"Эркин-Тоо"

Кубанычбек РЫСКУЛОВ: “Жашылдандырууга артыкчылык берип жатабыз”

Манас районунун Май айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек РЫСКУЛОВ

Манас районунун Май айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулов Кубанычбек мырза бир топ жылдардан бери аталган аймакты жетектеп, элет жеринин экономикасын көтөрүүдө зор ийгиликтерди камсыз кылып келе жатат. Аймактын эли элдин жашоо-шартын жакшыртуудагы эмгегин, сый-урматка ээ болгон татыктуу жетекчилигин жогорку баалашып, кайра-кайра айыл өкмөт башчылыгына шайлашып, алдыга койгон максаттарды жүзөгө ашырууда эриш-аркак иш алып барышууда. Талас облусундагы айыл өкмөттөр арасында жарыяланган “Мыкты айыл аймагы” сынагында Май айыл өкмөтү байгелүү орунду камсыз кылып, атайын сыйлыктар менен сыйланып, зор жеңишке жетишти. Ал эми Манас районундагы айыл аймактар арасында Май айыл өкмөтү биринчи орунду камсыз кылган учурлар болду. Май айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Рыскулов менен болгон маегибизде ийгиликтерге жетелеген аракеттер туурасында сөз болду.

— Кубанычбек Ракынович, жаңы жылдын башында сиз менен маек уюштуруу удулу келип калган экен. Жыл жаңырганы менен өткөн жылга саресеп салып, жасаган иштин жыйынтыгын чыгарган учур келди да. Өткөн жылы айыл аймагында кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?

— Туура айтасыз. Албетте, ар бир жылды узатып, жаңы жылды тосуп жатканда эл алдында дагы өзүбүздүн толгонуубузду өзүбүзгө отчет беребиз. Купулга толо турган ийгиликтерге жетишсек, мезгил агымынан калышпай ийгилик жаратканыбызга кубанабыз. Өткөн жылы мамлекетибиздеги болуп жаткан өнүгүү реформаларынын алкагында бир топ иш-чараларды уюштурдук. Жыл башынан эле эң алгач «2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17-сандуу Жарлыгын аткарууга аракеттерди жасадык. Май айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу масатында ар бир жумада ишембиликтер өткөрүлүп турду. Айыл өкмөтүнө караштуу Ш.Кочкорбаев, Б.Узенов атындагы орто мектептерде, Б.Сагындыков атындагы бала бакчанын, №4 ҮДТынын, СПА «Дыйкандын» жамааттарына бөлүнгөн аймактардан таштандылар тазаланып, талтеректерди актоо иштери жүргүзүлдү. “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүбүзгө караштуу коомдук жайларга балатылардын, мажүрүм талдардын, ак кайыңдардын көчөттөрү отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Жыл ичинде Президентибиз С. Жапаровдун 30 Жарлыгын аткарууга буйрук келип, ар бир Жарлыкка карата берилген тапшырмаларга дал келген иш-чаралар уюштурулуп, иш-жүзүнө ашырылууда. Ал эми Министрлер Кабинетинен айыл аймакка тиешелүү 20 токтом келип, ал дагы тиешелүү деңгээлде аткарылууда. Ар бир токтомго токтолуп, атап айта турган болсок – Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы 2021-жылы 1-октябрда №510 токтом менен иштелип чыгып, бүгүнкү күндө иш жүзүнө ашырылууда. Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2022-жылы 31-майда №291 токтом кабыл алынган. Ал токтом боюнча дагы азыр иштер улантылууда. Министрлер Кабинетинин тескемелеринин иш-чараларын аткарып, келечекте пайда бере турган жактарына ыктап иш алып бардык.

— Аймактагы социалдык обьектилерди, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу жана зарыл болгон имараттарды оңдоптүзөө, жаңыларын куруу жактары кандай колго алынды?

— Ооба, аймак ичиндеги эл кызматындагы чарбаларды сактап, эл кызматына жараган абалында кармоо дагы көп аракеттерди талап кылат. Өткөн жылы оңдоп-түзөө үчүн планда көрсөтүлгөн жолдор жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери аткарылды. Алардын айрымдарына токтоло турган болсом, Новодонецк айылынын башында жайгашкан 300 метр каналы казылып тазаланды. Ушул эле айылдагы И.Кочкорбаев атындагы көчөгө шагыл төшөлдү. Жайыт жердеги таштандылар толугу менен тазаланып чыгарылды. А.Осмоналиев, А.Чыналиев, Каликеев, Молдоналиев, Осмоналиев көчөлөрүнө 82 карагай мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Андан башка А.Осмоналиев, А.Чыналиев көчөлөрүнө шагыл төгүү иштери жүргүзүлдү. Ч.Уразбекова, А.Чыналиев көчөлөрүндөгү суу батпаган эски көпүрө оңдолуп, ишке берилди. Акчабаев көчөсүндөгү суу батпаган чоң канал тазаланды. С.Отошев көчөсүндөгү ички дренаж бүтөлүп суу көтөрүлүп кеткендиктен, дренажды тазалоо иши жүргүзүлүп, айылдыктар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

— Акыркы мезгилдерде аймактардын өнүгүүсүндө инвесторлордун жардамы күчтүү. Бул багытта кандай иштерди жасадыңыздар?

