Негедир 1991-1998 жылдары айыл чарба министри, вице-премьер министр болуп туруп Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүшүн толугу менен талкалагандыгын Бекболот Талгарбеков таптакыр моюнга алгысы келбейт.
Орустун улуу хирургу Н.И. Пирогов 1837-жылы өзүнүн “Анналы врачебной науки” деген китебинде, врачтык кесипти өздөштүрүү учурунда өзү кетирген катанын натыйжасында каза болгон 20 оорулуу жөнүндө ачык жазып чыккан. Муну улуу хирург врачтардын кетирген катасынын натыйжасында көптөгөн оорулуулар каза болорун жана ал өзү учурунда операция жасап жаткан мезгилде “билбестиктен кетирген каталарды башкалар кайталабаса экен деген ой-максат менен жаздым” деген.
Тилекке каршы, Б.Талгарбеков – Кыргыз Республикасынын экономикасын талкалаган адамдардын бири. Анын айкын далили – Кыргыз Республикасындагы 435 колхоз-совхозду Б. Талгарбековдун сунушунун негизинде 1991-1994 жылдары таркатылган. Алардын ордуна 350 миң фермерлик чарба уюштурулган. Мунун натыйжасында:
1) ар бир фермерлик чарбага орточо 2,5 гектар айыл чарба жери тийген;
2) дан эгиндин орточо түшүмдүүлүгү гектарына болгону 15-20 центнерге алынып, дээрлик 2 эсеге төмөндөдү;
3) жылына орточо бир уйдан алынуучу сүт 5 миң литрден 2 миң литрга чейин түштү;
4) жерди которуштуруп айдоо болбогондуктан, көптөгөн айдоо-аянттар азыктуулугун жоготту, ал эми айдоо жер кыртышындагы гумустун курамы 2 пайыздан 1 пайызга чейин түштү;
5) колхоз-совхоздордогу 10 миллион койдон 4,5 миллиондой гана калды;
Агрардык революциянын атасымын деп өзүн атап жүргөн Талгарбековдун реформаларынан кийин 176 колхоз (коллективдүү кооперативдик чарба) таркатылып, учурда көп жылдан бери айыл чарба кооперативдерин түзө албай келет.
Талгарбеков министр болгонго чейин биз Белорусия мамлекети сыяктуу эле кумшекер, эт, өсүмдүк майы, ун жана башка айыл чарба азыктары менен өзүбүздүн керектөөбүздү гана толук камсыздандырбастан экспортко да чыгарчу элек.
Азыр Талгарбековдун учурундагы үрөн чарбалары толук таратылып-таланып кеткендиктен, анын айынан сапаттуу үрөн дыйкан чарбаларына жетпегендиктен, эл сапатсыз үрөн эккенге аргасыз болду. Натыйжада Кыргыз Республикасы боюнча алынган буудайда клейковинанын көлөмү түшүп кетти, стандартка жооп бербей калды. Талгарбековдун “артын көрбөгөн агрардык реформасынын” айынан бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Казакстан жана Россия мамлекеттерине дан эгин жана унду импорттоого көз каранды болуп отурат. Талгарбековдун жүргүзгөн ошондогу реформасын мамлекетке чыккынчылык катары бааласа болот.
Дүйнөлүк тажрыйбада Кыргызстандын 2 этап менен жүргүзгөн приватизациясы өлкөнүн айыл чарбасы менен өнөр жайын, мурдагы ишканалар менен завод-фабрикаларды бирин да калтырбай “жасалма жол” менен карызга батырып (ишкана жетекчилери карыз албайбыз, карыздын кереги жок дегенине карабастан, карыз алдырып, андан соң сатып, талкалап жок кылган өлкө катары), Кыргыз мамлекетининин тескери тажрыйбасы – тескери натыйжасы дүйнөдө өзгөчө кемчилик катары изилденип, сындалып, окумуштуулар арасында “необдуманная реформа” катары шылдыңдалып келет.
Талгарбековдун ойлонулбаган реформаларынын кесепетинен миңдеген адамдар жумушсуз калып миграцияга кабылышты.
Айыл жеринде Талгарбековдун реформасы кандай болгон. Биринчиден, айыл жеринде жашаган элди анализдөө жүргүзүлгөн эмес. Жерди, техниканы, малды, короо-сарайды дүңүнөн айылдагылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүп жиберишкен. Мунун натыйжасында эч техникадан түшүнүгү жок малчы менен мугалимдерге трактор, комбайн тийип, сугатчы менен айылдык интеллигенцияга короо-сарай бөлүнгөн. Натыйжада жерди өздөштүрүүнү билбеген, техниканы оңдоп айдай албаган, мал багуунун ыгын билбеген, канча тоют камдоонун өлчөмүн билбеген, талаачылыктын ыгын билбеген карапайым эл каалагандай чачкан, каалагандай пайдаланган, эч сурагы, эсеп-чоту жок жоготууга бара берген. Булар менен бирге 1991-1998-жылдары тоюту жок болгондуктан, малдары өлүп, калганын аргасыз сатууга мажбур болгон. Совхоздун башкы экономисти катары мунун баарын көрүп туруп күйүп гана кеткем, ошондо эле Талгарбековду баары сөгүшкөн.
