"Эркин-Тоо"

«Крокус Сити Холлдогу» үрөй учурган окуя

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы террордук кол салуу бүткүл дүйнөнү сестентти. Мыкаачылардын кылыгы жалпы коомчулукту дагы нес кылды. Азыр жалпы кыргызстандыктар Орусия эли менен тең кайгырып, аза кайгысын бөлүшүүдө. Пезидент Садыр Жапаров кандуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтып, кылмышты чечкиндүү айыптоо менен буга натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

22-март күнү Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго төрт куралчан адам кирип барышкан. Социалдык медиага тараган видеолордо куралчан адамдар залда кезиккен адамдын баарын атып баратканын көрүүгө болот. Чалажан жаткандарын мууздап дагы кетишкен. Имараттын ичинде дүрбөлөң башталып, эл сыртка чыгуу үчүн кача баштаган. Имараттагы жарылуудан өрт чыккан. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча каза болгондордун саны 137ге жетти, алардын 68инин тек-жайы аныкталды. Ал эми жабыркагандар 200дөй.

Орусиянын президенти Владимир Путин телекайрылуу жасап, кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атады. Ошондой эле жалпы адамдардын өмүрүн куткаргандарга ыраазычылык билдирип, Москва жана башка аймактарда антитеррористик кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Кандуу окуяга шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын жана бардык күнөөлүүлөр жазасын аларын билдирип, 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Учурда кармалгандарга карата тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Атай айтсак, Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады. Тергөө комитети “Террордук акт” негизинде кылмыш иши козголгонун, шектүүлөр камакка алынганын билдирди. Кармалгандардын баары Тажикстандын жарандары же орус паспортун алган тажик тектүү адамдар экени айтылууда. Буга чейин кылган ишин моюнга алгандыгы боюнча видеолору тараган Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда.

Ал ортодо, «Крокус Сити Холлдогу» кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террористтик тобу алды. Ооганстанда орун-очок алган «ИМдин» бөлүгү Орусиядан Ооганстан, Чеченстан жана Сириядагы аракеттери үчүн өч алгысы келгенин жазды. Негизинде, диний экстремисстердин түздөн-түз катыштыгы бар экени ачык байкалды. Концерттин көрүүчүлөрүн сакалчан адамдардын өлтүргөнү, жарадар болгондорун мууздаганы жана каапыр деп сүйлөп жатышканы буга далил десек болот.

Кыргызстандык өспүрүм эрдик жасады

«Крокус Ситидеги» кандуу булоондо кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халилов өз башын канжыгага байлоо менен чоң эрдик жасап, 100дөн ашуун кишини куткарып калганы маалымат каражаттарында кеңири сөз болууда. 8-класста окуган жердешибиз кыргыз эли үчүн чоң сыймык тартуулады. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, ал жактын жарандыгын алып, Ислам Москвада чоңоюптур. Ал «Крокус Ситинин» концерттик холлунда кийим илген жерде бир жылдан бери иштеп жүргөн экен. Окуя болгон күнү да мектептен кийин ишине барып, өз милдетин өтөп жатканда түшүнүксүз добуштар чыга баштаган. Ошол маалда теракт тууралуу имараттын жетекчилиги айткан эрежелерди эстеп, элди куткарууга киришкен.

Ислам Халилов: «Мен ал жерде эрдик жасадым деп эсептебейм, болгону өз милдетимди аткардым. Башында түшүнүксүз үндөр чыкты. Эл тепкичтен качып, октор атылып баштаганда түшүндүм. Жашыл камуфляж кийген, автомат көтөргөн сакалчан адамдын бирин көрдүм. Тыгын болуп эл кайда качарын билбей калды. Мен алардын баарын кызматчылар чыкчу эшикке алып жөнөдүм. Адам көп болуп, кезекке туруп калышты. Мен «Крокус Экспонун» эшиги тараптан чыгып кетүүгө мүмкүн болорун байкап, элди ошол жакка чакыра баштадым. Бул жакка да атып жибереби деген коркунуч каптап турду» — деди.

100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловго Орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн 1 млн рубль сыйлык бергенин жарыялады. Ага катар, Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылмакчы. Мындан тышкары, Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин “Крокус Ситиде” элди куткарууга жана жардам көрсөтүүгө катышкандардын тек-жайын тактоо тапшырмасын берип, сыйлыкка көрсөтүү маселесин карай турганын билдирди.

Кылычбек Кудайбергенов