(Башталышы гезиттин 07.02.2025-ж., №9 санында)
Өткөн саныбызда Ишенбай Дүйшөнбиевич менен болгон маегибиз кызыктуу жагдайда уланганынан улам, биз кайрадан саясий ишмерге бир катар соболдорубузду жолдодук. Каарманым бүйүр кызыткан салмактуу жооптору менен бөлүштү.
— Ишенбай Дүйшөнбиевич, сиз белгилеген шайлоо системасы кабыл алынса, өзүңүз мисал келтирген Чүй облусунда аламан жарыш иш жүзүндө кандайча чагылдырылмак?
— Эгерде эл өкүлдөрү партиялык тизме аркылуу гана шайланса, өлкөнүн аймагын 9 эмес, 12 шайлоо округуна бөлүүнү сунуш кылат элем. Сөзүм кургак болбосу үчүн маселен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарын, Бишкек шаарын экиге бөлүп, калганы Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Ош шаарынын округунан турмак. Ошондо Чүй облусу Батыш Чүй (Жайыл, Панфилов, Сокулук, Москва райондору) жана Чыгыш Чүй (Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондору) округунан турмак. Шайлоочулардын санына жараша Батыш Чүй округуна 8 мандат, Чыгыш Чүй округуна 7 мандат бөлүштүрүлмөк. Мунун натыйжасында Чүй облусунун эки округундагы шайлоочулары 5 жыл бою 15 мандатка ээ болмок. 15 мандат болсо шайлоодо мандат алуу укугуна жетишкен партиялардын ортосунда округдарда алынган добуштун санына жараша бөлүнөт. Эгерде кандайдыр бир себеп менен депутат мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна ал кайсы округдагы партиянын тизмесинен шайланса, мандат ошол тизменин ичиндеги кийинки талапкерге берилмек. Маселен, Батыш Чүй округунда шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын тизмесинен башка талапкерлердин номерлери көрсөтүлгөн 8 чарчы болот. Ошентип, артыкчылыктуу добуш берүү менен мындай шайлоо системасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө жетмекпиз. Натыйжада, шайлоочу негиздүү тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бул шайлоо системасынын дагы бир артыкчылыгы, эгерде саясий партиялар талапкерлердин тизмесине байлыгы бар, өз тегерегиндеги тааныш-билиш, жакын адамдарын киргизишсе, сунуштаган шайлоо системасы боюнча партия аргасыз ар бир аймактардагы округдардан элдин ишенимине ээ болгон, акылдуу, компетенттүү, профессионал адамдарды тизмеге киргизгенге аргасыз болушат. Муну менен партиялардын арасында күчтүү талапкерлерди өздөрүнүн катарына тартууда атаандаштык жаралат болчу. Жергиликтүү партиянын ячейкаларын ачууга мажбур кылмак. Ошентип, өлкөдө партиялык система өнүкмөк. Аныгында парламент чоң саясий мектеп болуп саналат. Беш жылдын ичинде депутат мыйзам чыгаруу гана эмес, чоң саясий сабактан өтөт. Эгерде парламентке эл шайлаган сабаттуу, өз принциптери бар депутаттар келишсе, алар өлкөбүздүн өтө чоң кадрдык резерви болушат эле.
— Сиз шайлоо мыйзамдарын майда-баратына дейре ажыратып, талдаган, бул жааттан астыңызга анча-мынчаларды чыгарбаган чоң тажрыйбага ээ экениңизди билебиз. Коомчулук шайлоо боюнча түрдүү талкууларды кеп кылып жатканда, эмнеге өз сунушуңузду эл алдына ачык жарыялабай келесиз?
— Жогоруда айтылган шайлоо системасын мен көп жылдан бери сунуштап жүрөм. Буга коомчулук деле даяр. Азыр мыйзам чыгаруучу инсандардын кезеги келди. Качан алар өздөрүнүн эмес, шайлоочуларынын укугун биринчи орунга койгонго даяр болсо, сунуштаган шайлоо системасы кабыл алынышы мүмкүн.
— Шайлоо демекчи, Ишенбай Дүйшөнбиевич, сиз кезегинде жаңылбасам, парламенттин 2-чакырылышына талапкер кезиңизде шайлоочуларыңыз менен үгүт маалында көзмө-көз жолугушууга барбастан, Бишкекте туруп, тагдыр чечээр маалда атаандаштарыңызды ат чабым артка таштап, маарага алгачкы болуп келгениңиз азыркыга дейре тарых болуп айтылып жүрөт. Өткөн окуя боюнча кеп салып бербейсизби?..
