"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КРИПТОВАЛЮТА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАБЫ?

Өткөн жумада виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш болуп, ага Мамлекет Башчысы С.Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев, УКМК Төрагасы К.Ташиев ж.б. тиешелүү жетекчилер катышты. Анда криптовалюта жана блокчейн технологиялары кеңири талкууланды.

Эч ким жокко чыгара албайт, азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды. Көптөгөн мамлекеттер виртуалдык активдерди жөнгө салуу үчүн стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгууда, борбордук банктардын санариптик валюталарын киргизүүдө, реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө. Бул процесстер мындан ары технологиялык эксперимент болбой, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементтерине айланып баратат. Кыргыз Республикасы чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири болууда. Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө. Бул темпти биз мындан ары өркүндөтүшүбүз керек.

Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынында биздин өлкө криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турганын белгилеп, Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатканын айтты.

“Кыргыз Республикасы криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат.

Бул коомдун санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экендигин билдирет. Бирок бул бизге олуттуу жоопкерчилик жүктөйт. Бул жагынан алганда, Улуттук кеңешти түзүү салмактуу жана талап кылынган чечимдердин зарылдыгынан улам логикалык кадам болуп калды. Кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилген. Анын ишине дүйнөлүк денгээлдеги кесипкөйлөрдүн, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу эң мыкты жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларга жетүүгө жол ачат” деди Президент.

Ачыгын айтсак, бүгүн блокчейн келечектин абстракттуу элеси эмес, экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жөндөмдүү кубаттуу курал болууда. Демек, технологияны жөн эле колдонбой, бул процесстин алдыңкы сабында болуу менен жаңы санариптик реалдуулукта өлкөнүн экономикасынын алдыңкы орунга чыгышын камсыз кылуу зарыл. Маселен, блокчейн жана жасалма интеллект менен жаңы жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзсө болот.

Криптовалюта деген эмне?

Криптовалюта – бул санариптик валюта. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги электрондук акча. Анын бирдиги – «коин». Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейнге криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.

Биткоинден башка лайткоин, нубитс, нэймкойн, пиркоин, рипл жана башка криптовалюталар бар. 2010-жылы биткоинди биржалык фонддордун бири кадимки акчага которуп, трейдерлердин кызыгуусун жараткан. Ошондон бери биткоиндин баасы көтөрүлүүдө. Ал эми электрондук акчанын реалдуу товар менен алмашуусу 2010-жылы май айында катталган. Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө криптовалюталарды банкоматтарда кадимки акчага алмаштырууга мүмкүн. Ошондой эле интернет-дүкөндөр, кызмат төлөмдөрдү биткоин аркылуу төлөө ишке ашырыла баштады.

Айтор, криптовалюта рыногу ээ-жаа бербей, тез өсүүдө. Күн алыс жаңы криптовалюта жаралып, эскисин рыноктон кетирүүдө. Ар бир жаңы криптовалюта рынокко чоң ийгилик жаратуу убадасы менен чыгып, аны арзан кезинде сатып алгандар тез арада байыйт. Айрым онлайн валюталары бир нече айга жетпей өчүп калат. Айрымдары биткоиндей болуп, феноменге айланат. Кандай болгон күндө да, криптовалюта — финансы жана технология тармактарына ири өзгөрүүлөрдү алып келүүдө.

Криптовалюталардын артыкчылыктары эмнеде?

Банктардан көз карандылык жок. Биринчиси, сенин акчаң банктардан жана өкмөттөрдөн көз каранды болбойт, бул сага аны кантип колдонууда көбүрөөк эркиндикти берет. Кадимки банктык которуулардагыдай эле, сен дүйнөнүн каалаган бурчуна жогорку комиссияларды төлөбөстөн, же бир нече күн күтпөстөн акча жөнөтө аласың. Экинчиси, криптовалюталар маалыматтарды коргоо үчүн татаал криптографиялык алгоритмдерди колдонушат. Бул ар бир транзакция шифрленген жана уруксатсыз кирүүдөн корголгон дегенди билдирет. Мындан тышкары, блокчейн менен ар бир транзакция ачык-айкын жана өзгөрүлгүс болот. Бул алдамчылык же каражаттарды эки жолу колдонуу/чыгымдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Үчүнчү артыкчылыгы транзакциялардын ылдамдыгы. Салттуу банктык которуулар, айрыкча эл аралык которуулар жөнүндө сөз болгондо, бир нече күн талап кылышы мүмкүн. Криптовалюта операциялары бир нече мүнөттүн ичинде бүтөт. Бул тез арада чет өлкөгө акча которуу же онлайн сатып алуу үчүн төлөө керек болгондо өзгөчө ыңгайлуу. Төртүнчүсү, төмөн комиссиялар. Анткени, криптовалюталар төмөн комиссияларды сунушташат. Банктар жана төлөм системалары, өзгөчө эл аралык которуулар үчүн олуттуу суммаларды алышат. Криптовалюталар менен бул төлөмдөр минималдуу жана кээде жок болуп, аларды колдонуучулар үчүн жагымдуураак кылат. Бешинчиси, инвестициялык мүмкүнчүлүк. Көптөгөн адамдар криптовалюталарды аманаттарын өстүрүүнүн бир жолу катары көрүшөт. Мисалы, акыркы бир нече жылда биткоиндин баасы бир топ көтөрүлүп, башында акча салгандар олуттуу кирешеге жетишти.

Криптовалюталардын тобокелдиктери жана кемчиликтери кандай?

