Аяз Баетов кырктын кырына эми келген убагы. Өкмөттүн курамындагы аткаминер дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу окуу жайынан илимий ишин жактагандыктан, учурдагы жаңы чакырыктарга жараша жаңы формацияда, прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөндүгү менен көпчүлүктүн оозуна алынып жүрөт. Биз юридика илимдеринин доктору, бийликтеги эң жаш министр менен юстиция тармагындагы маселелердин тегерегинде баарлаштык. Албетте, биздин баарлашуубузда көйгөйлөр да көтөрүлүп, маегибиз жандуу маанайда жасалмасыз нукта уланды. Бир байкаганым, ушул басыгынан жазбаса, Аяз мырза алыстарга чуркачудан…
— Аяз мырза, жакында министрлер кабинетинде 6 айлык иштин жыйынтыгы чыгарылып, ар тармакка аткарган ишине жараша татыктуу баалар ыйгарылды. сиз башкарган Юстиция министрлиги жогорку жетекчиликтин кандай баасына татыдыңыздар?
— Ооба, жакында жалпы 6 айлык ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү. ага чейин өзүбүздүн тармагыбыздын иш жыйынтыгын жалпы кесиптештерибиз менен биргеликте талкууладык. аткарылган, ага удаа айрым кемчиликтерибизди баса белгилеп, алардын үстүнөн иштөө боюнча кызуу кептерди сүйлөшүп, алдыга карай кадам баштоону максат кылганбыз. Биз соңку 2 жылда аткарган иштерибиздин финалдык бөлүгүнө жетиптирбиз. мисалы, нотариат багытында чоң реформа болуп, июнь айында нотариус кызматкерлеринин өлкө боюнча биринчи курултайы болуп өттү. алар мындан ары өздөрүнүн нотариалдык палатасын түзмөй болушту. Биз бул иш-чараларды өткөрүү үчүн 2 жылдын ичинде жаңы мыйзам жазып, Президентибиз кол койду. мындан тышкары мыйзам жазылгандан кийин 14 ченемдик-укуктук актыларды жаздык. уюштуруу иштерин өткөрдүк. ошондуктан, нотариустардын курултайы өттү деп жалпылап айтып койсок, кылынган иштер боюнча маалыматтар жеткиликсиз болуп калмак. Биздин соңку 2 жылда иштеген ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгы дал ушул нотариустардын курултайы болду. Бул эми аткарган ишибиздин бир гана жандуу багыты. мыйзам жазуу, ченемдик-укуктук актыларды даярдоо максатында Юстиция министрлиги жаңы стратегия киргизип, бул боюнча бүт механизмдерди жазып, башка министрликтерге таратып берди. мындан тышкары жаза аткаруу кызматында да көптөгөн реформалар болду. ошол эле №47 колонияны жоюп, анын ордуна мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарыбызга узак мөөнөттө төлөө жолу менен үй салуу иштери башталды. Буга удаа пробация системасы жакшы иштеп, учурда өлкөбүздүн тарыхында түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткандардын саны эң аз өлчөмдү түзүүдө. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу кыргызстандын абак жайларында 3 киши отура турган жерге 10 киши отуруп жазасын өтөбөй, эки кишилик болсо экөө, үч кишилик болсо үчөө олтурат. азыр биз сизолорду шаардын сыртына чыгарып жатабыз.
— Сөздүн ток этери, 6 айлык ишмердүүлүгүңүздөр жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды деңизчи?
— Ооба, жыйынтыктар жаман болгон жок. албетте, кемчиликтерибиз да болду. иш болгон жерде кемчилик да болот тура. Биз азыр кемчиликтерибиздин үстүндө иштеп жатабыз. аткарган иштерибиз соңку 2 жылдагы ишмердүүлүктөрүбүздүн жыйынтыгы болду. Бир нерсени баса белгилеп коёюнчу, бир дагы реформа алты айда же бир жылда болбойт. Чыныгы системалуу реформа 2 жылга чейин болот. Эки жыл мурун баштаган иштерибиздин жыйынтыгы азыр көрүнө баштады. ошондуктан, мындан ары азыркыдан да катуу иштешибиз керек. Баштаган саамалыктарыбыздын соңуна чыгышыбыз зарыл.
— Мамлекет башчыбыз садыр нургожоевич чоң жыйындардын биринде бир курдай сиз жөнүндө “юстиция министрибиз аяз Баетов бир канча тилде түш жоруган, абдан билимдүү кадр. эл аралык юридикалык маселелерди чечүүдө, «кумтөр» кенин алуу иштерине опол тоодой салым кошкон” деп баса көрсөтүп, колдогону бар. Жеке өзүңүз өлкө башчыбыздын колдоосун сезип, ошого жараша иш алып барып жатам деп ойлойсузбу?