— Элетти негизинен ишкерлер өнүктүрүүдө. Биз дагы эл бага турган азаматтарыбыздын күчү менен көп иштерди жасап жатабыз. Ошондой эле республикалык бюджеттин, облустук, райондук өнүктүрүү фондунун жана эл аралык кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен бир топ долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. Атап өтсөм, “Манас” өнүгүү фондусу аркылуу Б.Узенов орто мектебине азык-түлүк сакталуучу кампа курулуп, ишке берилди. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебине 75 балага ылайыкталган кошумча корпус курулуп жатат. “Манас” өнүгүү фондусу аркылуу ушул эле мектепке көмүркана курулуп берилди. Айылыбыздын жаңы конуштарындагы Чыналиев, Жөнөтбаев көчөлөрүнө көмөкчү чордон орнотулуп, жакын арада ишке берилери күтүлүүдө. Ошондой эле жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн “Манас“ өнүгүү борборунун демилгеси менен колбаса цехи ачылып, жакын арада ишке берилет. Айыл аймагында ишкерлерди колдоо максатында аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

— Маданиятты өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо багытында кандай иштерди жасап жатасыздар?

— Улам мезгил алга карай шашылган сайын калкыбыздын маданиятка, улуттук көөнөрбөс мурастарыбызга болгон кызыгуусу күч алууда. Айыл аймагыбызда биз дагы элеттик адамдардын табитине, кызыгуусуна төп келген маданий иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Ушул иш-чаралардын баардыгы Президенттин, Министрлер Кабинетинин Жарлыктарын ишке ашырууга багытталган. Маселен, “Куттуу элдин урааны – “Манас“ аттуу республикалык форумду уюштурууда, манасчы, төкмө акындардын фестивалын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында иш-чара жүргүзүлдү. Советтер Союзунун легендарлуу Баатыры Ч.Тулөбердиевдин 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилди. Андан тышкары, малчыларды колдоо максатында “Чаткал”, “Суусамыр”, «Кан жайлоо» жайлоолорунда малчыларга жогорку деңгээлдеги маанай тартуулаган маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Ал эми социалдык маселелерге кайрылсак, Май айыл аймагынын аз камсыз болгон, жакыр үй-бүлөлөрүнө, юридикалык документтери бүтпөгөн жарандарга айыл өкмөттүн социалдык маселелерди чечкен жетектөөчү адиси жардам берип турат. Ар бир майрамга тиешелүү белектер берилип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Андан тышкары көмүр, дары-дармекке, гемодиализге муктаж жарандарга акчалай жардам, азык-түлүк түрүндө жардамдар берилди. Социалдык контракттын негизинде 10 үй-бүлө 100 (жүз миң) сом акча каражаты менен каржыланып, өндүргөн продукциялары менен Манас районунун борбору Покровка айылында уюштурулган жарманкеге катышып келишти.

— Аймакта салык топтоонун абалы кандай болду?

— Салык маселесине кайрылсак, жылдын жыйынтыгы менен берилген план толугу менен 100%га аткарылды. Жеке адамдардан 416000 сом, ишкерлерден 410000 сом, ижара акылардан 380000 миң сом каражат чогулду.

— Аймакта билим берүү тармагына кандай колдоолор көрсөтүлүп жатат?

— Май айыл аймагында 2 мектеп, 1 бала бакча бар. Мектептерде жалпысынан 923 окуучу билим алып, 79 мугалим эмгектенет. Бала бакчада 100 бала тарбияланып, 13 тарбиячы иштейт. Билим берүүчү мектептерге жайкы каникулда жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебине 58300 сом, Б.Узенов атындагы орто мектебине 46000 сом жалпысынан 104300 акча каражаты жергиликтүү бюджеттен которулуп берилди. Оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлүп, жаңы окуу жылына толук даяр болушту. Бала бакчага жайкы оңдоо ишине 38240 сом, ар кандай чыгымдарына 24500 сом, жалпысынан 62740 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен чегерилип берилди. — Саламаттык сактоо багытында кандай иштер жүрүүдө? — Май айыл аймагындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 врач, 1 фельдшер, 4 медайым, 2 санитар, 1 кароолчу болуп, жалпысынан 10 адам эмгектенет. Аймактагы жарандардын ден-соолугун сактоо жана коргоо боюнча талапка ылайык иш алып барышууда.

