"Эркин-Тоо"

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: “Эки жылда бюджетибиз 20 миллиард сомго чейин өстү”

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген БАЗАРБАЕВ

Кудайберген Базарбаев менен алгач маектешип, таанышканыма толук 10 жыл болду. Анда Социалдык жактан коргоо министрлигинин “эки тизгин, бир чылбырын” жаңыдан колго алган кези эле. Ортодогу он жыл аралыгында каарманым кандай кызматта же кай учурда болбосун жөнөкөйлүк жүрүшүнөн жазбады. Мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, опол тоодой тажрыйба күттү. Кудайберген мырзага байланышкан дал ушундай айныгыс фактыны бүгүн эч ким жокко чыгара албаса керек…

— Кудайберген мырза, ушул күндөрү эмгекке жарамдуу жаштарыбыз тээ Англия, Корея сыяктуу өлкөлөргө иштеп келишке күн сайын агылышууда. Ал эми өлкөбүздүн ичинде азыр чөп тартканга, курулушта иштегенге балдар жетишсиз. Ишке жарамдуу жаштарыбызды чет өлкөлөргө “дүңүнөн” кетирип жиберип, өзүбүз алакан жайып отуруп калбайбызбы?

— Президентибиз Садыр Нургожоевич өлкө башчылыгына келээрде “мен сыртка чыгып кеткен жарандарыбыздын бардыгын кайра чогултуп, өлкөбүзгө алып келем” деп так айтканы бар. Биз Орусияга өзүбүздүн атайын борборду ачканбыз. Бүгүн Орусиядагы миңдеген мекендештерибиз кайрадан Кыргызстанга кайтып келип жатышат. Учурда ал жактагы эмгек мигранттарыбыздын саны баштагыдан азайды. Биз Кыргызстанга кайтышкан мигранттарыбызга жаңы кесип, жумуш орунун сунуштайбыз. Соңку 2 жылда жеңил өнөр-жай тармагыбызда бир топ заманбап жаңы фабрикаларыбыз курулду. Ошондой фабрикаларыбыздын ичинде 60% жумушчу күчтөрү бар да, калган пайызы бош болуп турат. Бул бош орундарга жумушчулар талап кылынат. Бүгүн өлкөбүздө жумушсуздук деген сөз жок. Тескерисинче, бизге жумушчу күчтөр жетишпей жатат. Ошол эле маалда сыртка чыгууну каалаган эмгекке жарамдууларыбыздын саны өтө көп. Анткени, азыр жаштардын көбү сыртка чыгып, дүйнө жүзүн көргүлөрү келип, аны менен катар аз убакыт ичинде материалдык жактан бутка турууну каалашат экен. Мындай учурда жарандарыбыз ар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга кабылып, укуктары бузулбасын деген максатта бийлик тарабынан кошумча шарттарды түзүп берип жатабыз. Ушул күндөргө карай биздин министрлик Япония, Түштүк Корея, Германия, Улуу Британия өлкөлөрү менен эки тараптуу келишим түздүк. Натыйжада “Кыргызстанда иштебейм, чет өлкөгө чыгып иштегенди самайм” деген каалоосу күч жарандарыбызга колдон келген шарттарды түзүп берип жатабыз.

— Иштейм деп сыртка чыгып кеткен жаштарыбыздын саны канчага чамалады?

— Алардын саны өтө деле айасманды чапчыган көлөмгө жеткен жок. Анткени, буга чейин бизди өнүккөн өлкөлөрдүн бири да азыркыдай деңгээлде күткөн деле эмес. Өнүккөн өлкөлөргө жарандарыбыз ар кандай бөгөттөрдөн улам дээрлик барчу эмес. Ошол эле Улуу Британияга келишимдик негизде 4000 жараныбызды убактылуу айыл чарба иштерине 6 айлык мөөнөткө гана жөнөттүк. Ал жактын туруктуу жумушуна барыш үчүн ири алды тилди билиши керек. Түштүк Корея өлкөсү менен бизде 2 келишим бар. Биринчиси, биздин жарандарыбыз бул жактан 4 айлык алардын тилин окушат. Андан соң тест тапшырып, сынактан өткөндөн кийин гана 4 жыл, 9 айлык мөөнөткө келишимдик негиз менен жумушка барышат. Ал жерден көбүнчө биздикилер завод-фабрикаларда иштешет. Жакында өлкөбүзгө Түштүк Кореянын Эмгек министри келип кетти. Аны менен жарандарыбыз Түштүк Кореяга тилди билишпесе деле айыл чарба иштерине барып иштеп келүү жагын сүйлөшүп, келишим түзгөнгө жетиштик. Соңку статистика боюнча 5 миңге жакын жараныбыз Түштүк Кореяга барып иштеп келишти.

— Германияга агылгандардын саны деле көп болуп жатабы?