— Эми колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче аракет кылып жатабыз. мен бир нерсени так айта алам, Президентибиз биздин ишибиздин майда-чүйдөсүнө же кадр маселесине кийлигишпейт. алдыбызга концептуалдуу чоң максаттарды коёт. Жоопкерчилигин да өзүбүзгө жүктөйт. ар убак реформанын үстүндө иштеп, жемиштүү жыйынтык чыгаргыла деген талабын коёт. Бүтүндөй министрликтер, ошонун ичинде биз да садыр нургожоевичтин бизге болгон ишенимин сезип жатабыз.
— Бизде карапайым эл көпчүлүк учурда өз укуктарын анчейин биле бербейт. өзгөчө алыскы айылдарда үлүшкө алган жерлерин мыйзамдуу деңгээлде пайдалануу укугунан айрылгандар ондоп саналат. дегеле алыскы айылдардагы жергиликтүү тургундарга юридикалык жардам берүү жагын өзүңүз башында туруп, жолго койгонго сиздерге эмне тоскоолдук болуп жатат?
— Сөзүмдүн башында айтканымдай бир да реформа эки же үч айда ишке аша калбайт. системалуу реформа кылыш үчүн эң оболу убакыт керек. садыр нургожоевич юридикалык жардам берүү мыйзамына, ал эми министрлер кабинетинин төрагасы бул боюнча токтомго кол койду. ошол мыйзам, токтом менен өлкөбүздө биринчи жолу юридикалык жардам кызматы түзүлдү. аталган кызматты ачуу иш-чарасы өткөн жумада Бишкек, каракол шаарларында болуп өттү. 1-август күнү ош шаарында менин эки орун басарымдын катышуусунда болду. Биз мындан ары өлкөбүздүн ар бир районуна юридикалык жардам берүү кеңселерин ачтык. ал кеңселерде кызматкерлерибиз жарандарыбызга акысыз юридикалык жардам бергенге милдеттүү. ал эми соттук иштердин айрым категорияларына биз акысыз адвокат берип, колдон келген көмөгүбүздү көрсөтөбүз. Юридикалык кеңеш бекер берилет. министрлер кабинетинин токтому жана атайын мыйзам менен бизге “кайчылаш мандат” берилди. тагыраагы, райондун деңгээлиндеги ички иштер же салык органдары болобу алар менен биргеликте иштешип, муктаж жарандарыбызга кеңеш гана бербестен, жардам да бергенге аракет кылабыз. алдыдагы сентябрь айынан баштап биздин райондордогу жергиликтүү кызматтарыбыз толугу менен иштейт.
— Муну менен талаш жараткан жер маселесин чечүү жеңилдейби?
— Биз андай талаштуу маселелерди карап чыгып, алгач кадастр кызматына жиберебиз. Буюрса юридикалык жардам системасы түзүлдү. Биздин жарандарыбыз юридикалык кандайдыр бир маселелерге муктаж болсо жергиликтүү кызматкерлерибизге эч тартынбастан кайрылышса болот.
— Жеке өзүңүз жетекчи катары карапайым калк менен жолугушуп, маселелерин жеринде чечкенге аракет кылып жатасызбы? Иш бөлмөңүздөн маселе чечкенге караганда айрым көйгөйлөрдү жеринде чечүү талап кылынат эмеспи…
— Албетте, колуман келишинче аракетимди көрүп жатам. алдыдагы иш планыма дал ушул эл менен жолугушууну киргизип, Бишкек, каракол шаарларында юридикалык маселеси барлар менен жеринде жолугушуп жаттым. орун басарларым менен мындан ары да ай сайын эл менен жеринде жолугушуп турабыз.
— Алыскы кочкор, Жумгал райондорунда тоодогу жайыт талаш маселелери курч экени баарыбызга маалым. ушундай талаштуу жерлерибизге кайсы орган кийлигишиш керек? Юридикалык жагын сураганым го…
— Юридикалык жактан албетте, бул маселе жергиликтүү бийликке тиешелүү болуп саналат. Жергиликтүү бийлик да талашка чекит коё албаса, анда кадастр кызматы же айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүү керек. Бизге кайрылышса деле маселени ушул эки органга жиберебиз.
Калыгул Бейшекеев
№62 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 4-августу