"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КРнын Биринчи Элдик Курултайынын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев: “КУРУЛТАЙ- КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ОМОКТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ”

– Кадыр агай, жакында IV Элдик Курултай өтөт. Бул институттун Конституцияга кирип, мыйзамдуу органга айланышына сиздин да салымыңыз бар экенин жалпы журт жакшы билет. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей Курултайдын иши сиздин оюңузча кандай баратат?

– Элдик Курултайды мыйзамдаштыруу максатында пикирлеш адамдар биригип, жыйырма жылдай өмүрдү арнадык. “Элдик Курултай” кыймылы түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, расмий иш жүргүзүлдү. Ал уюмду Курултай институту коомдогу өз ордун таап, толук кандуу иштей баштаганга чейин жойбойбуз деп чечкенбиз. Аталган кыймылды азыр Акылбек Атабаев, Кубан Дүйшеевдер жетектейт.

Жаңылбасам, 2012-жылдары болсо керек, анда мен кыймылды жетектечүмүн, Алма-Ата шаарында азыркы Президентибиз Садыр Жапаров менен жолугушуп, түн бир оокумга чейин Курултай маселесин талкуулаганбыз. Ошондо эле ал Курултайды колдоп-коштогон. Кийин 2020-жылкы тарыхый процесс жана элдин ишеничи Садыр Жапаровду өлкө башына алып келди. Келери менен батыл киришип, дароо эле тизгинди колго алып, башка маанилүү иштердин катарында Курултайды ишке ашырууга киришти. Ага чейинки Президенттердин баары менен Курултай маселеси боюнча иштешкенбиз, бирок тил эмизип тим болушкан. Маселе ордунан жылган эмес. Курултайдын иши чынын айтыш керек, Садыр Жапаровдун жеке саясий эрки менен жылды. 2020-жылы Конституциялык кеңешме түзүлүп, эки айдан ашык иш алып барды. Коомчулуктан эң көп суроо-талаптар Курултай маселеси боюнча түшкөнү эсимде. Талаш-тартыш курч болду. Ошентип, Баш мыйзам кабыл алынды. Элдик Курултай институту жөнүндө Конституциянын 5 беренесине кирди, бирок да биз каалагандай ыйгарым-укуктар кирбей калды. Курултай мамлекеттик бийлик органдарынан обочолонгон түрдө коомдук уюм катары орноду. Ошого да шүгүр дедик. Конституциялык мыйзамын кабыл алуу процесси да оңойго турган жок. Президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ өзүнө тагылган милдеттерди так аткарып, мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты. Талкуунун жүрүшүндө кайчы пикирлер, каршылыктар көп болду. Бир канча жолу мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Ошондой кыл чайнашкан мезгилде Президент саясий эркти көргөзүп, өзүнүн Жарлыгы (Жарлык (№284 15.08. 22) менен Биринчи Элдик Курултайдын 2022-жылдын, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүшүнө жол ачып, тарыхый чечим кабыл алды. “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы август айында араң кабыл алынып, I, II Курултай ошол мыйзамдын негизинде өттү. Элдик Курултайда коомдук-мамлекеттик өнүгүүнүн түркүн-түмөн маселелери арай-көз-чарай ачык талкууга алынып, ой-пикир, идеялар ортого салына турган, жыйынтыгында иштиктүү багыттама, программа, мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгып, тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштала турган, жалпы элдин деми менен улуу иштерди турмушка ашыра турган мыйзамдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип, өлкөдө 3 жолу Элдик Курултай болуп өттү. Бир сыйра анализ жасап, анын ишинин оош-кыйыштарына баа бере турган учур келди. Акыркы эки жылда байкоо салып, М.Ю. Абдылдаев башында турган жаңы команданы колдодук, жолтоо болгон жокпуз. Түрдүү себептер менен Курултайдын ишин жөндөө жайбаракат жүрүп жаткандыгын эл да байкап турат.

– Учурдагы Курултайдын иши сизди канааттандырабы?