— Германияга барып иштеш үчүн сөзсүз тилди билүү абзел. Ал жакка барып иштегенди каалагандарга тил үйрөнүү маселесин көтөрүп, окутуп жатабыз. Немистердин өлкөсүндө улгайып калган адамдарды кароого эмгек күчү керектелет экен. Көбүнчө медайымдарга суроо-талап күч. Алар карыкартаңдарды багышат. Азыр Германияга 300 кишини кетирүүгө келишимибиз бар. Ошону жакында ишке ашырабыз. Япония менен деле ушундай абал. Аларда да улгайып калган карыларды кароого күч керек. Ал эми АКШ боюнча абал такыр бөлөк. Океандын ары жагына биздин жарандарыбыз өз жолдору менен барып, Трак айдап, иштеп жүрүшөт. Расмий маалымат боюнча бүгүн АКШда 40 миңге чукул жараныбыз жашап, эмгектенишүүдө. Баштагы сенин сурооңдо айтылгандай жаштарыбызды сыртка жөнөтүп салалы деген ой жок. Акыркы убакта Россиядан келишкен мекендештерибиздин саны жогоруда мен баса белгилеп айткан өнүккөн өлкөлөргө кетишкен мигранттарыбыздын санынан оголе көп. Ошол эле Орусиядан келишкен мекендештерибиздин арасында чет жакта иштегендей өз өлкөсүндө иштешпейт. Негедир башкача түшүнүк калыптанып калат экен.

— Сырттагы инфляция, баалардын ыксыз өсүшү сиздер чегерген социалдык төлөмдөрдү “колдон жулуп” кетүүдө. Бул жаатта сиздердин план кандай?

— 2020-жылы биздин министрликтин бюджети 10 миллиард сом болгон. Бүгүнкү биздин бюджетибиздин көлөмү 20 миллиард сомду түздү. Эки жылдын ичинде биздин бюджетибиздин көлөмү 100%га өстү. Буга чейин майыптуулук маселеси көп каралбай калган. Учурда өлкөбүздө 205 миң майып бар. Мунун ичинен 120 миң майыпка пенсия, калган 85 миң майыпка пособия беребиз. Көптөгөн жылдар бою пособиянын өлчөмү каралбай келген. Президентибиз Садыр Нургожоевич пособиянын көлөмүн кескин түрдө көтөрүп, бүгүн 1-топтогу майып 8000, экинчи топтогу майыптыгы бар жарандарыбыз 6000, үчүнчү топтогулар 4000 сом алат. Ошол эле учурда экинчи жана үчүнчү топтогу майыптар кошумча эмгекке иштөөгө укуктары бар. Мындан сырткары өзүн-өзү тейлей албаган оор абалдагы майып балдарды энеси өмүр бою жанынан чыгарбай карап, тамак-ашын берип, иштей албай калат. Биз мындай катмардагыларды “персоналдуу ассистент” деп атап, аларга да “баласы 18 жашка чыкканча маяна төлөнсүн” дегенбиз. Бирок, Президентибиз оор абалдагы мындай балдар 18 жаштан кийин да жакшы боло албасын айтып, “18 жашка чейин гана төлөнсүн” деген норманы алды. Учурда биздин каттоодо 13000 персоналдуу ассистентибиз бар. Аларга биз 8000 сом өлчөмүндөгү маянасын төлөп беребиз.

— Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин тарыхында эки ирет министр болгон сиз эле болушуңуз керек. Бир тармакка экинчи ирет келип башкаруу сизге жетекчи, саясатчы катары эмне берди?

— Мамлекет, өкмөт берген билимди мен акыры кайтарып беришим керек. Мен бул тармакта көптөгөн жылдар бою иштедим. Биринчи ирет министр болгонумда үч жарым жыл социалдык тармакты башкардым. Соңунда өз каалоом менен кызматтан кеткем. Буйрук экен, мындан туура 2 жыл мурун Садыр Нургожоевич министрликти сунуштап калды. Ойлонуп, макулдугумду бердим. Азыр Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен коомго жаңы ыкма катары “социалдык келишим” долбоорун ачтык. Мындай иш-аракет буга чейин болгон эмес. Тагыраагы, убактылуу, кыйын абалга түшүп калган үй-бүлөлөргө биз бир жолу кайтарымсыз жүз миң сомдон берип жатабыз. Эң биринчи ар бир райондон жалпы 50 үй-бүлөгө бергенбиз. Азыр кошулуп отуруп 2 жылдын ичинде он үч миңге чукул үй-бүлөгө бердик. Башында каражатты алышкан үй-бүлөлөргө карата булар акчаны алып алышып, насыя төлөп же карыздарына берип коюшат деген коркунуч, санаркоодо болгонбуз. Кудай буюрса, каражатты алган жарандарыбыз акчаны 100% максаттуу пайдаланышып, жашоотурмуштарын жакшыртуу аракетинде десек болот.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№60 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-июлу

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!