"Эркин-Тоо"

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы акылбек Жапаров: “МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮБҮЗДҮ САКТОО БИР МҮНӨТКӨ ТОКТОП КАЛБАШЫ КЕРЕК”

Министрлер Кабинетинин жыйынында сөз сүйлөгөн Төрага Акылбек Жапаров, өлкөнүн акыркы үч жылда басып өткөн тарыхый кырдаалы отуз жылга тете экенин баса белгилеп, ушул аралыкта Президенттин жана анын командасынын аткарган иштерине сыймыктанууга болорун билдирди. Азыркы дүйнөдөгү коогалаңга карабай, Кыргызстандын жылбай калкып тура беришине жол бербей, дайым кыймылда болуш керек деди.

Ошондой эле ал мурунку бийликтин иштери, Кумтөр кенин кайтарып алуу, мамлекеттүүлүктүн калыптанышы жана кылмышкерлер менен күрөшүү маселелерине токтолду. Мурунку жетекчилердин кетирген катачылыктарына карабастан, алардын таза ниетине ишенерин айткан Төрага мындай кадам улуттук ынтымактын жана биримдиктин пайдубалын түптөй тургандыгын, алар топтогон тажрыйба, оң жана терс жактары азыркы Министрлер Кабинетинин ишине сабак болорун билдирди.

Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул окуянын мааниси терең. Ошондуктан, XX кылымдын башындагы кыргыз элитасынын тарыхый көрөгөчтүгү, саясий эрки жана жарандык эрдиги, тагыраагы, Жусуп Абдрахмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Абдыкерим Сыдыковдун, Ишеналы Арабаевдин жана башка инсандардын ысымдары – биз үчүн жана кийинки муундар үчүн элге кызмат кылуунун чыныгы үлгүсү бойдон кала берерин, алар түзүп кеткен жаратмандыкты сактоо жана өнүктүрүү биздин милдет экендигин, мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо жана бекемдөө иштери бир мүнөткө да токтоп калбашы керектигин баса белгиледи.

Заманбап дүйнө акыркы жарым кылымда болуп көрбөгөндөй күтүүсүз жана коркунучтуу кырдаалды баштан кечирүүдө. Дүйнөлүк тартип кайра түптөлүп, экономика, дин жана идеология ортосундагы атаандаштык пайда болгонун билдирди. “Алдыңкы дүйнөлүк державалардын таасир чөйрөсү үчүн болгон катаал күрөшү, жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөргө мурдагылардан кем эмес кыйынчылыкты жаратууда. Ошол үчүн биз алардын эмгегинен үлгү алышыбыз керек – бул кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана алысты көрө билүү” деди Акылбек Жапаров.

Акыркы үч жылда өлкө жөн гана бар болушу үчүн гана эмес, өнүгүүнүн үстүндө жашап жатканын айткан Төрага, эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы капиталдын топтолушу, жапайы капитализм, түшүнүксүз либерализмди баштан кечирген окуяларга токтолду. Коррупциянын рак шишигине айланып, жашообуздун бардык чөйрөсүнө жайылган “Кумтөр” биздин жаш мезгилибиздин катасы, аңкоолуктун төлөмү экенин белгилеп, дал ушул шишиктин жоюлушу менен Кыргызстандын турмушунда жаңы этап башталганын ачыктады. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн тарыхындагы чечүүчү этап деп эсептелген Кумтөр кенинин элге кайтарылышы материалдык планда гана эмес, руханий жактан да мааниси терең экенин билдирди.

Ошондой эле мамлекетке олуттуу коркунуч туудурган кылмышкерлердин үстөмдүгү, мурдагы бийликтин аракетсиздигинен криминал жылдар бою өзүнүн идеологиясын кеңири жайылтууга жетишкени маалым. “Өлкө жетекчилигинин чечкиндүү жана элдишкис кадамдары бул кооптуу көрүнүштү оор жеңилүүгө учуратты жана бул кайра кайтарылгыс деген ишеним бар…” деди Акылбек Үсөнбекович.

Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күрөш жүргүзүүдө саясий эркти көрсөтүп, коңшулар менен тынчтык жана ынтымак концепциясы, уруш-талаштарды жана карамакаршылыктарды сөзсүз түрдө тынчтык, өз ара пайдалуу жана конструктивдүү ыкмалар аркылуу чечүү коңшулар менен мамилелердин негизин түзөрүн маалымдады Төрага.

Сөзүнүн соңунда Акылбек Жапаров, «Үч жыл жана 30 ишкана, бул майрам күндөрү иштөөгө даяр. Бул символикалык көрүнүш. Кыргызстан алдыга ишенимдүү кадам таштоодо…” деп, мекендештерибизди Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы менен куттуктады.                                                                                                                                              Даярдаган Шекербек Калыков 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!