"Эркин-Тоо"

“Кристалл” заводунун кыйрашынын сыры…

Көйгөй
———2-макала———

“Эркин-Тоо” гезитинин ушул жылдын 29-мартындагы №24 санына жарыяланган “Кристалл” заводунун кыйрашынын сыры…” аталышындагы электроника тармагынын мыкты адистери менен болгон маегибизде аталган ишкананын кыйрашынын айрым бир себептери тууралуу учкай кеп курганбыз. Эми экинчи макалабызда Кыргызстан үчүн архи-маанилүү обьектинин тагдырына башка өңүттөн назар салабыз. Балким, өлкөбүздүн экономикасы үчүн эле эмес, дүйнөлүк кремний өндүрүшүнүн рыногунда кырдаалды өзгөртүүгө кудурети жете турган тармактын талкаланышынан сабак аларбыз.

Чынында Аскар Акаевдин бийликте турганда өлкөдө кремний өндүрүшүн жандандыруу боюнча жакшы иштер башталганы менен кайдыгерликтин кесепетинен демилге максатына жеткен эмес.  Бир сөз менен айтканда, заводду иштетпеш үчүн кыргыздын чиновниктери акчага сатылып кеткен деген миш-миш сөздөр туурадай. Өткөн санда сөз кылгандай,  дүйнөлүк рынокто поликриссталдык кремний өндүрүшүнө үстөмдүк жүргүзүп келишкен Германия, Кытай, Япония өлкөлөрү Кыргызстандагы “Кристалл” заводунун иштеп кетишине бут тосуп,  түз жана кыйыр түрүндө кысым жасап келгени чындыкка дал келет. Маселен, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Япония өкмөтү биздин өлкөбүздө кремний өндүрүшүнө ачыктан-ачык каршы болуп келгенинин жөнү бар. Ишенимдүү булактардын айтканына караганда, 90-жылдардын орто ченинде ушул тармакты мыкты билген жетимиш жаштардан өтүп калган Табато деген япон адиси “Кристалл” заводунда беш жыл эч кимди киргизбей, изилдемиш болуп отурган экен. Ошол учурда деле инвесторлор келип жатыптыр, бирок, Табато аларды ишканага киргизбегенин айтышат. Эмне үчүн ал ошол жерде беш жыл олтурду? Анткени, бул тармакта технология тездик менен өзгөрүп турат экен. Анын бир максаты – жаңы атаандашты болтурбоо, убакытты создуктуруу, же инвесторлорго бут тосуу. Табатонун ошол жерде олтурушуна, Президент Аскар Акаев баш болгон кыргыз чиновниктери  шарт түзүп беришкен. Албетте, бекер эмес, сый акысын алып турушту да.

Кыскасы япон адистери  убакыттан утканы аз келгенсип, Кыргызстан менен кремний өндүрүшү боюнча кызматташуудан баш тартканы маалым болду. Анан 1997-жылдын 19-сентябрында Президент Аскар Акаев ошол учурдагы өлкөнүн Премьер-министри Апас Жумагуловго:

“Премьер-министру Апасу Жумагулову.

Поскольку японские компании отказывается продавать лицензию на аналогичную технологию, считаю необходимым вести работу российской технологии и, самое главное не упустить время!” деген мазмунда  кат жолдогон.

Ага чейин 1996-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Апас Жумагулов, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Аскар Сарыгулов, Россиянын илимдер академиясынын жалпы физика институту тарабынан берилген ишеним каттын негизинде “ЭЛЛИНА-НТ” жабык акционердик коомунун башкы директору Г.Н.Петров эң башкысы Россиянын илимдер академиясынын жалпы физика институтунун директору Нобель сыйлыгынын ээси Александр Прохоровдун катышуусунда  Кыргызстанда экологиялык жактан таза заманбап технологиялардын негизинде жарым кристаллдык кремнийди кеңири өндүрүү, дүйнөлүк кремний рыногуна чыгуу жана өлкөдө  микроэлектрониканы өнүктүрүү үчүн база түзүү максатында инвестициялык келишим түзүү каралган экен. Ал келишимге ылайык, орус тарап ири масштабдагы өндүрүштүн долбоорун даярдап, тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу белгиленген. Заводдун поликремний өндүрүү кубаттуулугу жылына 600 тоннадан 2000 тоннага чейин жеткирүү, өндүрүштүн өздүк наркын килосу 50-55 АКШ долларынын 25 долларга чейин түшүрүү маселеси коюлган. “ЭЛЛИНА-НТ” ишканасы тарабынан продукцияны сатуу үчүн дүйнөлүк рынокко кылдат анализ жүргүзүшүп, зарыл болгон материалдык жана интеллектуалдык чыгымды дагы өздөрү көтөрүшүптүр.  Ошол эле учурда академик А.Прохоров Россиядагы тишеси бар бардык институттарды аталган долбоорго тарткан экен. Анан заводдун  долбоордук кубаттуулукка жеткенде россиялык тараптын салымын жылдык сатуу көлөмүнүн 40% деңгээлинде баалоо боюнча макулдашыптыр. Эгерде долбоор ийгиликтүү ишке аша турган болсо “Кристалл” АКнын 25% үлүшүн россиялык компанияга берүү каралыптыр. Тилекке каршы, ошол учурдагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы каршы болуп, макулдашуу ишке ашпай калган. Мындай кирешелүү тармактын иштеп кетишине кызыкдар болбогон электрониканын нагыз адиси Президент Аскар Акаевдин кайдыгерлигине сөз жок. Айрым маалыматтарга караганда, ошол учурдагы өкмөт башчысынын, “Биз кремний чыгаруу боюнча Япония, Германия, АКШга теңеле албайбыз, андан көрө алтындын ишететип эле пайда көрөлү” деген сөзүнө Акаев ишенген дешет. Коррупцияга белчесинен баткан алтын өндүрүшүнүн түйшүгүн көрдүк го.

