Быйыл Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, өлкөбүздүн мурдагы Өкмөт башчысы Апас Жумагулов 90 жашты арыткан чагы. Эл Баатырынын мааракелик салтанатын мамлекеттик масштабда белгилөө боюнча жакында иш-чаралардын планы бекитилип, уюштуруу комитетине буга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп келишкен бир катар Өкмөт башчылар киришкен. Алардын катарындагы Амангелди Мурсадыкович менен биз дал ушул мамлекеттик маанидеги маараке боюнча баарлаштык.
— Амангелди Мурсадыкович, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери 30дан ашык Өкмөт башчы иштептир. Алардын ичинен Премьер-министрлик кызматта эң узак иштегени Апас Жумагулович экен. Айтыңызчы, ал киши кай кызматы менен эсте калды?
— Апас Жумагулович өлкөбүз экономикалык оор кырдаалды башынан кечирип турган мезгилде Өкмөттүн башына келди. Буйрук экен, ошол мезгилде мен дагы Өкмөттүн мүчөсү болуп дайындалгам. Ал Премьер-министр болгону өлкөбүздү оор кризистен чыгарганга көп күч аракетин жумшады. Акылгөй инсан катары кай маселе болбосун түзүлгөн кырдаалды биз менен кеңешип, ойлонуп, Өкмөт мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин угуп, ошого жараша чечимдерди кабыл алчу. Биз эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өнүгүүгө карай кайсы жолду тандап, кайсы багыт менен өргө карай кетишти ойлонуп турганбыз. Ошондогу Өкмөттүн мүчөлөрү менен биз биргеликте базар экономикасына олуттуу көңүл бурдук. Акыры, социалисттик экономиканы базар экономикасынын моделине бурганга аракет кылып, структуралык реформаларды жасадык. Базар экономикасынын структурасы негизинен менчикке болгон мамилелерден түзүлөт. Ошол мезгилдерде биз өнөр жай ишканаларынын реструктуризациялоо иш-чараларын баштадык. Мындай иштерге удаа биз айыл чарба тармагын реформалоого өттүк. Аныгында айыл чарбада оор жагдайлар бар болчу. Ошол себептен айыл чарба структуралык реформаларга муктаж эле. Реформанын эпкини менен айыл чарбасына тиешелүү бир топ маселелер чечиле баштады. Ошону менен экономика өзүнүн жаңы типтеги кадамын баштады. Өлкөбүздөгү структуралык эң негизги реформалар жүрүп, жыйынтыгы жаңы типтеги экономиканы түзүүгө шарт түздү. Муну менен базар экономикасынын пайдубалы түзүлдү. Бүгүнкү экономиканын пайдубалы ошондогу Өкмөттүн, тагыраагы, анын башчысы Апас Жумагуловичтин жемиштүү иши дээр элем. Эсиңердеби, 1993-жылдары ал киши Өкмөттүн башына келгенден тарта өлкөдө суу, энергетика маселелери күн тартибинде курч бойдон турган. Өкмөт башчысы Апас Жумагуловичтин Жараткандан ыроолонгон таланты, дипломаттык касиеттери ошондо да ачык-айкын көрүнүп турду. Суу, энергетика боюнча түзүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн башында өзү туруп, бир топ маселелерди Кыргызстандын кызыкчылыгына бурган. Бул жагын адилеттүүлүк үчүн өзгөчө баса белгилеп коюшубуз керек. Бишкек ЖЭБин көмүр жана көгүлтүр от менен камсыздоо маселеси Жумагулов Өкмөттү башкарып турганда чечилген. Коңшу мамлекеттерден суу чарба тармагыбызга инвестициялар тартылып турду. Токтогул ГЭСинин реконструкциясы боюнча пландар түзүлүп, иш башталган. Ушул сындуу бир катар иштер Апас Жумагуловичтей реформатор, акылман, кашкөй жетекчибиздин аракети астында ишке ашып тургандыгын анын ашынган душмандары да тана албас. Залкар жетекчибиздин мындан башка да иштерин силердин гезиттин бети түт келсе сөз кылсак жарашмак.