СЭД программасы айыл өкмөтүнө киргизилген. Азыркы учурда толук кандуу иш жүргүзүлүп, 96,8% такталды. Талапка ылайык жумуш алып баруу үчүн дагы техникалык жардамдар керек. Биз азыр ушул жагдайларды ирээтке келтирүү үчүн иштеп жатабыз.

— Айыл аймагында “Санарип аймак”, Е-Кызмат деген программалар кандай жүзөгө ашып жатат?

— Айыл аймагында «Санарип аймак» программасы боюнча окуулар болуп өтүп, логин, пароль алынган. Айыл өкмөтүндө 796 түтүн үй-бүлө бар. Бүгүнкү күнгө карата 765 түтүн ушул программага киргизилип, аткарылчу милдеттердин 94,2%ы аткарылды. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрдү каттоодон өткөрүү иштери толук кандуу аяктап жатат. Е-Кызматы менен толугу менен иштеп жатабыз. Кызматкерлерибиздин баардыгы ушул кызматтын программасынын алкагына киргизилген. Алар Инфодокус программасы менен иштеп, ар бир кызматкер өздөрүнүн милдеттеринин негизинде иш алып барууда.

— Учурда аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында элет элин таза суу менен камсыз кылуу күн тартибиндеги маселе болууда. Бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

— Манас районунда биздин Май жана Үч-Коргон айыл өкмөтүндө калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча катуу аракеттер көрүлүп жатат. Анын натыйжасы жаман эмес. Биздин айылыбызда таза суу жок болчу. Ар бир үйдө скважинадан суу чыгарып, ошону пайдаланыша турган. Новодонецкий жана Май айылдарында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен таза суу чыгарылууда. Айыл өкмөт жетекчилиги тарабынан таза суу чыгарууга багытталган камылгалар көрүлүп бүттү. Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн бизге коюлган талаптарды толугу менен иш жүзүнө ашырууга жетиштик десем болот.

— Азыр жарандардын коопсуздугун камсыздап, тынчтыгын сактоодо, коомдук тартипти иретке келтирүүдө кандай аракеттер жүрүүдө?

— Албетте коомдук тартипти сактап, адамдардын бейкуттугун камсыздоо үчүн айылыбызда ырааттуу иштер жүрүүдө. Маселен, айыл аймагындагы аксакалдар кеңеши, аялдар комитети, жаштар комитети, активдүү тургундарыбыз коом тынчтыгына кылдат көз жүгүртүп, бейкутчулукту сактоодо жапырт иш алып баруудабыз. Айылыбыздын имам-молдосу дагы жаштарыбызды ыймандуулукка, эмгекке чакырып, чоң жардамдарды берип жатат. Анткени азыр жаштардын дээрлик көпчүлүгү мечитке тартылышып, динге басым жасап жатышат. Коомдук тартипти сактап, бейкут жашоодо жашоо чоң байлык экендигин айтып, ыркы кеткен өлкөлөрдөгү кейиштүү жагдайларды мисал келтирип, калк катмарына тарбия маалыматтарын жеткирүүдөбүз. Алкоголь ичимдиктеринин зыяндуу кесепеттерин айтып, түшүндүрүп, соода түйүндөрүндө арак-шараптарды саттырбай коюу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

— Сиз жетектеген Май айыл аймагы Казак мамлекетинин чек арасы менен чектеш жайгашкан. Ушул жагдай кандайдыр бир маселелерди жаратпайбы?

— Албетте, чек арага жакын жайгашууда кандайдыр бир маселелерди жараткан учурлар болгон. Контрабандалык жол менен товар ташып өткөн учурлар катталган. Чек ара кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып, ошол мыйзамга жат көрүнүштөрдү жойдук. Чек араларды бөлүп турган зымдардын ортолору бекемделип, орчундуу жерлерибиз калыбына келтирилди. Тээ илгери, союз мезгилинде Казакстанга каалагандай кирип чыгып тиричилик жасап көнгөн элибиз бир топ жылдар бою чек ара тартибине көнө албай жаман болушту. Мал жандыктары алардын жерине кирип кетип, аны чыгара албай убара тартып, ар кандай тартип бузуулар катталып кыйынчылыктар абдан эле көп болгон. Азыр эл тартипке көндү. Чек арага 50 метр калганда тык токтойт дагы тиричилигин бери көздөй бурат. Казакстан менен биздин айылыбызды бөлүп турган чек аранын узундугу 4 чакырымдан ашат.

Айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Рыскулов узак жылдардан бери элдин ишеничине ээ болуп, ушул кызматты аркалап келет. Эл ишенимин туу тутуп, алардын айыл аймагы менен байланышкан үмүттөрүн, максаттарын ишке ашырып, кадырбаркка, урмат-сыйга ээ болду. Кубанычбек мырзанын жетекчилиги астында көптөгөн долбоорлор ишке ашып, Май айылынын жашоочулары кубанып турчу күндөр алдыда. Кубанычбек мырзага жана анын элине аманчылык, бакубатчылык каалайбыз.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!