Мына ошол эле жылдарда Иран мамлекети “Кристалл” заводунун иштешине кызыкдар болуп, өндүрүштү жандандыруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражатын берүүгө даяр экендигин билдирип, 2000-жылдан баштап жылына 600 тоннага чейин поликремний сатып алууга тиешелүү адистер менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн экен. Бул демилге  дагы аягына чыккан эмес.

2000-жылдын орто ченинде Малайзиялык “Mimos” компаниясы заводго инвестиция жумшап, Кыргызстан алар менен бирге 2002-жылы поликристалл кремнийдин пилоттук партиясын чыгарган экен. Ал продукция Япония, Германия, Норвегияда жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча  электроника үчүн жогорку сапаттагы полисиликонго дал келгенин тастыкташкан. Тилекке каршы Малайзиялык инвесторлор Япониянын басымынан улам, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгон дешет адистер. Ушундай көрүнүштөр “Кристалл” заводунун өмүрүн кыскартууга өбөлгө түзгөн. Бирок, эми деле кеч эмес.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө кремний өндүрүшү кирешелүү бизнестин сап башында турат. Эмне үчүн кремний? Анткени, ансыз бир дагы ракета учпайт, бир дагы электроника жабдуулары иштебейт. Бери эле дегенде күндөн энергия алуучу каражаттын негизин дал ушул продукциядан жасалат. Учурда илим күн энергиясына барган сайын көбүрөөк көңүл буруп жатат. Бирок аны кремнийсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес адистер баса белгилешип келүүдө.

Азыр Өзбекстанда кремний өндүрүшү жандана баштаптыр. Эмнеге Кыргызстан кол куушуруп отурушу керек? Кыргызстанда кремний өндүрүшүнө зарыл болгондун бардыгы тагыраагы, табигый кварциттердин бир нече кендери,  өндүрүш процессинде талап кылынган таза тоо абасы, суунун чоң запасы,  даяр инфраструктура:  темир жол түйүндөрү, түштүк менен түндүктү бириктирген мамлекеттик жол, арзан электр энергиясы менен камсыз кылган ГЭСтердин кубаттуу каскады бар. Заманбап кадрлар   сакталып калган.

Эми “Кристалл” заводун модернизациялап, биз мурда сөз кылган  Нобель сыйлыгынын лауреаты, орусиялык академик Прохоров менен биргеликте иштеп чыккан жабык цикл технологиясын киргизүү керек. Аны жүзөгө ашыруучу адистер даяр экен. Чама жетсе,   техникалык кремний өндүрүү — андан кийин поликристалл кремний өндүрүү — андан кийин поликристалл кремнийден монокристалл кремний өстүрүү — жана монокристалл кремний чиптерди, фотоэлектрдик күн орнотмолорун, күн орнотмолорун жана диоддор, кубаттуу матрицалар ж.б. өндүрүүгө жетишүү керек. же болбосо, экономика өнүгүп, жогорку технологиялар пайда болгон сайын, дүйнөдө энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги башталууда. Кыргыз Өкмөтү жакында стратегиялык жактан маанилүү “Кристалл” заводун толугу менен мамлекеттин колуна алды. Эми дүйнөдөгү кремний өндүрүшү рыногундагы монополисттер – Япония, АКШ, Германия, Кытай, Тайван жана башка өлкөлөр менен атаандашуучу учур келди. “Кристаллды” заманбап технологиялар менен ишке киргизилсе, өзүн бир нече эсе актаган ири долбоор болот.  Кремний өндүрүшүнө суроо-талап жылдан жылга өсүп, чийки затка болгон баалар он эселеп көтөрүлүүдө. Ошону менен бирге бюджетибизге ири киреше түшөт. Өз убагында орустин миллиардери Виктор Векселбергдин, “Кыргыздар эмне эле акча издеп дүйнөнү кыдырып жүрөсүңөр? Кремний өндүрүшүн жолго салып, байый бербейсиңерби…” деген өңүттөгү сөзү бекеринен айтылган эмес.

“Кристалл”  заводунун иштешине каршы болгон өлкөлөр бүгүн деле табылат. Кыргыз чиновниктерин сатып алууну көздөгөн чет элдик тараптар дагы жок эмкс. Керек болсо, заводду дүңүнөн сатып алууга даяр өлкөлөр бар. Аларга күчтүү атаандаштыктын кереги жок. Андыктан, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган кыргыз жарандары иштетиши керек бул заводду. Эң башкысы, кремний өндүрүшүн жандандыруу үчүн саясый эрк керек. Ал эми өндүргөн продукцияны дүйнөлүк рынокко чыгарууга дарамети жете турган адистер мамлекетке зор үмүт артып турушат.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№31 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 23-апрели

 

Пример HTML-страницы