарип сом платформасы.

Тандалган модель санарип сомду өлкөнүн финансылык инфра-структурасына тоскоолдуксуз интеграциялоого шарт түзөт.

— Санарип сом долбоору азыр кайсы этапта турат?

— Кыргыз Республикасында санарип сом боюнча иш талкуулоо стадиясынан тажрыйбалык деңгээлге өттү. Улуттук банк концептуалдык ыкмаларды иштеп чыгып, платформанын түзүмүн аныктап, ишке киргизүү моделин тандап, техникалык прототипти түзүү иштерин баштады.

Бул иштер менен катар банктык инфраструктураны түзүү максатында банк сектору менен даярдык иштери жүрүп жатат. Улуттук банк коммерциялык банктар менен кызматташып, сурамжылоолорду жүргүзүп, анкеталарды толтуруу жана мобилдик тиркемелерин интеграциялоо үчүн тесттик чөйрө сунуштай ала турган мүмкүнчүлүктөрүн баалоо иштерин жүргүзүүдө.

2027-жылдын январь айында Санарип сомдун укуктук статусу жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин төмөнкү кейстер боюнча улуттук, продуктивдүү жана пилоттук чөйрөлөрдө тесттик операцияларды жүргүзүү каралган:

—    I этап – санарип сомду эмиссиялоо, API-стандарттарды түзүү, колдонуучулар жана коммерциялык банктар үчүн санарип капчыктарды иштеп чыгуу (банктарды туташтыруу), санарип капчыктар ортосунда акча которуулар;

—    II этап – социалдык төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыгын платформага туташтыруу, мамлекеттик жана бизнес максаттар үчүн смарт-контракттарды колдонуу;

—    III этап – офлайн төлөмдөр, QR-код аркылуу төлөмдөр, төлөм жана которуулар үчүн транзакцияларга лимиттерди белгилөө.

— Мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

— Санарип сомдун укуктук статусу аныкталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылды жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 17-апрелинде кол коюлган. Бирок бул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам долбооруна ылайык, жети негизги ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, Жарандык жана Бюджеттик кодекстерге, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, ошондой эле «Төлөм системасы жөнүндө», «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр төмөнкү максаттарды көздөйт:

—    санарип сомду улуттук валютанын бир түрү катары бекитип, аны Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты катары таануу;

—    Улуттук банкты санарип сом платформасынын оператору катары аныктоо;

—    санарип сомду чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү тартибин белгилөө;

—    системанын катышуучулары – мамлекеттик органдардын, банктардын жана колдонуучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо;

—    керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган ченемдерди караштыруу.

Бул чаралар санарип сомду ишке киргизүү жана аны өлкөнүн финансылык системасына интеграциялоо үчүн зарыл болгон укуктук негизди түзөт.

Абдимухтар Абилов