– Элдик Курултай жамы журттун калың катмарынан расмий шайланып келген өкүлдөр менен мамлекеттик бийлик кызматкерлери катышкан Улуттук жыйын катары, Кыргызстанда жашаган бардык этностордун, атуулдук коомдун жана диний конфессиялардын ортосунда иштиктүү диалог жүргүзүүгө, алардын биримдигин камсыздоого, ынтымакта бакубат жашоого жана адилет коомду курууга шарт түзгөн калыс аянтча болууга кадам таштады. Быйыл, 2025-жылдын 5-август күнү Элдик Курултайдын маселеси боюнча Президентке жеке өзүмдүн атымдан байкоолорумду тизмектеп жазып Кайрылуу жолдогом. Анда Курултайдын үч жылдык ишмердүүлүгүнө токтолгон элем. Жыйындын артыкчылыктары көп. Алсак, өлкөнүн атын алып жүргөн кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн сактап, өзүнүн уңгужолуна түшүүсүнө өбөлгө түзгөн, ааламдашуунун ач албарс азуусунан аман алып кала турган, жамааттык эл башкаруу структурасы орноду. Мамлекеттик бийлик башчылары Элдик Курултай аркылуу өткөн иштер жөнүндө маалымат берип, болочок пландар жөнүндө бөлүшө турган трибуна пайда болду. Элдин калың катмарынан шайланып келишкен делегаттар түз эфирде бийлик адамдарына өздөрүнүн көйгөйлөрүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Курултайдын жүрүшүндө министрлик жана ведомстволордун башчылары делегаттар менен көзмө-көз жолугушууларды өткөрдү. Курултайда сөз болуп, Резолюциясына кирген маселелер Катчылык аркылуу иретке салынып, Президенттин тескемеси аркылуу өндүрүшкө алынууда. Эл менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы ажырымды жоюуга, ишенимди бекемдөөгө, калктын демин жаратмандык нукка бурууга болгон ишенимдүү мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ал эми кемчилдиктери, элдик Курултайдын дарамет-күчүн толук кандуу өлкө кызыкчылыгына иштете албай жатабыз. Менин жеке сунушум: жарыш сөзгө чыккандарды азайтып, 3 мүнөт ичинде эмне айта алмак эле, делегаттардын ичинен жок дегенде үчөөнү тармактар боюнча тандап, аларга 10-12 мүнөт баяндама жасаганга мүмкүнчүлүк берүү керек. Делегаттарды тандоо жана шайлоо маселесинде кемчиликтерге жол берилип жаткандыктан, татыктуулар азыраак келүүдө. Мыйзам боюнча 700 делегатты квотага бөлүү Президенттин ыйгарым-укугуна киргендиктен илимий-чыгармачылык интеллигенцияга атайын квота берүү менен делегаттардын сапатын көтөрүүгө болор эле. Курултайдын биринчи күнүн пленардык жыйын форматында, экинчи күнүн тармактар боюнча 3 секцияга бөлүп өткөрсөк, делегаттардын акыл-эс мүмкүнчүлүгүн өлкө кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк пайдалана алмакпыз.

– Сиздердин вариант боюнча Курултайдын статусу жана ишмердүүлүгү кандайча болушу керек эле?

– Элдик Курултай илгери хан шайлаган институт болгондуктан, өлкө кызыкчылыгы үчүн толук кандуу иштетебиз десек, алыс барбай эле КЭРдин Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай жыйынынын (ВСНП) статусундай ыйгарым-укуктарды Курултайга берүү керек. Андыктан, Баш мыйзамга жана “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамга тийиштүү өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жакынкы келечектин иши болуп турат. Мамлекеттик бийлик Курултайдын мүмкүнчүлүктөрүн керек учурда өлкө кызыкчылыгы үчүн колдонушу мыйзам-ченемдүү көрүнүш, ошол эле учурда Курултайдын коомдогу өз ордун таап, элге ак кызмат кылуусу үчүн бийлик кызыкдар болушу шарт. Этностордун өнүгүшүн изилдеген атактуу аалым Л.Гумилевдун “Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт” деген өктөм айтылган илимий тыянагын унутууга акыбыз жок. Учурда улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, бабалардын жолун заманбап улантуудан башка жол жок. Ошондуктан, Руханият, Улуттук нарк, Уңгужол, Элдик Курултай маселелери мыйзам-жарлыктар аркылуу турмушубуздан орун-очок алып жатышын колдойм жана туура кадам деп эсептейм. Элдик Курултай улуттук аң-сезимди өстүрүп, бир нукка салып, элдин акыл-эс, дем-духун, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн бирдиктүү улуу максатка багыттай алган феноменалдык көрүнүш. Демек, Курултайдын көйгөйлөр менен комплекстүү күрөшүүдөгү омоктуу мүмкүнчүлүгүн толук колдоно албай жатабыз. Курултай ыңкылаптын эмес, ынтымактын, тирешүүнүн эмес кеңешүүнүн жолу! Эң алды менен Элдик Курултай элди адеп-ыйманга, уят-намыска чакырган руханий да институт экенин унутпайлы.

Жазгүл Кенжетаева