“Эч качан мал бакпаган адамга австралиялык кордильер, меринос, ангор породасындагы эчки, Головей породасындагы уй сыяктуу асыл тукум мал берсек, ал аларды кантип багат, же өмүр бою малчы болуп мал баккан адамга жер берсек, ал көнгөн малын таштап, жер өздөштүрө алабы?!” деген ой Талгарбековдо таптакыр болгон эмес!
Анын айынан республикада 10 300 000 койдон 2 миллион калган, 1,3 миллион ири мүйүздүү малдан 350 000 калган. Бир эле чарбада орто эсеп менен: 30 каз таман трактор, 30 дөңгөлөктүү трактор, 30 эгин, чөп чабуучу техника, 40тан ашык ЗИЛ, ГАЗ-53, 3-4төн Водовоз, Бензовоз машиналары аргасыздан сатылып жок болгон.
Бекболот Талгарбековдун реформасын Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын талкалоо үчүн жасалган иш деп билсек болот. Эмки жылы Талгарбековдун реформасына 30 жыл болот. Бирок аталган реформанын натыйжасында Кыргыз Республикасында айыл чарбасынан ала турган дүң продукцияны 30 жылдан кийин да калыбына келтире албай жатабыз, ал тургай мурунку деңгээлге жеткире албай жатабыз. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада негизги айыл чарба продукциясынын 75%ын чоң-чоң чарбалар берет, алардын көлөм да чыгат, бир сорт, түр да чыгат.
Учурунда колхоз-совхоздорду күч менен таратып жатканда алардын “мал-мүлкүн текейден арзан баа менен каалагандай бөлүп алгыла кийин жыргайсыңар, ал эми карапайым элге болсо биз кийин шарт түзүп беребиз, айтор айыл элин жыргатабыз”, – дегендери баарыбыздын эле эсибизде. Колхоз-совхоздордогу чет өлкөдөн доллар менен келген асыл тукум малдын бир килограмын 1 рублга сатып алып, аларды андан соң “багыш кыйын экен” деп союп салдык.
Кийин Талгарбеков алардын ордуна ошондой эле австралиялык койлорду килограмын 200дөн 400 долларга чейинки баада алып келип элге таратты. Колхоз-совхоздор тарап кеткендиктен, ал иштен эч майнап чыккан жок. Муну академик Жамин Акималиев деле сындап айтып келе жатат.
Бүгүнкү 1,5 миллион мигранттардын сыртта аргасыздан жүрүшүнө Талгарбековдун кошкон салымы алардын чыныгы өз элинин душмандары экендигин айгинелеп турат. Белорусия мамлекетинде колхоз-совхоздор азыр да иштеп жатат. Алардын бактысына Белорусиянын ичинде Талгарбековдун “кривой” реформалары жүргөн эмес.
Талгарбековдун реформасынан кийин бүт чынжыр үзүлдү: Токмоктогу жүн, тери иштетүүчү ишканалар жабылды. Бүт респблика боюнча күпүлдөп иштеп турган эт (мясо) комбинаттар талкаланып жок болду. Дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган Көкомерен, Стрельниковдогудай уй комплекстери, аны менен сүт азыктарын чыгарган комбинаттар түп-тамырынан жоголду. Орто Азиядагы эң чоң айыл чарба продукциясын иштеткен эң чоң ишкана Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод жок кылынды. Башкы себеп ушулардын баарынан сырье келбей калды. Дыйкан чарбалар азыркы күнгө чейин аларга керектүү сырьёну өндүрө албай келет.
Беларустардын тажрыйбасын карап туруп бүгүн ойлойм. Эгерде айыл чарба өндүрүшүндө Бекболот Талгарбековдун реформасы болбогондо бүгүн кыргыз элин “…кымбатчылык кара тумоодой каптамак эмес!”. Анткени негизги айыл чарба продуктыларын биз импорттобостон, тескерисинче экспортко чыгруучу элек.
Ошондуктан Талгарбеков өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн сасык саясатын токтотуп, жаш эмес, улгайып калды, тынч карысын.
Кубан Айдаралиев,
Жумгал районунун мурдагы Көкөмерен жана
Большевик совхоздорунун башкы экономисти