Бардык артыкчылыктарга карабастан, криптовалюталардын да кемчиликтери жана тобокелдиктери бар. Маселен баанын өйдө-төмөн болушу. Эң маанилүүлөрүнүн бири – туруксуздук. Криптовалюталардын наркы кыска убакыттын ичинде кескин өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, биткоиндин баасы бир күндө эле бир нече миң долларга көтөрүлүп же төмөндөп кетиши мүмкүн. Бул криптовалюталарды алып-сатарлар үчүн жагымдуу кылат, бирок ошол эле учурда катардагы колдонуучулар жана инвесторлор үчүн тобокелдиктерди жаратат. Ошондой эле толук кандуу тушүнүктүн жоктугу. Мындан тышкары, криптовалюталар дагы эле салыштырмалуу жаңы жана жетишсиз изилденген бойдон калууда. Бул көптөгөн адамдардын жана компаниялардын анын кантип иштешин толук түшүнбөй калышына алып келет. Мисалы, сыр сөзүңдү унутуп же ал сакталган түзмөктү жоготуп алсаң криптовалюталар капчыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алуу коркунучу бар. Банктардан айырмаланып, криптовалюталарда каражаттарга жетүүнү калыбына келтирүүгө жардам бере турган колдоо тобу жок. Дагы бир коркунуч жөнгө салуу менен байланыштуу. Ар кайсы өлкөлөр криптовалюталарга ар кандай мамиле кылышат. Кээ бир мамлекеттер аларды салттуу каржы системасы үчүн коркунуч деп эсептеп, пайдаланууга толугу менен тыюу салышат. Ошондой эле коопсуздук коркунучтарын эске алуу зарыл. Блокчейн ишенимдүү технология деп саналса да, криптовалюта капчыктары жана биржалары көбүнчө хакерлердин бутасына алынат. Чоң көлөмдүү бузуулар буга чейин миллиондогон долларлардын жоголушуна алып келген, атүгүл эң коопсуз системалар да аялуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, криптовалюталык активдериңдин коопсуздугуна көңүл буруу өтө маанилүү.

Криптовалюталарды өнүктүрүүнүн келечеги барбы?

Бардык тобокелдиктерге карабастан, көптөгөн серепчилер криптовалюталар келечектүү деп эсептешет. Алар транзакцияларды жүргүзүүнүн тез, арзан жана коопсуз жолдорун сунуштап, дүйнөлүк каржы системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, блокчейн жана смарт-келишимдер сыяктуу технологияларды өнүктүрүү каржы секторун гана эмес, экономиканын башка секторлорун да өзгөртө турган жаңы тиркемелерди жана кызматтарды түзүүгө алып келиши мүмкүн. Мисалы, борбордон ажыратылган каржылык тиркемелер (DeFi) азыртан эле жигердүү өнүгүп келе жатат жана колдонуучуларга кредиттөөдөн соодага чейин кеңири кызматтарды сунуштайт.

Экономист Улукман Мамытов:

– Азыр дүйнө жүзүндө криптовалюта популярдуулукка ээ болуп, өсүп-өнүгүүдө. Анткени криптовалютаны инструмент катары колдонууга да ыктап жатышат, анын жардамы менен көп акча каражатын табуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн туура чечим, принциптерди түшүнгөн кадрлар болушу шарт. Рыноктук мамилеге карап, кадр даярдоо маселесин чечсе болот. Университеттерди каржылап, криптовалюта жана блокчейн боюнча IT адистерин даярдоо керек. Глобалдык экономика, глобалдык финансылык система кризиске жакындап калды. Ошондуктан алтындын баасы жогорулап жатат, бул ошол кризистен кабар берет. Эгерде финансылык система ошондой кризиске кирсе, анда инструмент катары алтын менен эле криптовалюта калат. Демек, криптовалютанын азыр потенциалы жогорулап баратат. Бирок өтө этияттык менен, абайлап мамиле кылыш керек. Мунун глобалдык тобокелчиликтери чоң.

Жарандык активист Тимур Саралаев:

– 2021-жылга чейин Кыргызстан туруктуу өнүгөт, заводдор ачылат, жылына жүздөгөн мектептер курулат, миңдеген чакырым жолдорго асфальт басылат, “Кумтөрдү” кайра мамлекетке кайтарабыз, “Камбар Ата 1” сыяктуу кубаттуулугу жогоруу ГЭСтердин курулушу башталат, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу башталат, мамлекеттин экономикасы туруктуу өнүгүсү боюнча КМШ өлкөлөрдүн арасында лидерге айланабыз деген жаңылыктарды окуу эмес, кыялдануу дагы мүмкүн эмес болчу. Мындай позитивдердин ордуна – “Кыргызстан карыз сурады”, “Кыргызстан эң жакыр өлкөлөрдүн катарында көрсөткүчү дагы төмөндөдү”, “мектеп курганга акча жок, чатырда чыдап окуп тургула”, “Нарында контейнерден мектеп ачылды”, “Кыргызгаз” 1 долларга сатылды”, “ТЭЦке келген 386 миллион доллардын 111 миллион доллары уурдалды”, “Тарых музейге сатылып алынган экспонаттардын баасы 10 эсе кымбат көрсөтүлгөн” деген гана жаңылыктарды окуйт элек. 2021-жылдан кийин акырындап башталган өнүгүү темпи, эми жогорку ылдамдык менен күчтөнүү алды. Азыр биз күн сайын өлкөбүздүн өнүгүүсү тууралуу жагымдуу жаңылыктарды окуп жатабыз. Кытай басылмаларында “Кыргызстан – Борбор Азиядагы крипто лидер” деген маалыматтар басылып, криптовалюта жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча биздин өлкө Борбор Азияда алдыңкы орунга чыкты. Бул чоң ийгилик.

Зулпукаар Сапанов