— Маңдайга жазган тагдырбы же башка себептенби, негизи менин депутат болушум өтө оор абалда өткөн. Биринчи жолу аламан жарышка түшкөндө маарага чуркашкан сегиз талапкердин арасындагы негизги атаандашым Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин катчысы, андан мурун Ленин заводунун башкы директору болгон. Шайлоо округунда 70% шайлоочулар ошол заводдо жумушчу болуп иштешкен. Элестетип көргүлөчү, ошондой талапкерди депутаттыкка өткөрүш үчүн компартиянын структуралары кандай күч колдонушканын? Ошого карабай мен жарышта экинчи турда жеңишке ээ болдум. Андагы борбордук бийликтин “Правда” гезити Кыргыз ССР жана Беларусь ССРинен эч ким билбеген жаш талапкерлер шайлоодо жергиликтүү компартиянын катчыларын утуп алышты деп сенсация катары кабар берген. Экинчи жолу депутаттыкка аттанганымда, бийлик Президенттик Администрацияда иштеген жердешимди ачыктан-ачык сүрөп чыгышып, эң бийик деңгээлде чоң чогулуштарда аны шайлоочулардан “колдоп бергиле” деп суранышкан. Натыйжада, жергиликтүү бийлик жогортон келген команданы “туура түшүнүшүп”, мени шайлоочулар менен мекемелерде, мектептерде жолугушуу укугумдан ажыратышып, бүтүндөй жергиликтүү бийлик аппараттарын атаандашымдын пайдасына иштеттиришип, аны ачыктан-ачык колдошкон. Бирок, жергиликтүү бийлик эл менен башка жерде жолугушканга жолтоо кыла алышкан жок. Шайлоочулар мени колдоп, добушун беришип, он бир талапкердин арасынан мени төбөлөрүнө көтөрүшүп, мандат алып беришкен. Ал эми сиз айткан шайлоо окуясы 2000-жылдагы парламенттик жарышка үчүнчү ирет ат салышканымда болгон. Анда бийлик атайылап кардиналдуу жолго барып, мага карата кылмыш ишин козгоп, шайлоочулар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышып, бийликтин бүтүндөй административдик ресурсун мага каршы иштетишкен. Мындай ыпластыкка жаалданган эл, карапайым менин шайлоочуларым адилетсиздикти көрүп туруп, мени кайрадан депутаттыкка шайлашкан. Тарыхта сейрек кездешкен мындай окуяны бир гана нерсе менен түшүндүрсө болот. Ал түшүнүк эл тамырчы болгондугунда. Элдин ишенимине жетиш оор! Эгерде эл ишеним артып калса, анда андай ишенимди эч ким, эч кандай күч башка жакка бура албайт. Ошондогу Акаевдик бийлик мени буттан чалуу үчүн кандай гана ыплас аракеттерди кылган жок. Жамандашты, мамлекеттик кызматкерлерди коркутушту, атаандаштарымдын мыйзамсыз жасаган иштерин көрмөксөн болушту. Мындай адилетсиздикке шайлоочуларым чыдашты, айткандарын угушту, бергендерин алышты. А бирок, жыйынтыгында добушун мага беришти. Мындай акылман элге тек гана сыйынса болот.
— 2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоодон улам Президент Аскар Акаев бийликти таштап качып кеткен соң, саналуу сааттарга болсо да өлкөнүн тизгини сиздин колуңузга өткөн да, туурабы? Андан ары бийликти колго алууңузга эмне тоскоолдук кылган? Бул жагы бүгүн да коомчулуктун кеңири катмарына кызык болуп келет…
— 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстан Президентсиз калган. Баш мыйзамда “мындай учурда Президенттин ыйгарым укуктары Премьер-министрге өтөт” деп жазылган. Бирок, Премьер-министр дагы өлкөдөн чыгып кеткен. Баш мыйзамда “Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйыны Президенттин сунушу боюнча Премьер-министрди дайындоого макулдук берет” деп жазылган. Президенттин жоктугуна байланыштуу эл өкүлдөр жыйынына Премьер-министрди дайындоо жөнүндө сунушту мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы гана бере алмак. Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйыны макулдук берген соң Президенттин милдетин аткарып жаткан Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы Премьер-министрди дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол коймок. Ошол кезде мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы болуп мен шайлангам. Бирок, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары мыйзам чыгаруу жыйынынын сунушун күтпөй, Баш мыйзамдын эрежесин бузуп, Курманбек Бакиевди Премьер-министрлик кызматка дайындоого макулдугун берген. Анысы аз келгенсип, Премьер-министрди дайындоо жөнүндө Президенттин милдетин аткарып жаткан менин Жарлыгымды күтпөй, Курманбек Бакиев өзүн Премьер-министр жана Президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, ишке киришкен. Борбордук аянтта турган эл бул жарыяны кабыл алган. Албетте, мындай адилетсиздикке карата мен дагы Баш мыйзамдагы ыйгарым укугумдан пайдаланып, бийлик талашкандарга чара көрүп, өлкөнүн кожоюндугунун тизгинин колго алып калсам болмок. Бирок, мындай чечим өтө опурталдуу болчу. Ойлоп көргүлөчү, аянтта эл толкуп турат. Мамлекет бийликсиз калган. Эгерде мен Баш мыйзамга таянып, өзүм тараптагы саясатчылар менен бийликти талашсам эмне болмок? Ошондо эл бөлүнүп кетпейт деп ким кепилдик бере алмак? Саясий максатка ылайык, мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө тутуп, Курманбек Бакиевдин командасына жолтоо болбоо чечимин туура деп эсептедим. Юридикалык жактан караганда мен “саналуу саат” эмес, 24-марттан 14-апрелге чейин Президенттин ыйгарым укугу менин колумда болгон. Себеби, Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жана эл өкүлдөр жыйындарынын мөөнөтү 2015-жылдын 14-апрелинде аяктамак. Ошол себептен, Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруу жыйыны өзүнүн ыйгарым укуктарын 14-апрелде токтотуп, өлкөдөгү мыйзам чыгаруу бийлигин Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына шайланып келген курамына өткөрүп берген.
Калыгул Бейшекеев