— Апас Жумагулович Өкмөт башчылыктан кеткен соң жыл айланбай анын ордуна сиз келдиңиз. Премьер-министр катары Өкмөттө ал кишинин салган чыйыры менен ишиңизди уланттыңызбы?
— 1998-жылы өлкөбүз каржылык кризиске дуушар болду. Жыл аяктап баратканда өкмөт толугу менен отставкага кетти. 1999-жылдын башында, буйрук экен мен өлкөбүздүн Өкмөт башчылыгына дайындалдым. Ошол мезгилде биздин эң биринчи максатыбыз каржылык кризистен чыгуу эле. Экинчиден, мен Өкмөт башчы катары ишке киришип жатканда бир айдан бери Өзбекстан көгүлтүр отту бербей, жаап салган. Бир айдан ашуун убакыт бою элибиз көгүлтүр отсуз күн кечирип турушкан. Мындай шартта тез аранын ичинде Өзбекстан менен болгон мамилени чечүү керек болчу. Өкмөт башчы катары маселени чечээрде мен үчүн Апас Жумагулович менен бирге иштешкен бийик тажрыйба өтө чоң пайдасын тийгизди. Эң оболу уюштуруу жагынан Апас Жумагулович пайдаланган ыкмаларды пайдаланууга өттүм. Өкмөт мүчөлөрүнө суроо-талаптарды катуу коюп, ар бир министрликке өзгөчө тапшырмаларды бердим. Бул Өкмөттүн ишине жакшы таасир берди. Өкмөт башчы катары экспорт маселесине көңүл бургам. Анткени, экспорт улуттук валютабыздын стабилдүүлүгүнө эң керектүү нерсе болчу. Ошол мезгилдерде ишкер адамдарыбыздын жолун ачыш керек эле. Биз ишкерлерге карата өзгөчө салык системасын киргизип, соода тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, бажы тармагындагы, аба майданындагы салыктар менен пошлиналарды төмөндөттүк. Ал мезгилде биздин ишкерлер Алма-Ата, Тараз аба-майдандарына жүктөрүн алып келишип, ошол жерден бажылык тариздөө иштерин кылышчу. Биз акыры ишкерлерибизди, алардын көптөгөн товарларын Манас жана Ош аба майдандарына келе тургандай кылдык. Натыйжада, соодагерлерибиздин соодасы көбөйдү. Мындан тышкары биз ал убакта патент системасын киргиздик. Мунун баарын силерге эринбей эмнеге тизмектеп жатам? Мындай иштердин натыйжасы Апас Жумагулович менен бирге иштешкен бийик тажрыйбадан улам чыкты. Ошондо биз бир жылдын ичинде кризистен чыктык. Экинчи жылы мамлекеттик казынабыздын көлөмү кыйла оңолуп, ИДПнын көлөмү эки жылда аябагандай өстү. Ошону менен биз кризистен чыкканбыз. Буга удаа Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштадык. Өнөр жай тармагыбызда өсүштөр күч алып, ири ишканалар ишке кирип турду. Башкасын айтпаганда да Оштогу Текстиль комбинаты, Кадамжайдагы сурма, Айдаркендеги сымап комбинаттары, Кара-Балта шаарындагы тоо-кен комбинаты, Кыргыз-Автомаш баштаган ири ишканалар абдан жакшы иштеп турду. Сөздүн кыскасы, залкар жетекчи Апас Жумагулович салган из аркылуу иш чыйырын улантып, аны менен бирге иштешкен бийик тажрыйба аркылуу Өкмөттү башкарып турдук.
— 1993-жылы сиз ошол кездеги Экономика жана каржы министри кызматынан Премьер-министрдин жүргүзгөн саясаты менен көз-карашыңыз дал келбей, отставкага кетипсиз. Бул учур Апас Жумагулов Өкмөт башына келе элек мезгил болсо керек…
— Ооба, мен андагы Өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышевдин жүргүзгөн саясаты, дегеле анын аткарган иштери менен көз-карашым дал келбегендиктен кызматка жабышпай, атайын отставкага кеткем. Болгону ошол. Бул эми өткөн тарых…
— Эгемен өлкөбүздөгү Өкмөт башчылардын кимисинин тушунда мамлекеттик бюджет профицит менен жыйынтыкталды? Жаңылбасам, сиз Өкмөттү жетектеп турган мезгилде өлкөнүн казынасынын көлөмү көбөйүп, бюджетибиз профицит менен жыйынтыкталды окшойт…
— Кеп мамлекеттик казынанын профицитинде эмес. Кеп эффективдүү бюджетте дээр элем. Биз кезегинде бир топ ири иш-чараларды колдонуп, мамлекеттик казынанын киреше жагын кыйла көбөйтүп, таңкыстыгын бир топ көрсөткүчкө азайтканбыз. Мамлекеттик казынанын таңкыстыгы азайгандан кийин киреше жагында Өкмөттүн резерви толукталган. Аныгында мамлекеттик казынанын эффективдүүлүгү бир нече бөлүктөрдөн турат. Эң биринчиси, административдик чыгымдар. Биз ошол административдик чыгымдарды кыйла азайттык. Мамлекеттик структураларды кадимкидей үнөмдөлгөн режимге өткөргөнбүз. Экинчиден, социалдык фонд өзүн-өзү каржылай баштаган. Өзгөчө ишканаларга, менчик секторго көңүл буруп, алардын иштерин тыкыр көзөмөлдөп, социалдык фонддун бюджетин кыйла көбөйткөнгө жетиштик. Мамлекеттик казынанын көлөмүнө карабай социалдык фонд өзүн-өзү каржылай баштаганы ошондон. Ушул сыяктуу бир катар чараларды колдонгонбуз.
— Учурдагы экономикалык секторго, мамлекеттик казынанын, дегеле өлкөбүздүн каржылык абалына карата бааңыз кандай?
— Бул боюнча официалдуу статистиканы карасак, реалдуу темптер жогорку деңгээлде экенин байкасак болот. Бул абдан жакшы көрсөткүч! Ички дүң продукты соңку 3 жылдан бери жакшы темп менен өсүп жатат. Айлык-акылардын, пенсия-пособиялардын көбөйүшү, дегеле кай тармакты карабайлы, бардык жерде өнүгүү процесстери жүрүп жатат. Бул жагын танбашыбыз керек. Өзгөчө курулушта, маданият, спорт тармактарында бир топ өзгөрүүлөр бар. Өкмөттүн өзгөчө өлкөбүздүн кичи шаарларын өнүктүрүү, жол жана ипотекалык турак жай куруу программалары, кичи ГЭСтерди куруу, спорт инфраструктурасы сыяктуу көзгө толумдуу иш-аракеттери кубандырбай койбойт. Энергетикага айрыкча көңүл бурган азыркы Өкмөттүн иши туура жолдо деп санасак болот. Фискалдык саясат, фискалдык реформа учурда жакшы үзүрүн көрсөтүүдө. Мамлекеттик казынанын тартыштыгы жоюлду. Мындай изги иштер аткарылып жатканына карабастан азыр өлкөбүздүн алдында бир топ маселелер бар. Бүгүн дүйнө бир жерде турган жок. Эң ириси, дүйнөлүк экономикалык санкциялык саясатты атасак болот. Биз мындан жол таап, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды көздөө менен экономикабызды өстүрүшүбүз зарыл. Экинчиден, энергетика тармагыбыз сөзсүз алдыда жүрбөсө болбойт. Бул тармак көзүбүздүн карегинде болушу кажет. Үчүнчүдөн, экология, суу маселеси жаатынан бир топ инвестициялык конкреттүү иш-чараларды колдонуу керек. Биздин бийликтеги азаматтарыбыз ушул сыяктуу маселелерге акыл сала жүрүшсө дээр элем…
Калыгул Бейшекеев